Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:53

"Абактагы балам согушта экен". "Вагнердин" торуна түшкөн кыргыз жарандары


Украина. Сүрөттүн макалага тиешеси жок.
Украина. Сүрөттүн макалага тиешеси жок.

Орусияда "тоноо", "зордуктоого" айыпталып, тогуз жылга соттолгон кыргызстандык жигит "Вагнер" жеке аскердик компаниясы аркылуу согушка кеткени ачыкка чыкты. Жакындарынын айтымында, бир үй-бүлөнүн жалгыз уулу, 30 жаштагы Аманбол Украинадагы кан күйгөн кармашка кеткенине үч ай болгон.

Ош облусунун тургуну Аманбол (аты белгилүү себептерден өзгөртүлдү) 2014-жылы "тоноо", "зордуктоого" айыпталып тогуз жылга соттолгон экен. Апасы Саламат баласы бейкүнөө соттолуп кеткенин, кылмыш болгон учурда ал Кыргызстанда жүргөнүн айтып берди.

Ал акыркы бир жарым жылда уулун Кыргызстанга экстрадициялоо маселеси чечилбей, акыры Орусиядагы "Вагнер" компаниясынын кылтагына илинип, Украинадагы согушка кеткенин белгиледи. Аманболдун согушка тартылганына үч айдын жүзү болуптур.

Энеси үчүн бул убакыт бир кылымга тете болуп, уулунун эсен-соо кайтышын күн сайын тилеп отурат. Бирок ушул тапта уулу Украинанын кайсы аймагында жүргөнү белгисиз.

"Балам менен сүйлөшүп жатам, Украинага алып кетиптир, үч ай болду. "Вагнерден" келип буларды азгырып кетиптир да. Кыргызстанга котором деп канча аракет кылдым, канча кишиге кирдим, мен какпаган эшик калган жок. Төрт-беш жылдан бери бейкүнөө отурган балам акыры түңүлдү да. 2014-жылы 6-майда Орусияда болгон окуяга баламды күнөөлөп жатышат. Менин балам 30-майда гана Москвага барган. Чек арадан өткөн убактыларын көрсөтсөм да эске алышкан жок. Акыры "канча акчаңыз кетти, өлсөм ушул жерде деле өлүп калам. Ажал жетпесе ошол жерден деле өлбөй келем, болду кыйналбаңыз" деп кетип калды. Жалгыз балам, бир уул, бир кызым эле бар. Ошонун айынан стресс, депрессия болуп отурам. Кайсыл жерде экенин айтпайт экен. "Жакшы элемин" дейт. Ашпозчу болуп жатыптыр, согуш талаасына чыкпайм дейт, бирок формачан жүрүшөт экен. Өткөн аптада эле видеозвонок кылып сүйлөштүк", - деди Саламат апа.

Аманбол бир үйдүн ишенген жалгыз эркеги, Кыргызстандын жараны. Ар жолу чалганда "аз калды, чыдаңыз" деп апасын тынчтандырат. Украинага жөнөп жатканда алардын тобунда 150 киши бар экенин, арасында кыргыздар да болгонун айткан. "Вагнер" аркылуу кеткендер алты айлык келишимге кол коюшкан. Ага ылайык, ушул мөөнөт бүткөнгө чейин согуштан кете албайт.

Аманбол "Вагнер" менен келишим түзгөндө апасына ишеним кат таштап кеткен.

"Биринчи айларда 100 миңден [рубль - ред]) берди. Кечээги айда 183 миң берди. Бара-бара көбөйө берет экен. Алты айга алып кеткен. Булар алдын ала ырайым сурап жазышыптыр. Ал кабыл алыныптыр. "Вагнер" деле Кыргызстанга барганда 10 жылга соттолосуңар деп билет экен. Аскер билетиңер болот келгенде, Орусиянын жаранын алам десеңер да берилет деп алып кетиптир", - деди ошол күндү күткөн Салтанат апа.

  • Украинада орус армиясы жаз айларында оор жоготууларга учурагандан кийин “Вагнер” (“ЧВК Вагнер” же "Вагнердин" жеке аскердик компаниясы) – компаниясы абакта жаткандарды өз катарына кошуп, согушка жөнөтө баштаганы белгилүү болгон.
  • “Вагнер” компаниясы бейрасмий аскердик түзүм. Анын жалданма аскерлери Украинада, Сирияда жана Африка өлкөлөрүндө жүргөнү тууралуу маалыматтар байма-бай чыгып келет. "Вагнерчилер" бир катар аскердик кылмыштарга айыпталган.
  • 27-январда АКШ “Вагнерди” транс-улуттук кылмыштуу уюмдардын тизмесине киргизип, Орусиядагы компаниянын өкүлдөрүнө жаңы санкция салды.

Орусияда кесилген кыргызстандыктарды да "Вагнер" аркылуу Украинадагы согушка тартылып жаткан учурлар ырасталууда. Балдарынын майданда каза болгону тууралуу "кара кагазды" WhatsApp аркылуу алып, сөөгүн табууга юристтерден жардам сураган ата-энелер бар.

22-январда Орусияда абакта отурган кыргызстандык 30 жаштагы Аян Алишеров Украинадагы согуштан каза тапканы белгилүү болгон.

Маркумдун апасы Рахатай Абдивалиева уулунун Украинадагы урушка кандай жол менен кеткени табышмак экенин айткан. Жакындарына келген "кара кагаздагы" маалыматка ылайык, Аян Алишеров Украинанын Бахмут (Артемск) шаарына жакын жерде былтыр 24-ноябрда мерт болгон.

Орусияда жазага тартылган кыргызстандык канча мигрант мындай окуяга кабылганы белгисиз.

WhatsApp аркылуу мындай "кара кагаз" башка ата-энелерге дагы келе баштаганын Орусиядагы кыргыздарга укуктук жактан жардам көрсөтүп келе жаткан адвокат, укук коргоочу Гулиза Акматсияева "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, айрымдар баласынын согушта өлгөнүн угуп, сөөгүн издөөгө жардам сурап кайрылууда.

Юрист Гулиза Акматсияева
Юрист Гулиза Акматсияева

"Кыргызстанга чыга албай жатам деп кайрылгандар болгон жок. Балдарыбыз Орусияда түрмөдө отурат эле, азыр таппай жатабыз, сөөгүн кантип алып келиш керек деген кайрылуулар болду. Аларга түз жардам бере албайм, жөн гана элчиликке кайрылгыла деп кеңеш айтым. Алардын жакындары Украинага кеткендерин билишпейт экен. Телефондоруна "баатырларча курман болду" деп көнүл айткан билдирүүлөрдү алышкан экен. Аны менен кошо өлгөндүгү тууралуу күбөлүгүнүн сүрөтүн жиберишиптир".


Ушундай кабарлардан улам жакындары Орусиянын түрмөлөрүндө отурган ата-энелер тынчсыздана баштады. Ширин Ираеванын көкүрөк күчүгү орус жергесинде маңзат ташууга айыпталып 10 жылга камалып кетет. Аны Кыргызстанга которулат деп күтүп жатышат. Экстрадициянын мөөнөтү кечеңдеген сайын жакындары ар кандай күдүк ойлорго түшүп, санаа тартып отурушат.

"Менин балам Татарстанда абакта жатат. Ал жакка кандайдыр бир адамдар келип, макул болгондорду Украинага алып кетиптир. Ошондо ноябрда соту боло турган баткендик Замир деген бала кой дегенге болбой, "алты айдан кийин бошойт экенмин, андай болот экен, мындай болот экен" деп өз ыктыяры менен жазылып Украинага кеткен экен. Бир ай өтпөй каза болуп калды. Ошондо менин балам менен чогуу отурган эки бала жазылган экен. Бири Украинага жөнөтүү боюнча комиссиядан өтпөй калыптыр. Алар күчтөп алып кетпейт экен, өз ыктыяры менен жазылып кетип жатышат. Балким акчалай жардам беребиз дешкендир. Ошондуктан балдары бир ай байланышка чыкпай калса эле коркуп, тынчсызданып жатышат. Балдардын тагдыры талкаланды. Жапжаш балдар абакта отурат. Менин балам деле пандемияда иш жок учурунда курьерликке ишке кирип, ошол эле күнү кармалып калыптыр", - деди Ширин Ираева.

Орусиядагы абактарда отуруп, Украинага согушка жөнөтүлгөн кыргызстандыктардын маселеси 1-февралда Жогорку Кеңеште көтөрүлдү. Парламент депутаты Мейкинбек Абдалиев парламенттин жыйынында кыргызстандык жарандар “ал конфликтке эч кандай тиешеси болбошу керек” экенин белгилеп, тийиштүү мекемелерге парламенттин атынан протоколдук тапшырма берүүнү сунуш кылды:

“Биздин жараныбыз Аян Алишеров Орусияда түрмөгө камалып, үч жыл болуптур отурганына. Бирок жакында анын сөөгүн Луганскиден алып келишти. Орусиянын түрмөсүндө отурган биздин жаран кантип Украина менен Орусиянын ортосундагы согушта пайда болуп, ошол жерден сөөгү келди? Биздин тийиштүү органдар, элчилик, консулдук ушуну иликтеп бериңиздер, ал өз каалоосу менен кеткенби же мажбурлап алып кетишкенби? Мыйзам боюнча андай болбошу керек. Аян Алишеров Ноокен районунун Шалка деген айылынан болот, биз аны тааныйбыз”.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Москвадагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына караганда, Орусияда 2 миңдей кыргыз жараны камакта отурат, алардын 30% аялдар.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев 31-январда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында Орусиянын түзөтүү жайларында жаза мөөнөтүн өтөп жаткан кыргызстандыктардын маселесине токтолуп, 2022-жылы алтымыштай кишини Орусия менен Казакстандын абактарынан жаза мөөнөтүн Кыргызстанда өтөө үчүн которуп келишкенин айтты.

Курманкул Зулушев
Курманкул Зулушев

"Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, ушул тапта Орусиянын 79 субъектинде жайгашкан түзөтүү мекемелеринде Кыргызстандын 1077 жараны жазасын өтөп жатат. Эркиндигинен ажыратууга соттолгондорду мындан ары жазасын өтөө үчүн Кыргызстанга алып келүү маселеси талкууланууда", - деди Зулушев.

Өткөн жылы жай айында орусиялык армиянын катарына кошулган эки кыргыз жараны - Аманбек Курбанбаев жана Руслан Полотов Украинада окко учканы белгилүү болгон.

Андан тышкары Кыргызстанда төрөлүп, кийин Орусиянын жарандыгын алган бир нече аскердин сөөгү кичи мекенине жеткирилген.

Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренесинде чет өлкөлөрдөгү согуштарга же аскердик чыр-чатактарга чакыруу, уюштуруу, каржылоо, азгыруу иштери же ага жалданма катары катышканы үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган.

Муну кыргыз бийлиги буга чейин бир нече жолу билдирип, өз жарандарын башка өлкөдөгү согушка же аскердик конфликттерге катышпоого чакырган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG