Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Январь, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:18

Украина: Кыргыз жараны согушка катышкан деген шек менен кармалды


Иллюстрация. Сүрөттүн макалага тиешеси жок.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Украинада согушка катышкан деген негизде кыргыз жараны кармалганын кабарлады.

Расмий маалыматта кылмышка шектүү Украинага көчүп барып, анын аскердик топторуна кошулуп согушканы үчүн кармалганы айтылат. Анын кандайча Украинага барып, жалданма топторго кошулганы жана кандай жагдайда кармалганы белгисиз.

Коомчулукта Орусиянын армиясында, анын "Вагнер" сыяктуу топторунда кызмат өтөп, согушуп жүргөн кыргызстандыктар бар экени, бирок аларды жоопко тартуу маселеси каралбай жатканы айтылууда.

УКМКнын басма сөз кызматы тараткан учкай маалыматта сөз болуп жаткан жигит тиешелүү ыкчам-иш-чаралардын натыйжасында кармалганы көрсөтүлүп, бирок кандай жагдайда жана кайсы жерден колго түшкөнү жазылган эмес.

"2023-жылдын 11-январында Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылышууга катышуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында К.у.А. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча чаралар көрүлүп жатат", - деген маалымат гана айтылган атайын кызматтын билдирүүсүндө.

Мекеме кармалган адамдын сүрөттөрүн жарыялады. Анда аскер кийимчен жаш жигит тартылган.

Украинада согушка катышкан деген негизде кармалган кыргыз жараны. УКМК тараткан сүрөт. 12-январь, 2023-жыл.
Украинада согушка катышкан деген негизде кармалган кыргыз жараны. УКМК тараткан сүрөт. 12-январь, 2023-жыл.

Кылмыш-жазык кодексинин 375-беренесинде чет өлкөлөрдөгү согуштарга же аскердик чыр-чатактарга чакыруу, уюштуруу, каржылоо, азгыруу жана же ага жалданма катары катышканы үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган. Муну кыргыз бийлиги буга чейин бир нече жолу билдирип, өз жарандарын башка өлкөдөгү согушка же аскердик конфликттерге катышпоого чакырган.

УКМК төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков жаран жалданма болуп, бирок кийин башка жарандык алып алган учурда дагы жоопко тартыла турганын эскертти:

"Эгерде кыргыз жараны жалданма болуп ал жакка барып, анда согушка катышып жаткан соң адам өлтүрүүгө аралашат да. Бирок жоопкерчиликтен качуу үчүн барган жактын жарандыгын алып алган болсо деле кылмыш жообунан кутулуп кете албайт. Анын ага чейинки жагдайлары териштирилет. Болбосо, бардыгы эле согушка жалданып барып алып, анан ал жактан чет элдик жарандыкты алып алып, жоопкерчиликтен качып кете беришпейби. Биздин жаран болуп туруп, согушкан күчтөрдүн бир тарабында согушуп жүрсө, анан албетте, жазага тартылат. Биздин жарандык бар же башка жарандык алган кыргызстандыктар бир жылдан бери Украинада бир топ болуп жүрүшпөйбү. Ошондой эле Орусия тарапта дагы биздин жарандар согушуп жатышат. Алардын айрымдарынын кыргыз жарандыгы болуп, келишимдик негизде барса, кээ бирлеринин орус жарандыгы болгону үчүн чакырылган. Эгерде алар бул жакка келип калса, анда алардын жоопкерчилиги кимиси кайсы тарапта болбосун каралышы керек".


Былтыр февралда Орусия Украинага кол салган аскердик конфликтке кыргызстандык айрым жарандардын катышып жүргөнү буга чейин айтылган болчу. Былтыр майда Улуттук коопсуздук комитети Украинадагы согушка катышкан деген негизде кыргызстандык жаранга кылмыш ишин козгоду. Шектүү Украинада убактылуу иштеп жүргөн жигит болуп чыккан. Ал Орусия Украинага кол салгандан кийин аймактык коргонуу күчтөрүнө кошулганы айтылган болчу. Кийинчерээк интернетте өзүн кыргызстандыкмын деп тааныштырган адам украин тарапта согушуп жатканын жарыялаган.

"Прогресс" коомдук фондунун жетекчиси Адил Турдугулов Кыргызстандын күч түзүмдөрү буга чейин Орусиянын тарабында согушка катышып жүргөндөргө чара көрбөй жатканына токтолду:

"Биздин маалыматтар боюнча Орусия тарапта эл аралык коомчулук тааныбаган Донбасстагы "республикалардын" аскердик кошуундарынын курамында жүргөндөр бар. Ошондой эле "Вагнер" сыяктуу жеке аскердик компания аркылуу жалданма болуп, согушка тартылгандар боюнча дагы маалыматтар чыккан. Биздин мигранттар ошондой жакка тартылганы тууралуу маалыматтар жарыяланган. Биздин күч түзүмдөр ошолорду жоопко тартса да жеңил болмок. Бирок биздин укук коргоо органдар аларга көз жумуп, бир эле Украина тарапта жүргөн айрым жарандарды аңдып жатканы түшүнүксүз. Мыйзам бардыгына бирдей болушу керек. Мунун бардыгы Орусия тараптын басымы аркылуу жүрүп жатышы мүмкүн".

Мурун айрым кыргызстандыктар Орусиянын армиясында Украинадагы согушка катышып, ал жактан окко учуп, сөөгү мекенине жеткирилген учурлар катталган.


Алар орус жарандыгын мурда алганы же жалданма катары келишимдик негизде согушка тартылганы териштирилип, аныкталган эмес.

Отставкадагы полковник Болот Шамырканов расмий Бишкек буга калыс позицияны кармангандыктан, эки тарапта тең согушкан кыргыз жарандарынын жоопкерчилиги карала турганын белгиледи:

"Кылмыш-жазык кодекси боюнча кайсы тарапта согушуп жүргөнүнө карабай, жоопко тартылары мыйзамда так жазылган. Анда тандалма болушу мүмкүн эмес. Биздин президент деле, өкмөт деле, ошол эле УКМК деле согушкан тараптардын бир жагына дагы катышпагыла деген эскертүү берген да. Ошол эскертүү аткарылышы керек".

Быйыл 21-сентябрда кыргыз парламентинде кош жарандыгы бар кыргызстандыктар дагы мобилизацияга тартылары, ошондуктан аларды коргоп калуу маселеси көтөрүлгөн. Москвадагы кыргыз элчилиги Орусиядагы мигранттар башка жактагы согуштук аракеттерге жана куралдуу кагылыштарга катышса, жоопко тартыларын эскерткен. Эгер Орусиядагы кыргыз жарандарына согушка катышууга чакыруу келсе, дароо элчиликке кайрылуу сунушталган.

Орусиянын армиясында кызмат өтөө үчүн келишим түзгөн чет өлкөлүктөргө орус жарандыгын жөнөкөй жол менен берүү мыйзамы кабыл алынган.

Буга чейин Украинадагы согушка орус армиясынын катарында барган эки кыргыз жараны, орус жарандыгын алган бир нече кыргызстандык набыт болуп, алардын сөөгү Кыргызстанда жерге берилген. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Украина боюнча нейтралдуу позициясын улам кайталап, жарыялап келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG