Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:20

Кремль Пригожинди ордуна коё алабы?


"Вагнер" менчик аскер компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожин Санкт-Петербурдагы көрүстөндө, 24-декабрь, 2022-жыл.
"Вагнер" менчик аскер компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожин Санкт-Петербурдагы көрүстөндө, 24-декабрь, 2022-жыл.

13-январда Орусиянын Коргоо министрлиги Донецк облусундагы туз шахталарына бай Соледар шаарын орус күчтөрү толук ээлегенин жарыялады. Согушту иликтеген америкалык институт чындап эле шаар орустардын колуна өткөн болушу мүмкүн экенин белгилейт.

CNN телеканалы майданда жүргөн журналисттерине таянып, украин аскерлери чегингенин кабарлады. Киев болсо Москванын билдирүүсүн четке кагып, Соледар үчүн кармаш уланып жатканын билдирди.

Соледар үчүн апталап созулган кармашта Орусиянын жалданма аскерлери - "Вагнердин" менчик аскердик компаниясынын ("Вагнер" МАК) жоочулары негизги кыймылдаткыч күч болгонун Москва да мойнуна алды.

Жума күнү Орусиянын Коргоо министрлиги Соледарга чабуулду "орус күчтөрүнүн ар кыл топтору" койгонун, бирок "шаардын кварталдарын курчоого алуу "Вагнердин" атайын отряддарынын ыктыярчыларынын "тайманбас жана каарман эрдиги менен ийгиликтүү ишке ашканын" билдирди.

Андан бир нече саат мурун министрлик орус авиациясынын, артиллериясынын, ракеталык жана аба-десанттык күчтөрүнүн "жашыруун маневрларынын" аркасында Соледар алынганын жарыялаган.

Коргоо министрлигинин мындай билдирүүсүнө "Вагнер" компаниясынын жетекчиси Евгений Пригожин анын жалданма күчтөрүнүн "жеңишин такай эле уурдап алууга умтулушарын" айтып, аскердик жетекчиликке каш кайтарды.

Орусиянын мамлекеттик каналдары вагнерчилер шаардагы туз чыккан шахталарды ээлешкенин эки күн мурун жар салган. Тынч заманда бул жерден казылган туз 20дай өлкөгө экспорттолуп турган.

"Вагнерчилердин" Телеграм-каналына чыккан бул сүрөттө компаниянын жетекчиси Евгений Пригожин согушкерлери менен турганы жазылган.
"Вагнерчилердин" Телеграм-каналына чыккан бул сүрөттө компаниянын жетекчиси Евгений Пригожин согушкерлери менен турганы жазылган.

Орус армиясынын атын-жөнүн жашырган булагы www.rucriminal.info сайтына "вагнерчилер" Соледарда атайын тактика менен согушканын айтып берген.

"Сегиз кишиден турган топ жөнөйт. Адатта алардын төртөө бутага дароо илинет. Соледарда бир тилкени алуу үчүн кармашкан топтордун саны 14кө чейин жеткен учурлар болду. Арасында аман калганы бар, бирок бир эле тилке үчүн жүздөн ашуун киши жок болду", - деп баяндап берген.

"Ар бир топто тийиштүү позицияга баштап баруу үчүн учкучсуз аппараттардын оператору бар. Топтогу жеңил жарадар болгондор тапшырманы аткаруудан качып же жерге жатып калса аны жанындагы жолдошу эле жазалап, бутка атып же ошол жерге таштап кетиши мүмкүн", - деген аты-жөнүн жашырган булак.

Бул канчалык так экенин бышыктоо мүмкүн эмес болгону менен украин армиясынын жана согушту иликтеген уюмдардын маалыматына дал келет.

Пригожиндин орду кайда?

Орусия Украинага согуш ачканына 11 ай болду. Бул маалда Москванын “атайын операциясы” аксап калганы катуу сынга кабылган. 11-январда Кремль жогорку аскердик жетекчиликте кадрадык өзгөрүүлөрдү жасап, Валерий Герасимовду Украинадагы биргелешкен орус күчтөрүнүн башкы кол башчысы кылып дайындады.

Коргоо министрлиги муну "жетекчиликтин деңгээлин жогорулатуу жана милдеттердин масштабынын кеңейгени" менен түшүндүрдү. Мурдагы командир, таш боордугу менен таанылып, "генерал Армагеддон" деген каймана аты бар Сергей Суровикин Герасимовдун орун басары болуп, кызматтан ылдыйлады.

Эксперттер белгилегендей, согуш маалында орус армиясынын жетекчилигиндеги мындай өзгөрүү Евгений Пригожиндин тагдырына таасир этиши мүмкүн. Путиндин "ашпозчусу" деген атка конгон олигарх Украинага каршы агрессияда өзгөчө роль ойноп, жалпы орус саясатында күтүлбөгөндөй кадыр-баркка ээ болуп чыга келди. Орусиянын мамлекеттик медиасы соңку айларда "Вагнердин” негиздөөчүсүн салмактуу фигурага айлантып, дүйнөгө таанытты.

Борбордук жана Чыгыш Европа боюнча адис Иван Преображенский немистердин Deutsche welle агенттигине жазган блогунда "Кремлде кылмыштуу өтмүшү бар кишиге жеке аскердик компанияны жетектөөгө ишеним берилгени чектен чыккандык деп чечишкен шекилдүү” деп сыпаттайт. “Андыктан орус саясатында экинчи же үчүнчү тепкичке чыгып кеткен Пригожинге ордун көрсөтүп коюшкандай”, – деп жазды.

Аскердик эксперттер түшүндүргөндөй, кандай болгон күндө да кан күйгөн майданда "вагнерчилер" кесипкөй армияны алмаштыра албайт. Учурда фронтто аскердин саны эмес, курал-жарак маанилүү.

Пригожин буга чейин Башкы штабдын ишин сындап, генералдардын отставкасын гана талап кылбастан Путиндин администрациясы менен кремлчил олигархтарга дагы тил тийгизген.

Пригожин саясий партия түзүп, 2024-жылы президенттик шайлоого аттанышы да ыктымал деген кеп-сөз бар.

Акталган "вагнерчилер"

ВВС дүйнөлүк маалымат кызматынын журналисттери жана "Агентство" басылмасы Украинада согушкан "вагнерчилердин" алгачкы тобу акталганын жазып чыкты. Маалыматка караганда согушта акталгандар ууру кылып, киши өлтүрүп, маңзат сатып түрмөгө түшкөндөр. Алардын бири Дмитрий Каравайчик 2019-жылы июлда "амфетамин даярдап саткан кылмыштуу топ түзгөнү үчүн" 17 жылга катаал режимдеги колонияга кесилген.

Александр Сеутов 2020-жылы ювелирдик дүкөндөрдү тоногон кылмыштуу топ түзгөн деп айыпталып, 10 жылга кесилген. Булардан башка талап-тоноо үчүн кесилген Денис Кинев, автомобиль уурдаган Станислав Усачёв, бир нече жолу соттолгондор жана алардын арасындагы киши өлтүргөн Анатолий Сальминди журналисттер аныкташкан.

5-январда Пригожин "Вагнер" орус абактарынан Украинадагы согушка жалдагандардын биринчи тобунун жоочуларынын жарым жылдык келишими аяктаганын жарыялаган. Алардын соттуулугу жоюлганын дагы айткан.

РИА "Новости" агенттиги "Вагнерге" шилтеме берип, 20дай киши акталганын жазды. Бирок мындай чечимдин юридикалык негиздемеси белгисиз. Акталган "вагнерчилердин" аты-жөнү жана эмне кылмыш кылганы үчүн жазага тартылганы айтылбайт. РИА "Новости" Пригожин камуфляж кийген кишилердин колун кысып, "келишимди аткарганы" менен куттуктап жаткан видеосун да жарыялады.

Вашингтондун эскертүүсү

АКШнын мамлекеттик катчысынын атайын тапшырмалар боюнча кеңешчиси Дерек Шолле Сербиянын президенти Александр Вучич менен жолукканда Орусиянын “Вагнер” компаниясы Сербиядан жана башка өлкөлөрдөн жарандарды жалданма топко азгырып жатканына тынчсыздануусун билдирди.

“Вагнер тобу” Сербиядан жана башка өлкөлөрдөн жалданма жоокерлерди азгырууга аракет кылып жатканына күбө болдук жана биз буга жол берилбеши керек деп эсептейбиз”, - деди Шолле жолугушуудан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.

Кремлдин пропагандисттик RT каналы жакында серб тилинде жаңылыктар сайтын ачып, “Вагнердин” катарына чакырган жарнамаларды жарыялаган. Жарнамада "вагнерчилер" “татыктуу акы" алары айтылат.

Вашингтондун өкүлү белгилегендей, "Вагнер" тобу «Ливия, Борбордук Африка Республикасы же Украина болсун, киши кылбаган нерселерди жасаганы ачыкка чыккан».

АКШ "Вагнер" тобун жана анын негиздөөчүсү Пригожинди "кара тизмеге" киргизсе, жакында Вашингтон вагнерчилердин курал-жаракка алуусуна бөгөт койгон кошумча чектөөлөрдү кабыл алды.

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG