Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:46

Украина БУУда “тынчтык саммитин” өткөрүүнү пландоодо


Украинанын президенти Владимир Зеленский видеобайланыш аркылуу БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында сүйлөп жатат. Киев, 24-август, 2022-жыл
Украинанын президенти Владимир Зеленский видеобайланыш аркылуу БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында сүйлөп жатат. Киев, 24-август, 2022-жыл

Киев 24-февралда – Орусиянын басып киргенинин бир жылдыгында БУУнун баш кеңсесинде “тынчтык саммитин” өткөргөнү жатат. Идея Украинанын президенти Владимир Зеленскийге таандык экенин өлкөнүн Түркиядагы элчиси Василий Боднар Anadolu агенттигине курган маегинде билдирди.

Январдын башында БУУнун өкүлдөрү "тынчтык саммитин" өткөрүүгө даярдык жоктугун белгилешкен.

Дипломаттын айтымында, Украина тынчтык орнотууга даяр жана Зеленский буга чейин Киев кандай шартта тынчтык келишимине макул болору тууралуу он принципти түзгөн.

Зеленский сунуштаган 10 кадамдык тынчтык формуласы коомчулукка жарыялана элек.

Буга чейин БУУда Украинанын президенти Орусияга каршы трибунал түзүү, Киевге согуш үчүн компенсация төлөп берүү, Батыш өлкөлөрүнөн Киевге каржылык жана аскердик колдоо, орусиялык ресурстарга бааны чектөө жана чек араны калыбына келтирүү принциптерин айткан. Москва мындай шарттарга даяр эмес экенин билдирген.

Орусия 2022-жылдын 24-февралында Украинага басып кирген. Москва "атайын операция" деп атаган согуштан улам дээрлик 12 миллион украиналык бозгунга айланды. БУУнун маалыматына ылайык, 2022-жылдын декабрына карата Украинанын 6702 жараны каза болгон, анын ичинде 424ү балдар. Уюм бул маалыматтар толук эмес болушу мүмкүндүгүн белгилейт.

Эки тарап миңдеген аскеринен ажырады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG