Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:33

Кыргызстанда бир айлык жашоо минимуму 7 миң сомдон ашты


Иллюстрациялык сүрөт. (Кыргызстан)
Иллюстрациялык сүрөт. (Кыргызстан)

Улуттук статистика комитетинин атайын отчетунда 2022-жылдын эсеби боюнча, Кыргызстанда бир айлык жашоо минимуму 7178 сом деп белгиленди.

2021-жылга салыштырмалуу жашоо минимуму 14,5% кымбаттаган. Ишке жарамдуу калктын жашоо минимуму 8025 сом, пенсия курагындагылардыкы 6 395 сом, балдардыкы 6090 сом суммасында аныкталды.

"Жашоо минимуму эң жогорку аймак Жалал-Абад облусу, бир киши айына орто эсеп менен 7731 сомго жашайт, эң төмөнкү сумма Таласта катталып, 6731 сом болгон. Жашоо минимумуна кеткен каражаттын 65% тамак-ашка, 17% тейлөө кызматына, 2% салыктарга жана 16% башка нерселерге коройт", - деп билдирди Статком.

Жашоо минимуму – адамдын күнүмдүк жашоо-тиричилигине жетиштүү азык-түлүк менен тейлөөнүн минималдуу наркын камтыган көрсөткүч.

Улуттук статистика комитетинин апрелдеги эсеби боюнча, 2022-жылдын биринчи кварталында кыргызстандык бир кишинин жан сактай турган минималдык каражаты 6813 сомду түзүп, бул өткөн 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 16,7% көп экени кабарланган.

Ага чейин Дүйнөлүк банктын баяндамасында Украинадагы согуш жана Орусияга салынган санкциялар бүтүндөй дүйнөнүн экономикасына сокку уруп жатканы, Европа менен Борбор Азиянын жаңы ирденип келаткан мамлекеттерине эки эсе катуу таасир берери белгиленген. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG