Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:05

Ошто келин үч баласы менен иске ууланып каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаарындагы Жапалак айыл аймагында 1990-жылы төрөлгөн келин үч баласы менен иске ууланып каза болду.

Бул тууралуу "Азаттыкка" Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.

"11-январда түштөн кийин маалымат келди, анда Жапалак айыл аймагындагы Качыбек айылына жакын жайгашкан Чек тилкесинин тургуну - 1990-жылы төрөлгөн Мунира Бактыбек кызы жана анын 2013, 2014, 2019-жылы төрөлгөн бир кыз, эки уулу иске ууланганын кабарлашты. Окуяны тактаганда жаңы салынган үй экени белгилүү болду, мешти үй ичине жайгаштырып, мору сыртына коюлуптур", - деди Сыдыков.

Окуя болгон маалда келиндин күйөөсү жумушка кеткен.

Буга чейин 4-январда Бишкекте жана Сузакта бирден киши иске ууланып каза тапкан. 30-декабрда Кадамжайда бир үй-бүлөнүн алты мүчөсү истен кайтыш болгон.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аймактарда өрт, үйдү жылытуу коопсуздугун сактоого байланыштуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, эскертүү берип келет. (BCh)

XS
SM
MD
LG