Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:09

Сот жана укук коргоо органдарына нааразылык көп экени кабарланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өткөн жылы сот жана укук коргоо органдарынын ишине даттангандар көп болду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы 12-январда кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2022-жылы президенттик администрацияга жарандардан жалпы 19 844 кайрылуу түшкөн. Алардын үчтөн бирин сот жана укук коргоо органдарынын ишине нааразы болгондор жиберген.

Соттордун жана күч органдарынын дарегине сын Жогорку Кеңеште да айтылып келет. Депутаттар камалган жарандардын иши жылдап созулуп, тергөө убагында жүрбөй жатканын бир нече жолу көтөрүшкөн.

Президент Садыр Жапаров былтыр август айында бул тармактагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн соттордун ишин баалоо институтун түзүү ниетин билдирген.

Кыргызстанда милициясын реформалоо демилгеси башталганына 25 жылга чамалады. Бирок андан майнап чыкпай, Кыргызстан полициялык өлкөгө айланып баратканы айтылып келет. (BCh)

XS
SM
MD
LG