Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:58

Кытай Кабулдагы кол салууну айыптады


11-январдагы жардыруудан кийин тартылган сүрөт.
11-январдагы жардыруудан кийин тартылган сүрөт.

Ооганстандын баш калаасында Тышкы иштер министрлигинин имаратынын кире беришиндеги жардырууга жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу өзүнө алды.

Согушчан топтун Amaq маалымат агенттиги кабарлагандай, 11-январдагы окуяда жанкечти коопсуздук жабдууларынан өтүп, өзүн күзөтчүлөрдүн ортосунда жардырган.

Сегиз адам өлүп, он киши жараат алды. Бул күнү Кытайдын делегациясы Тышкы иштер министрлигинин имаратына барышы керек эле.

Бээжин Кабулдагы кол салууну кескин айыптап, талибердин өкмөтү бардык өлкөлөрдүн жарандарын, анын ичинде кытай жарандарын коргой алат деп үмүт артарын билдирди.

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Ван Вэнбин терактта каза болгондордун арасында кытай жарандары жоктугун айтты.

Былтыр декабрда Кабулда куралчан топ кытайлык ишкерлер турган мейманкананы аткылаганда беш кытайлык жабыркаган. Андан кийин кытайлык инвесторлор Ооганстан менен кызматташуу мүмкүнчүлүгүн кайра карап чыгарын билдирген.

Ооганстанда 2021-жылдын августунда талибдер бийликти басып алган. Андан бери өлкөдө талибдер менен касташкан “Ислам мамлекети” террордук тобунун чабуулдары күчөдү.

Ооганстанда айрыкча аялдардын укугун кескин басмырлаган талибдердин бийлигин эл аралык коомчулук тааныбайт.

"Талибан" кыймылы көпчүлүк өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда да экстремисттик деп табылып, ишмердигине тыюу салынган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG