Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:27

Бишкекте жылынуу пункттарына 400дөн ашык киши кайрылды


Бишкектеги жылынуучу чатырлардын бири.
Бишкектеги жылынуучу чатырлардын бири.

Катуу суукка байланыштуу уюштурулган Бишкектеги убактылуу жылынуучу чатырларга 11-январдан бери 400дөн ашуун киши кайрылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Бишкекте ичине меш коюлуп, ысык чай берген жалпы он чатыр тигилген. Ага көчөдө суукта үшүгөн жарандар кирип жылына алышат. Свердлов районунда 208, Ленин районунда 150, Октябрь районунда 60 жана Биринчи май районунда 63 киши чатырларда жылынышты.

9-январдан бери өлкөдө суук күчүнө кирип, Бишкекте абанын температурасы күндүз -15, түнкүсүн -20 градустан төмөн болууда. Транспорт жана байланыш министрлиги зарыл иш болбосо айдоочуларга тоолуу аймактарга жолго чыкпай турууну сунуштап жатат.

Бишкек-Ош жолуна 10-январдын түнүндө көчкү түшүп, 11-январга караган таңга чейин тазаланды. Кыргызгидромет кызматы катуу суук дагы бир жумадай уланарын маалымдады. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG