Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:28

Каракалпакстан окуялары: прокурор активистти 18 жылга кесүүнү сурады


Каракалпакстанда 2022-жылдын 1-июнунда тартылган сүрөт.
Каракалпакстанда 2022-жылдын 1-июнунда тартылган сүрөт.

Өзбекстанда мамлекеттик айыптоочу Каракалпакстандагы башаламандыктарга шек саналган эки кишини – Даулетмурат Тажимуратовду 18, Лолагүл Каллыханованы 11 жылга эркинен ажыратууну сурады. Дагы 18 кишини азыраак мөөнөткө соттоону өтүндү.

Нукус шаарындагы жапырт башаламандык иши Бухара облустук сотунда өтүп жатат. Жалпысынан 22 кишиге айып тагылган.

Былтыр 1-2-июлда Каракалпакстандын борбору Нукуста жергиликтүү тургундар Өзбекстандын Конституциясынан жумурияттын суверендүүлүгү тууралуу беренени алуу сунушуна каршы чыгышкан.

Митингдер күч менен басылганда кан төгүлгөн. Өзбек бийлиги 21 киши каза тапканын, 243 адам жараат алганын кабарлаган. 500дөн ашуун киши кармалган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG