Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:12

Маданият жана искусство университетинде ректор шайлоодон кийин нааразылык чыкты


Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде ректор шайлоодон кийин нааразылык чыкты.

Декабрда жетекчилик кызматка сынак жарыяланып, талапкерлерден документ кабыл алуу 28-декабрда аяктаган.

Натыйжада алты адам, алардын үчөө ошол мекемеде иштегендер талапкер болгон. Эң көп добушту, алдын ала эсептөө боюнча, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Түмөнбай Колдошев алганы маалымдаган.

Бирок окуу жайдын жамааты сынактын талаптары жана шарттары бузулганын айтып, нааразылык билдирип чыгышты. Алар 11-январда видео кайрылуу жарыялап, жетекчи сырттан эмес, жамааттын ичинен чыккан адам болсун деген талабын айтышты.

Университеттин мурдагы ректору Мамашарип Чотонов былтыр 8-декабрда дүйнө салган. Аталган окуу жайды ал 2014 -жылдан бери башкарып келген. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG