Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:49

УКМК: Кара-Сууда айыл башчынын орун басары пара менен кармалды


УКМК окуя тууралуу жарыялаган сүрөт.
УКМК окуя тууралуу жарыялаган сүрөт.

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Кыштак айылынын башчысынын орун басары Кылмыш-жаза кодексинин “Опузалап пара алуу” беренесинин негизинде кармалганын 12-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, жер тилкесин бөлүп берүү тууралуу кабыл алынган чечимди жокко чыгарарын айтып коркуткан 35 жаштагы шектүү жергиликтүү тургундардын биринен 4 миң доллар талап кылган.

“Жүргүзүлгөн комплекстүү ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 11-январда талап кылынган акча каражатынын 86 миң сом өлчөмүндөгү бир бөлүгүн алуу учурунда кармалды”, - деп билдирди УКМК.

Айыпталып жаткан тарап азырынча комментарий же маалымат бере элек.

Дүйнөдөгү жемкорлуктун деңгээлин изилдеген Transparency International уюмунун 2021-жылдагы рейтингинде Кыргызстан 144-орунду ээлеген. Бул 2020-жылга караганда 20 баскычка начар болгон. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG