Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:02

Төрөттөн кийин каза болгон келиндин өлүмүнүн себеби иликтенүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда төрөттөн кийин каза болгон 19 жаштагы келиндин өлүмүнүн себеби иликтене баштады. Бул тууралуу бүгүн 12-январда “Азаттыкка” өлкөнүн башкы гинекологу Раиса Асылбашева билдирди.

Анын айтымында, Саламаттык сактоо министрлигинде атайын кызматтык комиссия түзүлүп, териштирүү жүрүүдө:

“Жаш келин Төрөт үйүнө 3-январда кайрылган. Баласынын да, өзүнүн да абалы жакшы болчу. 6-январда канааттандырарлык абалда үйүнө чыгарылган. Бирок 11-январда өзүн жаман сезип, жүрөгү айланып, кускусу келип, дарыгерге кайрылганда ал ооруканага жаткырылган. Андан ары ага Улуттук хирургия борборуна жолдомо берилген. Өлүмдүн так себебин айтуу азыр эрте, себеби экспертизанын жыйынтыгы чыга элек”.

Economist.kg басылмасы 2021-жылы Кыргызстанда кош бойлуу ар бир 100 миң аялдын дээрлик 25и төрөттөн каза болору тууралуу маалымат жарыялаган. 2015-жылы бул көрсөткүч 15тен жогору болбошу керек деген максат коюлган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG