Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:02

Жаңы салык саясаты: Баалуу металл, банктык сыр, оюн-зоок жайлары


Коллаж.
Коллаж.

Жыл жаңыргандан тарта Салык кодексинин салыктык жеңилдиктерди жойгон жана ставкаларды көтөргөн жети беренеси жаңыдан күчүнө кирди. Парламент кодекстин 150дөн ашуун жоболорун өзгөртүү, анын ичинде жаңыдан күчүнө кире турган талаптарынын мөөнөтүн 2024-жылга карай жылдыруу боюнча мыйзам долбоорун 2022-жыл аяктаганга чейин кабыл алып үлгүргөн жок. Мыйзам долбоору 29-декабрда биринчи окууда каралды, толук кабыл алынып, күчүнө киргенге чейин дагы бир айдан кем эмес убакыт бар.

1-январдан баштап Салык кодексинин 106, 245, 297, 336, 368, 423 жана 453-беренелери боюнча жаңы жоболор күчүнө кирди. Бул жоболорго ылайык, 2022-жылдын башынан бери каралып келген жеңилдиктер токтоп, салык көбөйөт.

Салык кодексинин жаңы жоболору:

Былтыр 12 айда тапкан пайдасы 8 млн. сомдон ашпаган жана салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутумуна өткөн "калкка товар сатып, жумуш, кызмат көрсөткөн жеке ишкерлер" салыктан бошотулган. Алар 2023-жылдын 1-январынан тарта 1% өлчөмүндө салык төлөөгө милдеттүү (423-берене, 6-пункт). Бул салыктык ставка кийинки жылдары дагы өсөт жана 2025-жылдан тартып 4-6% чейин жетет. Бул талаптарды ишке ашырууну кийинки жылдарга жылдыруу азырынча парламентте колдоо таба элек.

Кодекстин 368-беренеси боюнча сатуудан алынчу салыктын ставкасы 2023-жылдын 1-январынан тартып төмөнкүдөй өзгөрөт:

1) кошумча нарк салыгы алынчу товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдө накталай акча алгандар:

а) соода иши жана өндүрүш чөйрөсү үчүн – 1%;

б) башка иштер үчүн – 2% өлчөмүндө чегерилет.

2) ал эми кошумча нарк салыгынан бошотулган товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдө накталай акча алгандар:

а) соода иши жана өндүрүш чөйрөсү үчүн – 2% ;

б) башка иштер үчүн – 3% өлчөмүндө чегерилет.

Кошумча нарк салыгы алынчу жана андан бошотулган товарларды сатып, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү накталай эмес формада көрсөткөндөр 1-январдан тарта жалпы тартипте 1-3% чейин салык төлөй баштайт.

Жеке ишкер Нурлан турмуш-тиричиликке керектүү дүр-дүйнө саткан дүкөн иштетет. Ал салыктын көбөйгөнү кандай таасир этерин мындайча түшүндүрүп берди.

"Быйыл эч нерсе козголбойт, эмдиги жылдан баштап билинет экен, дагы узартыптыр. Азырынча эч нерсе билине элек, баары "ана-мына, эртең-бүрсүгүнү" деп отурушат. Салык көбөйсө баягы эле чынжырча боюнча биздин товардын да баасы өсөт да. Бензин сыяктуу эле бизге кошсо, биз дагы кошобуз. Очойто кошсо, тияктагылар дагы кошулат. Мисалы, эт көтөрүлүп кетти эле эмне болду? Ошондой эле кеп да. Акырындан баары эле 5-10 сомго көтөрөт. Кааласаң да, каалабасаң да баа көтөрүлөт".

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Нурлан Умтулов күчүнө кирген жоболор жаңы мыйзам кабыл алынганга чейин иштей турганын билдирди.

“Соода жүгүртүү 8 млн. сомго чейинки ишкерлердин салыгы былтыр нөлдүк пайызда болсо, быйыл 1% көтөрүлүп жатат. Бирок алар отчет тапшырбайт, биз ККМден түшкөн маалымат менен эсептеп, аларга жиберишибиз керек. Ошондуктан, алар иштей берет, өзгөрүү болуп кетсе, нөлдүк ставкасын кайра эле январдын башынан кылып койсо болот. Ал эми сатуудан алынчу салык боюнча бир аз талаштуу болуп турат. Азыркы кодекс боюнча 1-январдан баштап накталай эмес болсо деле ставкасы көрсөтүлгөн. Ошондуктан, алар 1-январдан баштап накталай эмес төлөсө деле көрүлгөн ставкасы боюнча төлөш керек" -деп түшүндүрдү Умтулов.

Баалуу металлдарга салык көбөйөт

Салык кодексинин 245-беренеси боюнча 1-январдан тоо-кен иштетүүчү ишканалар үчүн киреше салыгынын ставкасы жогорулайт. Алтын чыккан кендин жана алтын концентратынын киреше салыгы 3% өсөт. Эми алтындын унциясына жараша алынчу киреше салыгы 11 пайыздан 30% чейин жетет. Буга чейин кен өндүрүүчү компаниялар киреше салыгын жалпы кирешенин көлөмүнөн төлөп келген.

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев мындан ары күмүш, жез өңдүү баалуу металлдарга киреше салыгын базардагы баасына жараша чегерүүнү сунуштайт.

"Бүгүнкү күндө мыйзамдарга курамында күмүш, жез, сымап, сурьма, калай жана вольфрам бар рудаларды жана концентраттарды, күмүштүн, жездин, сурьманын, сымаптын, калайдын же вольврамдын даяр өндүрүмүн сатууда тапкан пайдага салык каралган. Күмүш менен жезге болгон дүйнөлүк баалардын динамикасы туруктуу өсүп жаткандыгын белгилей кетүү керек. Адистердин баамында күмүш өндүрүү унциясы 5,5 АКШ долларын түзгөн учурда гана үнөм болот. Ушуга байланыштуу күмүштү казып алуунун рентабелдүүлүгү 5,5 АКШ долларын түзсө, дүйнөлүк базарда анын унциясы 21 АКШ доллардан ашат. Ал эми өндүрүштүн өздүк наркы тоннасына 3086 АКШ доллары болсо, рыноктогу дүйнөлүк баа 9100 АКШ долларынан ашат. Буга байланыштуу компаниялар кирешеден ашыкча алат, бирок киреше салыгын дээрлик төлөшпөйт. Ошентип, салыктык ачыктык үчүн пайда салыгынын ордуна, металлдардын баасына жараша киреше салыгын киргизүү сунушталып жатат".

Ишкер бирикмелер өкмөттүн мындай кадамдарынан улам күмүш, жез өндүргөн ишканалар чыгашасын азайтуу үчүн жумуш орундарын кыскартуу жана арзан технологияларды колдонуу сыяктуу чараларга барышы ыктымал деп кооптонот.

Тамеки жана оюн-зоок жайларына салык өсөт

Кодекстин 336-беренесинин талаптары боюнча 1-январдан электрондук тамеки үчүн акциздик салыктын ставкасы миң даанасына 1800 сомдон 2000 сомго көтөрүлөт. Ал эми кадимки тамекинин акциздик салыгы килограммына 3000 сомдон 4000 сомго жогорулатылат. Бул категориялар боюнча акциздик салыктын көлөмү кийинки жылдары дагы да өсөт.

Ал эми 453-беренеге ылайык, быйыл 1-январдан тарта оюн-зоок ишканаларына салынган салыктын ставкасы да көтөрүлөт:

1) казинонун 1 оюн столу (1 флот) үчүн:

2023-жылы - 1 млн. сом төлөнөт. Ал буга чейин 750 миң сом болчу;

2) оюн автоматтар жана компьютердик симуляторлор залынын 1 оюн столу үчүн:

2023-жылы - 75 миң сомго чыгат. Буга чейин 50 миң сом деп белгиленген;

3) букмекердик конторанын жана тотализатордун ставкаларды кабыл алуунун 1-пункту (касса) үчүн:

2023-жылы - 350 миң сом болот. Анын мурунку ставкасы 200 миң сом эле.

Бул салыктык ставкалар кийинки жылдары дагы өсөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү иштери аягына чыга элек болгондуктан, азыркы мыйзамдын айрым нормалары 1-январдан иштей баштаганын айтат.

«Иштеп жаткан мыйзамда бир катар нормалар 1-январдан күчүнө кирди. Экинчи-үчүнчү окуу негизи 10 күндүн ичинде каралышы керек. Мисалы, биз биринчи окууда 29-декабрда кабыл алдык. Менимче, 16-январдан баштап комитетте карайбыз, анан отурумга кирет. Иши кылып, божомол жасай турган болсок, президентке 25-30-январда жетиши мүмкүн. Кээ бир нормалары артка, 1-январдан күчүнө кирип калышы мүмкүн. Себеби, бизде андай тажрыйба бар. Ошол эле жаңы Салык кодекси 2022-жылдын 18-январында кол коюлган, бирок күчүнө 1-январдан баштап кирген. Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча чоң 20 маселе бар. Андан тышкары дагы майдалары бар. Негизи 157 өзгөртүү киргизилип жатат бир эле кодекске. Ушул эле мыйзам менен дагы 12 мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип жатат».

Ишкерлер эмнеге нааразы?

Салык кодексиндеги мүчүлүштүктөр тууралуу 2022-жылдын январынан бери эле айтылып келет. Ишкерлердин нааразылыгынан улам өкмөт кодекске өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча жумушчу топ түзүп, жыл бою талкуулады.

Сунушталган мыйзам боюнча, соода жүгүртүүсү сегиз миллион сомго чейин болгон жеке ишкерлер көзөмөл-кассалык жабдык колдонсо салыктан мөөнөтсүз бошотулат. Ал эми патент менен иштөөнүн мөөнөтү 2024-жылга чейин узартылган.

Кодексте бирдиктүү салыктын ставкасы накталай төлөмгө 4% жана накталай эмес төлөмгө 2% деп белгиленген. Сунушталган мыйзам боюнча соода жүгүртүүсү 30 млн. сомго чейинкилер үчүн салыктын ставкасы 0,5% чейин түшүрүлөт. Ал эми соода жүгүртүүсү 30дан 50 млн. сомго чейин болсо салык ставкасы 1% чейин көтөрүлөт.

Тамактануу ишканалары 8% ставка менен салык төлөйт. Өзгөртүүлөрдөн кийин Бишкек менен Ош шаарларына 6-4%, башка аймактарда 5-3% болмокчу.

Өкмөт менен бизнес чөйрө чогуу иштеп чыккан долбоордо жалпысынан 11 багыт боюнча 150дөн ашуун оңдоп-түзөө сунуштары бар. Аны менен кошо учурда иштеп жаткан дагы беш кодекске жана алты мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталып жатат.

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев сунушталып жаткан өзгөртүүлөр ишкерлерге салыктын жүгүн көбөйтпөйт деп ишендирет.

«Негизинен, салык төлөөдөгү эң биринчи принцип – бирдиктүү салыкты киргизүү жана анын пайыздарын азайтуу. Буга чейин биз бул кодексти кеңири талкууладык, анын айрым беренелерин дагы талкууладык. Бирок, бизнес чөйрөсү менен дагы сүйлөшүүдө ушул мыйзамдын негизги концепциясы азыркы учурдагы күчүнө кирип турган кодекстин айрым бирдиктүү салыктын ставкаларын азайтуу, жогоруда айтылып кеткендей, чакан ишкерлерге жеңилдик берүү болду».

Былтыр 22-декабрда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат комитети Салык кодексине киргизилип жаткан өзгөртүүлөр боюнча парламенттик угуу өткөрдү. Угууда ишкерлер алардын ондогон орчундуу сунуш-пикирлери кулак сыртында калганын айтышкан.

Салык төлөөчүнүн банк эсептери

Кодекстеги банктык купуя маалыматтарга тийиштүү жобо ишкерлер менен банктарды өзгөчө чочутуп турат. Жаңы мыйзам долбоорундагы 146-беренеге ылайык, банктар салык органдарынын суроо-талабы боюнча кардардын эсеби боюнча маалыматты берүүгө милдеттүү. Мурда мындайга соттун чечими аркылуу гана уруксат берилчү.

Ишкер бирикмелер салык кызматынын жарандардын банктык эсептерин көрө алышына караманча каршы чыгууда. Банктар союзунун төрагасы Анвар Абдраев салык төлөөчүнүн банктык эсебине чейин кирүү Баш мыйзамды жана банктык жана коммерциялык сырларга кепилдик берген бир катар жоболорду одоно бузуу деп эскертет.

«Банктык эсептеги накталай же накталай эмес формадагы каражаттар өлкө жарандарынын жеке ээлиги болуп эсептелет. Аны башкалардын колуна бербөө кепилдигин банктык сыр дейбиз. Эгерде салык кызматына ээсинин уруксатысыз банктык эсепке жетүүгө уруксат берүү жобосун кабыл алсак, анда биринчи кезекте конституциялык нормаларды бузган болобуз. Салык кодексинин 146-беренесин өзгөртүү сунушу «Жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө» мыйзамына да каршы келет. Бул алдыда депозиттердин чыгып кетиши, акча массасынын азайышы, насыя ресурстарынын кыскарышы, калктын ишениминин жоголушу жана банк тутумунун бизнестин ишениминен кетиши өңдүү ири экономикалык кесепеттерге алып барат".

Банктык маалыматты коргоо боюнча ушундай эле пикирди Бизнес-акыйкатчы институтунун, Эл аралык ишкер кеңештин, Базарды, сооданы жана кызмат көрсөтүүнү өнүктүрүү ассоциациясынын жана башка ишкер бирикмелердин жетекчилери да кооптонуусун билдирди.

Салык кодексине киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдө мыйзам бузган ишкерлерге чегерилүүчү айыптын көлөмүн азайтуу, салык органдарынын ишкер субъектилерди текшерүү функцияларын аутсорсингге берүү мүмкүнчүлүгү, салыктарды төлөө мөөнөттөрүн жылдыруу, өзгөчө режимдеги соода зоналары үчүн атайын салык режимдерин түзүү, туризм жана креативдүү экономика тармактарына салыктын ставкаларын азайтуу өңдүү сунуштар бар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG