Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Ноябрь, 2022 шейшемби, Бишкек убактысы 01:00

"Мыйзамсыз текшерген, акча алган учурлар бар". Бизнести текшерүү бир жылга токтойт


Кыргызстандагы ишканалардын бири.

Бийлик Кыргызстанда бизнести мыйзамсыз текшерүү, акча чогултуу фактылары бар экенин моюнуна алып, ишкерлерди текшерүүнү бир жылга токтоткону жатат. Бул талапты негизсиз бузган мамлекеттик кызматкерлерге жумуштан алууга чейинки жаза берилет. Ушундай эле мораторий буга чейин да киргизилген.

21-ноябрда президент Садыр Жапаров ишкерлерди 2023-жылы текшерүүгө убактылуу тыюу салуу жөнүндө жарлыкка кол койду. Анда жазылгандай, бизнести өнүктүрүүгө, чет өлкөлүк инвесторлордун келишине тоскоол болуп жаткан көйгөйлөр бар. Укук коргоо, салык жана көзөмөл органдарынын мыйзамсыз текшерүүлөрү, ыйгарым укуктарынан аша чапкан учурлар тууралуу ишкерлерден, коммерциялык банктардан даттануулар көп түшүп жатканы айтылат. Акча жыйноого арызданган фактылар боюнча да даттануулар болгон.

Бийлик бизнести өнүктүрүүгө терс таасирин тийгизген жана инвесторлордун качышына жол ачкан көйгөйлөрдү моюнга алды. Ушундан улам жарлык ишкерлерге колдоо көрсөтүү, алардын ишине негизсиз кийлигишүүлөрдү алдын алуу үчүн кабыл алынганы кабарланды.

Экономика министринин орун басары Айнура Үсөнбекова укук коргоо органдарында ишкерлерди текшерүүгө ыйгарым укугу болбосо да ыкчам иликтөө иштерине шылтап текшерген фактылар бар экенин билдирди. Ал коронавирус пандемиясынан улам эми-эми бутуна туруп келаткан бизнес чөйрөнү үстөккө-босток текшерүү зыянын тийгизип жатканын айтты.

“Пландуу текшерүү деген бар. Ал ишке ашырыла берет. Андан тышкары далилдер, фактылардын негизинде арыз түшсө же эпидемиологиялык коопсуздукка байланыштуу маселе болсо, ал боюнча текшерүүлөр болот. Мындай текшерүүлөр аз. Бирок муну да эске алышыбыз керек. Себеби, элдин коопсуздугуна байланыштуу арыздар менен текшерүү болот. Ал эми ишкерлердин ишине жөн эле кийлигишип, текшерүүлөр токтотулат”.

Укук коргоо органдарынын жана мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери текшерүүлөрдү негизсиз жүргүзүп, аны жеке кызыкчылыгы үчүн пайдаланса, кызмат ордунан бошотууга чейинки чаралар көрүлөт.

Ушул тапта Кыргызстанда ишкерлерди текшерүү укугу 16 мамлекеттик органда бар. Алардын ичинен Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекция, Монополияны жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги, Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча агенттик, Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги, Өрттү көзөмөлдөө боюнча кызмат ишкерлерди көп текшерет. Ошондой эле Мамлекеттик салык кызматы да бар.

Экономика жаатындагы эксперт Темирбек Ажыкулов ишкерлерди текшерүүгө убактылуу тыюу салуу боюнча буга окшогон мораторийлер бир нече жолу киргизилгенин, бирок алардын көбүнөн жыйынтык чыкпаганын билдирди.

“Мындай жарлыктар 2017-2018-2019-2020-жылдары деле бар болчу. Ошондо деле “ишкерлерди текшербейсиңер” деп Салык жана башка кызматтарга атайын тизме да берилген. Бирок, текшерүүгө тыюу салынганы менен булар текшерүүнүн кыйыр жолдорун – бирөөнүн арызы менен текшерүү жолдорун табат. Же болбосо козголгон кылмыш ишинин алкагында деп ошону арты менен текшерет. Маселе толук чечиш үчүн Кылмыш–жаза кодексине өзгөртүү киргизип, ишкерликти андан бөлүп салыш керек. Бизнеске байланыштуу иштерди административдик соттор карашы керек. Ошондо мамлекет менен бизнестин ортосунда маселе чыкса адилет каралат. Азыр текшерүүгө тыюу салды. Эртең кылмыш иши козголсо иш сотко барат. Соттордун чечиминин 90% мамлекеттин пайдасына болот. Ушундай маселелер чечилмейинче калганы убактылуу эле чаралар. Мына Улуттук коопсуздук комитет деле бизнести каалагандай эле текшерип атат”.

Инвестиция демекчи, Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык 2022-жылдын январь-июнь айларында Кыргызстанга 628 млн. доллар инвестиция кирди. Анын ичинен 382 млн. доллардан көбү өнөр жайга, 73 млн. доллардан ашыгы кен казуу тармагына туура келет. Ошол эле кезде быйыл алгачкы алты айдын ичинде Кыргызстандан 483 млн. доллардан ашык каражат тышка чыгып кетти. Анын эң көбү Түркияга – 241 млн. доллар, Кытайга 163 млн. доллар чыккан.

“Инвестиция келиш үчүн биринчи коопсуздук керек. Мүлккө кол тийбестик, укук коргоо органдарынын бизнеске жакшы мамилеси. Эң негизгиси бийлик менен ишкердин ортосундагы мамиле. Адам эмес, мыйзам иштеш керек. Мыйзам иштебейби, инвестиция жок. Инвестиция – бул бак отургузган сыяктуу. Адам бакты көп жылга 10, 20 жылга отургузат. Ушул убакытта аны сенден эч ким тартып албашы керек. Ошондо инвестиция келет, бактар тигилет деген маани”, - деди экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров.

Ишкерлерди текшерүүгө 2019-жылы да мораторий киргизилип, ал 2022-жылдын биринчи январына чейин узартылган. Бирок анын жыйынтыгы кандай болгону тууралуу маалымат жок. Бийлик болсо ишкерлерден арыз дагы деле көп экенин билдирүүдө. Мурдагы айыл чарба министри Тилек Токтогазиев президенттин жарлыгы боюнча мындай деди:

“Буга чейин киргизилген мораторий алынбашы керек эле. Мораторийди алып, ар кандай кысымдар көрсөтүлгөндө ишкерлердин жарымы бизнесин, капиталын сыртка чыгарып кетти, жарымы көмүскөгө качты. Эми маселе бир эле жарлык же бир айда эле чечилбейт. Жылдап созула турган иш. Ишкерлердин ишенимин топтоо кыйын. Бирок аны жоготуш бат. Ошондуктан мораторий менен баары жакшы болуп кетет деш кыйын. Мамлекеттик органдар кассада турган акчаны алып чыгып кетип атса ишеним болбойт да. Андыктан мамлекеттин ичинде да, чет өлкөдөн да инвестор келиши оор”.

Кыргызстанга кирген түз инвестиция 2015, 2019, 2021-жылдары 1 млрд. доллардан ашкан. Калган жылдары тыштан келген акча бул суммага жеткен эмес. Ал эми 2020-жылы бул көрсөткүч 537 млн. долларга чейин түшкөн. Бийлик муну коронавируска байланыштуу дүйнөдөгү кырдаал менен байланыштырган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG