Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:33

"Коррупцияга кошулган басым-кысым". Инвесторду качырган жагдай


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанга быйылкы жылдын алгачкы алты айында 628 млн. доллар инвестиция кирип, 483 млн. доллар чыгып кетти.

Министрлер кабинети өлкөдө инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн бардык шарттарды түзүп, салык саясатын ачык-айкын жүргүзүп жатканын билдирүүдө. Ишкерлер өлкөдө сот системасы көз карандысыз болмоюнча бизнес чет жакка агыла берерин бир ооздон белгилейт.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2022-жылдын январь-июнь айларында Кыргызстанга 628 млн. доллар инвестиция кирди. Анын ичинен 382 млн. доллардан көбү өнөр жайга, 73 млн. доллардан ашыгы кен казуу тармагына туура келет. Өлкөгө кирген инвестициянын эң көбүн Кытайдан келген инвестиция түзөт – 129 млн. доллар. Экинчи орунда Орусия турат – 100 млн. доллар.

Былтыр ушул эле мезгил аралыгында Кыргызстанга 321 млн. доллар инвестиция кирип, 548 млн. доллар чыгып кеткен. 10-ноябрда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев борбор калаада өткөн ишкерлердин Бишкек инвестициялык форумунда өкмөттүн инвестиция тартууга жана аларга шарт түзүүгө көрүлүп жаткан аракеттери тууралуу буларды айтты:

“Инвесторлорго бүт шарттын баарын түзүп берип атабыз. “Санарип көчмөн” макамын бердик. Бизнесмендерди тейлөө борборлорун ачтык. Кандайдыр бир кыйынчылыктар болсо чечкенге жардам беребиз. Эгерде курулуш тармагында иштегендер болсо, аларга уруксат документтерин берүү иши тездетилет. Бул үчүн бирдиктүү терезе киргизилүүдө”.

Кыргызстанга кирген түз инвестиция 2015, 2019, 2021-жылдары 1 млрд. доллардан ашкан. Калган жылдары бул суммага жеткен эмес. Ал эми 2020-жылы 537 млн. долларга чейин түшүп, бийлик муну коронавируска байланыштуу дүйнөдөгү кырдаал менен байланыштырган.

Кыргыз бийлиги чет өлкөлүк ишкерлерге ачык экенин, алардын мүлкүнө жана коопсуздугуна кепилдик берерин кайталап келет. Президент Садыр Жапаров март айында Кыргызстандын инвестициялык потенциалын жогорулатуу тууралуу жарлыкка кол коюп, Инвестициялар боюнча улуттук агенттик да түзүлгөн.

“Азыр ар кандай себептер менен дүйнөдө туруксуздук болуп жатат. Биз ушул тапта араб өлкөлөрүнөн - Бахрейн, Катар, Сауд Арабиясынан инвестиция тартууга аракет кылуудабыз. Андан тышкары Кытай, Жапония жана Түштүк Корея бар. Бул өлкөлөр дүйнөдөгү тынч эмес абалга карабай биз менен иштешүүгө даяр экенин билдиришти. Албетте, Орусия да бар. Бул мамлекетте ишкерлер ишканаларын толук көчүрүп кетпесе да кайсы бир бөлүгүн алып чыгып кетүүдө. Биз ушул мүмкүнчүлүктү пайдаланып, аларды алып келсек болот”, - деди Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Умбриэл Темиралиев.

Ошол эле кезде быйыл алгачкы алты айдын ичинде Кыргызстандан 483 млн. доллардан ашык каражат чыгып кетти. Анын эң көбү Түркияга – 241 млн. доллар, Кытайга 163 млн. доллар чыккан. Улуттук статистика комитети өлкөгө кирген жана сыртка чыгып кеткен инвестициянын көлөмү боюнча акыркы маалыматтарды жаңылай элек.

Эл аралык ишкердик кеңешинин төрагасы Аскар Сыдыков инвестициянын өлкөдөн чыгышына негиз болгон айрым себептерди санап берди.

“Өлкөдөгү жалпы эле саясий экономикалык туруктуулук таасир этет. Андан кийин коррупция, ишкерлерге болгон басым-кысым жана коопсуздук. “Менин мүлкүмө кол салынышы мүмкүн” деген ишкерлер капиталын сыртка алып чыгат. Бул чет жактан келген эле инвесторлорго тиешелүү эмес. Биздин тааныштар, тууган-туушкандарыбыз деле “бизнесибизди Казакстанга, Түркияга, араб өлкөлөрүнө алып кетип атабыз” деп айтышууда. Себеби акчанын улуту жок. Кайсы жерде туруктуулук болсо, оюндун эрежеси так аныкталса, ошол жерге кете берет. Бирок шарттарды жакшыртып чыгып кеткен каражатты кайра кайтарып алганга да мүмкүнчүлүк бар”.

Президент Садыр Жапаров ар бир чет элдик сапарында бизнесмендерди Кыргызстанга инвестиция салууга чакырып, бийлик аларга кепилдик берерин кайталап келет.

Экономист Искендер Шаршеев азыр дүйнөдө инвесторлор талашка түшүп, мамлекеттер аларга каттоо, салык боюнча ар кандай жеңилдиктерди берип жатканын мисал тартты. Мындай атаандаштыкта өлкөдө эң биринчи адилеттүү сот системасы болушу керек деп эсептейт.

Ушундай эле пикири менен экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров да бөлүштү.

“Адам инвестиция саларда же ишкана куруп аны чоңойтордо “менин мүлкүмө эч ким тийбейби” деп анализ кылат. “Бирөө келип бизнесимди тартып албайбы” деп чочулайт. Анан ал өлкөнүн сот системасын, сөз эркиндигин карайт. Мен азыр бир нече ишкер менен сүйлөштүм. Баары тең эле Кыргысзстанга инвестиция салуудан коркуп калыптыр. Өлкөдөгү акыркы камоолор, адилетсиздикти көрүп атышат да. Ушуну оңдомоюнча инвестиция тартуу аракети болбогон эле нерсе. Жөн эле бош сөз. Мисалы, Орусия эмне болуп атат көрүп турабыз. Газ, мунай баары бар. Акча кенен. Бирок инвестициялык климат начар болгондуктан өздөрүнүн жарандары баш болуп качып кетти”.

Бишкек инвестициялык форумуна быйыл 1500ге жакын ишкер катышты. Уюштуруучулардын маалыматына караганда, форумга 10 өлкөдөн бизнес-делегациялар келди. JIA Бизнес Ассоциациясы бул форумду бешинчи ирет уюштуруп жатат. Бул жылдар аралыгында BIF жүздөгөн бизнес-долбоорлор үчүн дээрлик 13 млн. доллар инвестиция тартуу аянтчасы болууга жетишкен.

2015-жылдан бери BIF форумунун алкагында 1000ден ашуун инвестициялык долбоорлор сунушталган, алардын ичинен 40тан ашыгы BIF аяктагандан кийин түз инвестиция алышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG