Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2022 жекшемби, Бишкек убактысы 20:36

Легалдаштыруу жараяны жемкорлорду калкалайбы?


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз бийлиги жарандардын жашырган мүлкүн легалдаштырууга жол ачкан мыйзам сунуштады.

Министрлер кабинети көмүскө экономиканы азайтуу үчүн легалдаштыруу кампаниясы бир жылга созулуп, байлыгын ачыкка чыгаргандарга кылмыш иши козголбойт деген кепилдик берилерин билдирди.

Оппозициялык маанайдагы депутаттар жана айрым жарандык коомдун өкүлдөрү легалдаштыруу кампаниясын коррупционерлердин кызыкчылыгын көздөгөн демилге катары сыпатташууда.

Коррупционерлерди адалдаштыруубу?

Министрлер кабинети “Жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” мыйзам долбоорун ишке ашыруу менен көмүскө экономиканын көлөмүн азайтып, инвестиция тартууга шарт түзүүнү максат кылат.

Мыйзам долбоору 22-июнда Жогорку Кеңеште биринчи окууда каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү.

“Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаров долбоорго каршы чыгып, аны “ууруларды мыйзамдаштырууга багытталган” демилге деп атады.

“Биртоп ууруну ачыкка чыгарыш керек болуп калды” деп айтсаңар мыйзам долбоорунун идеологиясына туура келмек. Канча, кайдан, кантип уурдаганын сурабайбыз деп жатасыңар. "Биз жетиштүү уурдадык эми мыйзамдаштырып койгула" дешти. Кийинкилерди дагы беш жылдан кийин башкалар келип легалдаштырат”, - деди Мадумаров.

Бирок, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бул мыйзам долбоору чет өлкөдө же башка адамга актив, акция же мүлктөрүн каттатып алган ишкерлерге шарт түзүү үчүн сунушталып жатканын билдирди.

“Уурулар, коррупционерлер же кылмыш иши ачылган учурда бул мыйзам колдонулбайт. Орто жана чакан бизнесмендер мүлкүн мындан ары бөлөк бирөөгө каттабай, өзүнө каттасын деп жатабыз. Байларга "сырт жакта офшорлордо жүрбөгүлө" деп айтып жатабыз”, - деди Акылбек Жапаров.

Парламентте Акылбек Жапаров катышкан жалпы жыйында мыйзам долбоору боюнча бир нече депутат кыскача гана суроо берип, колдой турганын айтышты.

Алардын бири депутат Нурлан Шакиев мүлктөрдү легалдаштыруу башка мамлекеттерде кеңири колдонулган тажрыйба деди.

“Бардык өнүккөн, өнүгүүгө бет алган өлкөлөрдө ушул мыйзам иштеген. Тажрыйба бар. Бул бизге абдан керек болчу. Ак ниет, чынчыл ишкерлерге шарт түзүп беришибиз керек”.

Буга чейин натыйжа бербеген тажрыйба

Мыйзам долбоору парламенттин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 21-июндагы жыйынында дагы кызуу талкууланган.

Анда экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев легалдаштыруу кампаниясына катышкан декларанттар ачык көрсөткөн мүлктөрүнүн каржы булагы суралбайт жана кандайдыр бир салык мыйзамдары бузулган учурлар үчүн кылмыш иши козголбойт деп билдирген.

Министр буга чейинки легалдаштыруу кампанияларынын натыйжа бербегенин дал ушул кылмыш ишин козгобоо жөнүндө мамлекеттик кепилдик болбогону менен түшүндүрүүдө.

Данияр Амангелдиев.
Данияр Амангелдиев.

"Кыргызстандын тарыхында үч жолу легалдаштыруу кампаниясы өткөн. Булар, 2008, 2009, 2013, 2014-жылдары. 2013-2014-жылдары гана 9840 декларация берилген. Анын ичинен 84 адам 37,4 млн. сомдук бир жолку төлөмүн төлөгөн. Бирок бул кампанияга катышкан адамдарга кылмыш иштери козголгон".

"Байлыгын ачык көрсөтпөгөндөр көп"

Экономика жана коммерция министрлигинин болжолдуу маалыматына ылайык, өлкөдө декларация тапшыра турчу 3,5 миллион адам болсо, алардын 70% көмүскөдө деп эсептелет. Башкача айтканда байлыгын толук көрсөтпөйт.

Мыйзам долбоорунда легалдаштыруу кампаниясы бир жылга созулуп, жаран 100 млн. сомго чейин акысыз декларация тапшырып, андан ашса мамлекетке 1 млн. сом төгөт.

Декларация документи жарандын өзүндө сакталат. Буга чейин жарандын мүлкүнө байланыштуу кылмыш иши козголуп же сот чечими чыккан учурда ал байлыгын легалдаштыра албайт.

Жыйында Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев мыйзам долбоорун коррупционерлердин кызыкчылыгын көздөгөн документ катары кескин сындап чыккан.

“Уурдай албай калдыңбы? Демек, макоосуң. 2022-жылга чейин уурдап алсаң эми чынчыл жаран болуп аласың. Мыйзам долбоорунун маңызы ушундай. Бул мыйзамга кол коюлса, коррупционерлер шампан ичет. Коррупционерлердин чынчыл адамга айланышына шарт түзүп жатасыңар. Эгерде сен дарыканага барып дары уурдасаң түрмөгө отурасың. Бул коркунучтуу мыйзам долбоору. Мен капиталдын легалдашуусуна макулмун. Бирок силер аткаминерлердин уурдап алганын мыйзамдаштырууга мүмкүнчүлүк түзүп жатасыңар”, - деди Бекешев.


Бекешевди улай бир нече депутат мамлекеттин казынасына кол салгандардын байлыгын адалдоо болуп калбайбы деген тынчысызданууларын билдиришти.

Аларга экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев мындай жооп берди.

“Салыштыра турган болсок коррупцияга байланыштуулардын көлөмү 5% ашпайт. Мунун көбү Салык кодексин туура эмес пайдаланып, салыктан качып топтогон бизнести легалдаштырууга багытталган. Азыркы күндө офшордо турган мүлктөр көп. Аларды легалдаштырууга мүмкүнчүлүк жок”, - деди Амангелдиев.

Каршы болгондордун дагы бири, депутат Султанбай Айжигитов мындай ыкма менен көмүскө экономиканы азайтууга болбойт деп эсептейт.

Султанбай Айжигитов.
Султанбай Айжигитов.

“Бизде укуктук мамлекет болмоюнча офшордогу каражаттарды эч ким алып келбейт. Офшордо алар ишенимдүү сакталган. Өлкөгө келген түз инвестициялар чет элдик акча деп ойлойсузбу? Алар так ошол биздикилердин офшордогу акчасы. Алар өлкөгө чет элдик түз инвестор деген коргоо менен каражатын алып келет. Ал декларацияга караганда ишенимдүү”, - деди Айжигитов.

Юристтердин мыйзамга терс баасы

Парламенттеги айрым депутаттардан сырткары бул мыйзам долбооруна каршы чыккан жарандык коомдун өкүлдөрү дагы бар.

“Адилет” укуктук клиникасы “Жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу түрдө легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун талдоого алып, документте аткаминерлердин мүлкү тууралуу маалыматты жашырууга аракет кылган тобокелдик бар экенин белгилешкен.

Бийликтин коррупцияга каршы күрөшүү программаларына жана эл аралык уюмдардын трансулуттук уюшкан кылмыштуу топ менен күрөшүү жоболоруна каршы келерин жазышкан.

“Сунушталган мыйзам долбоору Конституциялык негизги, анын ичинде жасалган кылмыш үчүн жазага тартуу принциптерине карама-каршы келет. Бул долбоорго бардык кылмыштуу жол менен табылган киреше жана активдер дагы туура келип калат”, - деп айтылат уюмдун талдоосунда.


Экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров шектүү жол менен табылган мүлк же каражат эч качан адалдаштырылбашы керек деп эсептейт. Анын пикиринде өлкөдө ишкерлердин мүлктү жашырганы анчалык деле актуалдуу көйгөй эмес. Абакиров мыйзамдын иштеп кетишинен күмөн санайт.

“Мамлекетте иштеген адамга бул эч качан колдонулбашы керек. Анткени мамлекеттен бир сом уурдасаң, анын зыяны миллион болушу мүмкүн. Аларды легалдаштыруу акциясы туура эмес. Казынадан акча уурдаган киши акыры жооп бериши керек. Бул иштебейт. Балким, кимдир бирөөлөр үчүн жазылгандай”, - деди Абакиров.

2020-жылдагы Октябрь окуясынан кийин бийликке келген Садыр Жапаров Кыргызстанда бир айлык экономикалык мунапыс жарыялаган. Ошол жылдын 5-ноябрында дал ушундай эле мыйзамды 6-чакырылыштын депутаттары кабыл алып, өлкөдө мурда-кийин табылган 70 миллион сомго чейинки кирешелерди, мүлктү жана бизнести мыйзамдаштырууга жол ачары айтылган.

Президенттик шайлоого катышуу үчүн кызматын убактылуу токтоткон ошол кездеги өкмөт башчы Садыр Жапаров 2020-жылдын 23-ноябрында экономикалык мунапыс жарыялангандан бери атын ачыкка чыгарбоону суранып, казынага акча төккөндөр бар экенин айткан. Бирок учурда андан бери канча адам жашырган мүлкүн ачыкка чыгарганы тууралуу маалымат жок.

Жаңы бийлик келгенден бери ар кандай экономикалык, коррупциялык иш менен кармалган айрым аткаминерлер миллиондогон акча төгүп, абактан чыгып жатат.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG