Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:31

"Credit Suisse сырлары" Токаевдин байлыгын ашкереледи


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Эл аралык OCCRP уюму жана өнөктөш чет өлкөлүк басылмалар Швейцариядагы эң ири банктын кардарларынын маалыматтарын ачыкка чыгарды. Алардын арасында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин мурдагы жубайы жана уулу, экс-президент Нурсултан Назарбаевдин үй-бүлө мүчөлөрү бар экени айтылат.

Токаевдин үй бүлөсүнүн миллиондору

“Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору” (OCCRP) жана Vlast.kz интернет басылмасы президент Токаевдин үй-бүлө мүчөлөрүнүн офшор зонада катылган "байлыгы" тууралуу иликтөө жарыялады.

Анда сөз Швейцария банкындагы эсептер, аларды офшордук компанияларга байланыштырган финасылык ыкмасы, Москвадагы батирлер, Женевадагы хансарайлар тууралуу сөз болот.

Иликтөөдө швейцариялык Credit Suisse банкынын 1998-жылы тараткан маалыматтары мисал келтирилген. Ошол жылы бул банкта Токаевдин ал кездеги жубайы Надежда жана Женевада билим алып жаткан уулу Тимурдун атына эсеп ачылган.

Иликтөөнүн авторлору бул эсепке канча акча келип түшкөнү тууралуу маалымат бере алган эмес. Ачыкка чыккан маалыматка ылайык, Токаевдердин эсеби 2005-жылы "акчага толуп", 1,5 миллион швейцариялык франк же миллион долларга жакын болгон делет.

"Офшордук кызмат ортомчулардын, корпоративдик документтер жана кыймылсыз мүлк реестриндеги маалыматтар, казак президентинин үй-бүлөсүнүн кийинки жылдарда да Казакстандан тышкары жерлерде бир топ байлык жыйганын көрсөтүп турат", - деп жазган иликтөөнүн авторлору.

OCCRPнин маалыматы боюнча, 2012-жылы швецариялык банктын эсеби жабылгандан кийин Британ Виргин аралдарында Токаевдин мурдагы аялына таандык Wishing Well Group Inc жана Тимур Токаевге таандык Wisdom Invest & Finance Inc офшордук компаниялары ачылган.

“Бул компаниянын 2014-жылдагы билдирүүлөрүнө ылайык, банкта 4 миллион доллар накталай акча жана 1 миллионго жакын инвестиция болгон", - деп жазат иликтөөнүн авторлору.

Дал ушул жылдары Токаев ар кандай жогорку мамлекеттик кызматтарды, анын ичинде тышкы иштер министри, премьер-министр жана Мажилистин спикеринин кызматтарын аркалаган. 2011-жылдан 2013-жылга чейин БУУнун башкармалыгынын директору, БУУнун Европалык бөлүмүн жетектеп турганда Женевада жашаган.

"Анын да, аялынын да бизнеси же коомчулукка белгилүү башка байлыгы болгон эмес. Алардын уулу Тимур гана чыныгы бизнес менен алектенген", - деп жазган иликтөөчүлөр.

Токаевдин уулу Тимур Женевадагы эң кымбат College du Leman мектеп-интернатын окуп бүтүп, Вебстер университетинен жогорку билим алган.

Муну менен катар журналисттик иликтөөдө, Токаевдер Женева менен Москвадан кеминде 7,7 миллион долларга үч батир сатып алышканы айтылат. Женева жана анын тегерегиндеги батирлер Тимур Токаевге катталган. Токаевдин үй-бүлөсүнүн Москванын чок ортосундагы кымбат баалуу кыймылсыз мүлкү тууралуу маалыматтарды орус оппозициясынын лидери Алексей Навальныйдын командасы былтыр иликтеп чыккан.

Москванын Хамовники районундагы 196 чарчы метрлик батир 37 жаштагы Тимур Токаевге таандык экени белгиленген. Ага бул батир 2010-жылы катталган. Мындан тышкары иликтөөдөгү документтерге ылайык, Надежда Токаева 2000-жылдан бери Москванын Мещанск районундагы 167 чарчы метрлик батирге ээлик кылат.

Иликтөөнүн авторлору белгилегендей, соңку апталарда казак президенти эл алдында ар кандай билдирүүлөрдү жасап, экс-президент Нурсултан Назарбаевден “оолак болуунун" аракетин көздөп жүрөт. Авторлор буга Токаевдин "Элбасынын тушунда өлкөдө эл аралык деңгээлде бай казактардын катмары пайда болгон" деген сөзүн мисал келтирет.

Дүйшөмбүдө президент Токаевдин басма сөз катчысы Берик Уали "Фейсбукта" президенттин мурдагы жубайы иликтөөдө айтылган эсептерге эч качан ээлик кылбаганын, “президенттин чет өлкөлүк банктарда, офшордук компанияларда эсептери, чет жакта кыймылсыз мүлкү жок экенин” билдирди.

"Тимур Токаевге келсек, ал 38 жашта. Ал мамлекеттик кызматта эч качан иштеген эмес. Ал ишкер. Белгилүү болгондой, президент экономикада, саясатта монополияны чектөөгө, реформаларды ишке ашырууга аракет кылууда. Бул мамлекет башчынын мындай чечимдерин колдобогон адамдардын атайылап тараткан фейк маалымат чабуулу деп ойлойм".

"Credit Suisse сырлары" журналисттик иликтөөсүндө Нурсултан Назарбаевдин үй-бүлө мүчөлөрүнүн айрымдары тууралуу да маалымат чыкты.

Экс-президенттин улуу кызы Дарига Назарбаеванын Credit Suisse банкындагы эсептеринде он миллиондогон швейцар франкы бар экени ачыкка чыгып кеткен.

Банкта эсептер 2008-жылы ачылып, 2012-жылы жабылган делет.

Назарбаевдин күйөө баласы, миллиардер Тимур Кулибаевдин бул банктагы эсептери аркылуу миллиарддаган долларлар өткөнү" иликтөөдөн улам маалым болот. 2010-жылы Швейцария аны мыйзамсыз акчаны адалдоого байланыштуу тергеп, бирок Казакстандын каржы полициясы кылмыш ишин козгоо үчүн "далилдер жетишсиз" деп айткандан кийин ишти токтоткон.

Тажик аткаминер акчасын чет өлкөдө каткан

Ал арада OCCRP уюму Тажикстандын Согд облусунун мурдагы төрагасы, мурдагы айыл чарба министри Косим Рохбар да (Косим Косимов) Credit Suisse банкында эсеп ачтырганын ачыктады.

Иликтөөнүн авторлорунун айтымында, Рохбардын эсебинде 2004-жылдан 2011-жылга чейин 10 миллион долларга чукул акча турган. Бирок тажикстандык аткаминердин миллиондорунун төркүнү белгисиз.

Косим Рохбар (Косим Косимов).
Косим Рохбар (Косим Косимов).

Мыйзамга ылайык, тажикстандык аткаминерлерге чет жактагы банктардан эсеп ачууга жана мүлк сатып алууга тыюу салынган.

"Азаттык" радиосунун тажик кызматы "Озоди" радиосунун журналисттеринин Рохбардан комментарий алуу аракетинен майнап чыккан жок.

OCCRPнин иликтөөчү журналисттери белгилегендей, Рохбар тажик президенти Эмомали Рахмонго жакын аткаминер, көп жылдар бою өлкөнүн негизги экспорттук товары болгон пахта соодасын көзөмөлдөгөн.

Чуулгандуу иликтөөдө америкалык дипломаттардын 2008-жылдагы бири-бирине жазган каттарында Рохбарды "күмөндүү адам" деп сыпатташканы айтылат.

Косим Рохбар (Косим Косимов) 58 жашта. Быйыл жыл башында Гиссар шаарынын мэри болуп дайындалган. Ага чейин тажик президентине караштуу Тажикстандын жергиликтүү өнүгүү комитетинин төрагасы болуп иштеген. 2008-жылдан 2015-жылга чейин Айыл чарба министрлигин жетектеген.

Нахичавандын катылган миллиондору

"Credit Suisse сырларынын" материалдарына ылайык, Азербайжандагы Нахичеван автономиялык республикасынын лидери Васиф Талибовдун уулдары да банктын кардарлары болгон.

2007-жылдын аягында 19 жаштагы Сеймур Талибовдун эсебине – 40 миң доллар, 25 жаштагы Ризо Талибовго – 95 миң доллар которулган. Бул эки жигиттин эч бир компаниясы жок, банк төлөмдөрүнө “кездеме үчүн” деген белги коюлган.

Ризо Талибов.
Ризо Талибов.

Андан кийин Талибовдун уулдарына бир эле убакта 500 миң доллар которулган. Документтерде төлөмдөр "металл үчүн", "металл буюмдары үчүн", "электр жабдуулары үчүн" деп көрсөтүлгөн.

2012-жылдын аягында ага-ини Талибовдордун швейцариялык банкта 20 миллион доллардан ашуун акчасы болгону айтылат.

Журналисттер Талибовдун уулдары "Азербайжан Ландромати" жана "Тройка Ландромати" сыяктуу офшордук компаниялардан миллиондогон акча алганын банктан ачыкка чыккан маалыматтын талдоосуна таянып айткан.

OCCRP уюмунун журналисттери ашкереленген ири өлчөмдөгү акчаны адалдоо схемалары буга чейин да иликтенген.

Кошумчалай кетсек, бир тууган Талибовдор жана алардын эжеси Бахорхан Дубайдан болуп ондогон кыймылсыз мүлктү, анын ичинде хансарай, мейманкана жана бир нече кымбат батирлерди сатып алган. Алардын кыймылсыз мүлкүнүн жалпы баасы 63 миллион долларга бааланат.

Илхам Алиев жана Васиф Талибов.
Илхам Алиев жана Васиф Талибов.

Ал эми Васиф Талибов - президент Илхам Алиевдин жакын тууганы. Ал 26 жылдан ашык Нахичеван аймагын "темир муштум" менен башкарып келет. Анын тушунда камакка алынгандар сабалып, кыйноого алынган. Диссиденттер күч менен психологиялык ооруканаларга жаткырылган. Ал өз бийлигин көз карандысыз маалымат каражаттарынын оозун жабуу үчүн да колдонгон. Талибовдун өкмөтүн сындаган журналисттер менен активисттер куугунтукталып, камакка алынып, өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон.

"Credit Suisse сырлары" - дүйнөдөгү эң ири жана эң бай банктардын биринин ишмердүүлүгүн иликтеген эл аралык долбоор. Бир нече ай бою 39 өлкөдөн 48 басылманын 163 журналисти Швейцариянын чоң банктардын бири Credit Suisse банкынан алынган маалыматтарды изилдеп чыгышкан.

Анда жеке булактын ачыкка чыгарган 18 миңден ашык эсеп боюнча маалымат камтылган, алардын жалпы суммасы 100 миллиард доллардан ашкан.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG