Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:30

Кыргызстан экономикасынын 72% көмүскөдө экени айтылды


Кыргызстандын экономикасынын 72 пайызы көмүскөдө. Бул тууралуу парламенттин жыл соңундагы жыйынында “Салык кодексине” өзгөртүүлөр талкууланып жатканда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди. Мисал катары ал спирт өндүрүүчү заводдон түшкөн салыктын көлөмүндөгү өзгөрүүлөрдү келтирди:

“Биздин экономиканын 72% көмүскөдө. Мына, бир мисал, спирт заводу 300 миң дал литрге түшүп калыптыр. Азыр 700 миң дал литрден аштык. Январь-август ичинде 700 миллион салык төлөшүптүр. А сентябрь-декабрда 950 миллион сом төлөштү. Эч кандай эсеп-чот жок болуп, салыктан качып жүрүшкөн экен”.

Жогорку Кеңештин 28-декабрдагы отурумунда “Cалык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды. Анын негизги максаты – таза атаандаштык үчүн шарт түзүү менен экономиканын көмүскө бөлүгүн кыскартуу экени белгиленди. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG