Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Январь, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:53

Банк сырын жокко чыгаруу сунушу, банкирлердин кооптонуусу


Иллюстрация. Кыргызстандагы банктык карталар.

Кыргызстанда салык жашыргандар менен күрөш күчөтүлүп, алардын эсептериндеги кыймылды текшерүү үчүн Баш мыйзам кепилдеген банк сырын жокко чыгаруу сунушталууда.

Атап айтканда, Министрлер кабинети банк сырына жетишүүгө салык органдарына укук берген мыйзам долбоорун иштеп чыгып, парламентке сунуштады. Банктар кошууну бул сунуш Баш мыйзамдагы жарандардын капиталга болгон кол тийбестигин бузарын айтууда. Ошондуктан алар банк эсептерин жаап, капитал өлкөдөн сыртка качарын, салымдар азайып, насыялардын үстөк пайызы кескин өсөрүн эскерткен билдирүү таратты.

Бул ченемди сунуштаган Экономика министрлиги аталган чара салык жашырган ишкерлерге гана тиешелүү экенин, банк маалыматтары үчүнчү тарапка берилбестигин белгиледи.

Банк сыры эмнеге маанилүү?

Салык кодексине жаңы өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүүнү камтыган мыйзам долбоорун Министрлер кабинети иштеп чыгып, Экономика министрлиги парламентке сунуштады. Анда салык органдарына кошумча ыйгарым укуктарды берген толуктоолордо банк эсептериндеги кыймыл боюнча банк маалыматтарына ээ болууну караган ченемдер киргизилген. Банкирлер бул ченем иштесе, жарандардын банк эсептери тууралуу маалыматтар ачылып, алар банк аманаттарын чыгарып кете баштайт деп тынчсызданып чыгышты.

Кыргызстандын банктар бирлигинин төрагасы Анвар Абдраев мунун айынан банк кардарлары эсептерин жаап, депозиттик салымдар азаярын, насыяларды алуу жеткиликтүү болбой, натыйжада өлкөнүн экономикасы олуттуу зыян тартышы мүмкүн экенин билдирди:

Анвар Абдраев, Кыргызстандын банктар бирлигинин төрагасы.
Анвар Абдраев, Кыргызстандын банктар бирлигинин төрагасы.

"Насыялардын үстөк пайыздары өсүп, башкача болуп, кымбаттайт. Банк кызматтарынан пайдаланган ишкерлердин жана башка тараптардын кирешелери кескин түшөт. Ишкерлер менен мекеме-уюмдардын кирешесинен алынчу салыктар чукул кыскарат. Акыр-аягында салыктардын азайышынан казына толбой, тескери натыйжага ээ болобуз".

Кыргызстанда Баш мыйзам менен корголгон банк сыры сакталабы же жоюлабы, эми парламенттен көз каранды. Жогорку Кеңештин бюджет жана каржы комитети Салык кодексине өзгөртүүлөрдү 12-декабрда карады. Министрлер кабинети кодекске 157 жаңы толуктоо жана түзөтүүнү сунуштады. Анда салык органдарынын ыйгарым укуктарын кеңейткен ченемдер да бар. Маселен, салык кызматы каалаган банкка суроо-талап жиберип, ал эми банк тиешелүү салык төлөөчүнүн банк эсептериндеги кыймыл боюнча бардык маалыматтарды соттун чечимисиз эле берүүгө милдеттүү болот. Ошентип, мамлекет салык жашырып, аны төлөөдөн качкандарды же иш жүзүндө бир топ аз салык төлөгөндөрдүн изине түшүүгө мүмкүнчүлүк алат.

Экономика министри Данияр Амангелдиев салыктан качкандардын гана банк эсептери текшерилерин айтты:

Данияр Амангелдиев, экономика министри.
Данияр Амангелдиев, экономика министри.

"Сатылган товар менен которулган төлөмдүн өлчөмү дал келбей турган болсо, эмне болгон күндө дагы текшерүүлөр банк эсептери аркылуу жүрө турган болот. Мындай фактылар бар. Бир нече жолу ашыкча акча которуулар болгон. Биз бул ченемди киргизүү аркылуу бюджеттин криеше бөлүгүн 17 млрд. сомго чейин көтөрөбүз деген ойдобуз. Экинчи максат 2027-жылга чейин көмүскө экономиканы 15 пайызга чейин түшүрүүнү пландап жатабыз. Эгерде салыктарын өз убагында жана так төлөп, айырмачылыктар чыкпаган ишкердик субьектилери болсо, алардын банк эсептери текшерилбейт".

Текшерүүлөрдүн тектүү максаты

Бул демилгеге банкирлер менен ишкер чөйрө каршы чыгышты. Курамына 30га жакын кредиттик уюм кирген Банктар бирлигинин билдирүүсүндө банк сырын жокко чыгаруу жарандардын акчасынын кол тийбестигин кепилдеген Конституциялык ченемди бузууга жатары көрсөтүлгөн. Ошондой эле банктар кардарларынын банк эсептериндеги кыймыл тууралуу маалыматтар салык органдарынан башка тараптарга да жеткиликтүү болуп калышы мүмкүн деп кооптонушат. Ал эми салык жашыруу кылмышы катталганда, салык же укук коргоо органдарынын ансыз деле банк эсептерди текшерүү укугу бар экени белгиленди.

Экономика боюнча эксперт Кубан Чороев салыкчыларга дагы кошумча ыйгарым укук берүүгө дагы кандай зарылдык бар деп суроо салды:

"Эгерде салык жашырууга байланыштуу фактылар байкалып жаткан болсо, анда азыркы мыйзамдарга ылайык деле, кылмыш ишинин алкагында соттун чечими менен жарандардын банк эсептериндеги маалыматтарды алууга болот. Эгерде жанагындай ири компаниялардын эсебин текшерүү зарылдыгы болсо, анда аларга макам берип, ошонун негизинде банк эсептерин текшерсе болот. Бирок бардык эле жарандардын банк эсептерин эмес, ишкердик жүргүзгөн ишканалардын гана эсептериндеги кыймылын текшергенге мүмкүнчүлүк берсе болот. Бирок бул жерде дагы эл аралык тажрыйба боюнча текшерилип жаткан ишкер ага өз макулдугун бериши керек. Ошол эле кезде жарандардын банк эсептеринин маалыматтарын сактоо кепилдиги болушу шарт. Анткени бул аябагандай олуттуу маселе".

Банкирлер банк сыры эсептин ээсине гана жеткиликтүү болушу керек деген шарт илгертен бекитилген эл аралык эреже экенин эске салышты. Салык органы ээ болгон банк сыры үчүнчү колго өтүп кетпешине кандай кепилдик бар экени тууралуу да суроолор болду.

Мыйзам долбоорун сунуштаган Экономика министрлиги бул ченемди Банктар бирлиги жана ишкер чөйрө менен макулдашып, орток пикир табылганын билдирген.

Жогорку Кеңештин Бюджет жана каржы комитети Салык кодексине жаңы өзгөртүүлөр менен толуктоолорду ичине камтыган мыйзам долбоорун жактырып, кийинки окууга айрым жагдайларын тактап, алып келүү сунушу менен макулдук берди.

Регламентке ылайык, мыйзам долбоору үч окуудан каралып, бекитилет. Банк сырын жокко чыгарууну караган мыйзам долбоору кабыл алынса, анда Баш мыйзамга дагы өзгөртүү киреби же жокпу, азырынча белгисиз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG