Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Январь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:42

"Тойго жумшадык...". Күнүмдүк керектөөгө насыя алгандар көбөйдү


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда калкка берилген насыянын дээрлик жарымы күнүмдүк керектөөгө колдонулат.

Улуттук статистика комитетинин расмий маалыматында быйыл өлкөдө 28 миллиард сомдон ашуун насыя берилсе, анын ар бир экинчиси буюм-тайым сатып алууга, той-топур өткөрүүгө жумшалган. Ал эми айыл чарба, соода-сатык, өндүрүшкө берилген насыялар тескерисинче азаюуда. "Элдик экономика" түрмөгүндө ушул көрүнүштү эксперттер менен бирге талдайбыз.

Абал кандай?

Улуттук статистика комитетинин эсептөөлөрү боюнча, 2022-жылдын тогуз айында микронасыялоо уюмдары тарабынан 28,5 млрд. сом насыя берилген болсо, аларды алуучулардын саны 476 миң адамдан ашкан.

Микронасыяларды алган адамдардын саны 2021-жылдын январь-сентябрь айларына салыштырмалуу 2,9% азайган, бирок берилген микронасыялардын көлөмү тескерисинче 4% өскөн.

2022-жылдын январь-сентябрь айларында калкка берилген микронасыялардын дээрлик жарымы, тагыраагы 47% ашыгы керектөө муктаждыктары үчүн берилген. Дагы 24% жакыны айыл-чарба ишмердиктерин өнүктүрүүгө, 11% соода жана коомдук тамактануу чөйрөсүнө жана 7% курулуш тармагына туура келет.

Ошол эле мезгилде, Улуттук банктан билдиргендей, 2022-жылдын тогуз айында банктар тарбынан 194,2 млрд. сом насыя берилген болсо, анын ичинен 27% соода чөйрөсүнө, 19,3% айыл-чарбасына, ал эми 15,4% керектөө үчүн берилген.

2019-2020-жылдары микронасыялоо уюмдары тарабынан калкка берилген жалпы насыялардын 33,6% айыл-чарбасын өнүктүрүүгө берилсе, керектөө насыясы 28,2% менен экинчи орунда турган. Ал эми 2021-жылы керектөө насыясынын көлөмү кескин өсүп, биринчи орунга чыккан.

2021-жылдын тогуз айында калкка берилген керектөө насыясынын көрсөткүчү 36% болсо, айыл-чарба багытына 30% берилген. Башкача айтканда, былтыртан бери керектөө насыясынын көрсөткүчү 11% өссө, айыл-чарбасына берилген насыялар тескерисинче 6% азайган.

Бишкек шаарынын тургуну Авазгүл "Компаньон Банк" менен "Айыл Банктан" насыя алган тажрыйбалары менен бөлүштү.

"Биринчисин, "Компаньондон", кийинкисин "Айыл Банктан" алганбыз. "Айыл Банкта" мындай бир шарт бар болчу. Алгандан кийин алты айдан кийин төлөп баштайт экенсиң. Ошондо биз 30 миңден төлөп баштаганбыз. Биз ал насыяны толук бир жарым жыл төлөдүк. Бардык насыяларды эки тараптын макулдугу менен аласың. Төлөгөнгө келгенде кыйынчылыктар болгон. Жашап жаткан үйүбүздү, соода кылып жаткан ордубузду сатканга чейин барганбыз. Алган суммабыздан эки эсе көп кылып, кыйналып кайтарып бергенбиз. Кыйналган учурларыбыз аябай көп болду. Насыяны төлөйм деп жолдошум Орусияга барып иштеген учурлар да болду. Бизге "кийин жеңилдетип беребиз, жагдайыңыздарга карап үч айга токтотуп турсаңыздар болот" деген. Бирок андай деле болгон жок, тескерисинче "бербесеңиздер ишиңиздер сотко кетет, андай-мындай" деген коркутуулардан улам биз бар нерсебизди сатып төлөгөнгө аракет кылганбыз. Насыяны өз эркибиз менен алганбыз, бирок ошол эле учурда ай сайын төлөгөнгө келгенде кыйналып калган учурлар көп эле болду".

"Дордой" базарында соода кылган Акылбек быйыл микронасыялоо уюмдарынын биринен керектөө насыясын алып, көп өтпөй келишимди мөөнөтүнөн мурда жабууга аргасыз болгонун айтып жатат.

"Алар мындай кылат, келип товарыңды эсептейт. Эсептеп, ошого жараша акча берет экен. Мисалы, 15 миң долларлык товарың болсо, 10 миң доллар насыя берет. Үйүңдүн документтери банкта калат. Төлөп бүткөндөн кийин насыяны жабасың. Андан кийин өздөрү чакырып, "эми бүттү" деп Мамкаттоодон өздөрү чыгарып берет. 700 миң аласыңбы, 500 жүз миң аласыңбы, ага чейин үйүң камакта тура берет. Ошондо мага 700 миң сом берген, пайызы 24% болчу. Тияк-бияктан айландырып келгенде 0,1% менен кошулуп отуруп, бирөө "мунуң 30% чейин чыгып кетет экен" деп айткан болчу. Айына 30 миң сомдон төкчү элем. Төрт ай төлөгөндөн кийин эсептесем ошол мезгилде эле үстүнө 100 миң сом кошуп берипмин. Анан, алган буюмду кайра сатып, насыяны мөөнөтүнөн мурда жаап салдым".

Керектөө насыясы адамдын күндөлүк турмушу үчүн зарыл буюмдарды сатып алууга берилет. Мындай насыя узак мөөнөткө колдонуучу товарларды (эмерек, тиричилик техникасы, уюлдук телефон, унаа, азык-түлүк ж.б.) сатып алуу үчүн эле эмес, окуу жайлардагы төлөмдөрүн төлөө, салтанаттуу иш-чараларды өткөрүү, саякат, турак жайды оңдоо өңдүү керектөөгө да алса болот.

Банк же насыя берүүчү уюм керектөө насыясын иштетүүнү көзөмөлдөбөйт жана анын максаттуу иштетилишине кызыкпайт.

Кыргызстанда керектөө насыяларын той-топур өткөрүү үчүн алгандар да көп.

Сокулуктун тургуну Абдысалам быйыл небересинин бешик тоюн өткөрүү үчүн микронасыялоо уюмунан 80 миң сом керектөө насыясын алган. Буга чейин банктардан насыяларды алып, ырааттуу төлөп келгендиктен, насыя баяны жакшы болчу. Андыктан, ал үчүн насыя алуу көп кыйынчылык жаратпайт.

"Мурда жашылдандыруу боюнча 700 миң сом алган элем. Андан кийин мал чарбасына 500 миң сом алдым, андан мурда 200 миң сом алгам, калгандары эсимден да чыгып калды. Барымтага үйдү койдум, малымды, короо-сарайымда бүт сүрөткө тартып, көрүп кетишчү. Өз убагында төлөнгөнү үчүн мага токтоосуз берет. Микронасыялоо компаниясынан быйыл 80 миң сом алгам. Кечээ жакында той бергенде да алдым. Бешик тойго акчам жетпей калды, андан-мындан сураганга уялдым дагы дароо ошолорго бардым. Барсам бир нерсе деген программасы бар экен. Кирип "ушундай насыя керек" деп сурасам, "мурда алып жүргөнсүзбү?" деди, "насыя баянымды көр" дедим. Аны көрдү дагы "сиз чоң ишкер турбайсызбы" деди. Алардын ишеним арткан кардарлары болот экен, "ошонун негизинде сизге бүгүн эле беребиз" деп, дароо эле берди. Ага бешик той өткөрүп жибердим. Ай сайын 8 миңден төлөп отурам эми".

Насыялардын үстөк пайызы

Керектөө насыясы негизинен эки түргө бөлүнөт. Максаттуу насыя кардардын белгилүү бир керектөөсүнө багытталып, каражат анын колуна түз берилбейт.

Банк акчаны товарды сатуучуга же кызмат көрсөткөн тарапка которуп берет. Адатта мындай насыя дүкөндөр, туристтик фирмалар же жеке клиникалар аркылуу сунушталат. Ал эми максаттуу эмес насыялоодо бөлүнгөн каражат кардардын колуна накталай берилип, өзү каалаган ишке жумшоого мүмкүнчүлүк берилет. Мындай насыялардын тобокелдиги чоң болгондуктан, аны берүүнүн шарттары катаалыраак жана пайыздык үстөгү көбүрөөк болот.

Кыргызстанда керектөө насыясынын пайыздык чени башка насыяларга караганда жогорку көрсөткүчтү түзөт. Банктар менен микронасыялоо уюмдарынын сунуштаган керектөө насыяларынын үстөгү 18ден 30% чейин жетет. Алар негизинен сом жана доллар менен берилет. Көлөмү 3 же 5 миң сомдон башталат жана беш жылга чейинки мөөнөткө берилет.

Перизат көп жылдан бери микронасыялоо уюмдарынын туруктуу кардары болуп калганын айтууда. Ал керектөө насыяларынын күңгөй-тескейи тууралуу мындай кеп салды.

"Керектөө насыясынын жакшы да, жаман да жагы бар. Жакшы жагы максаттуу, ремонт үчүнбү, окуу үчүнбү, эмне үчүн деп айтсаң, ошого жараша берилет. Жеңилирээк да берилет, көп документ талап кылбайт. Ошентип максаттуу бергени жакшы. Мен керектөө насыяларын көбүнчө микрофинансылык компаниялардан алып жүрөм. Үстөгү өтө жогору. Экинчиден, кээде төлөй албай калган мезгилде "узартып туралы же токтотуп туралы" десең көнбөйт. Алгандан кийин албетте төлөйсүң. Бирок, кээде шартка байланыштуу каникул берүү же узартуу деген такыр жок. Бир күн кечиксе да айып кылып очойтуп үстөк кошуп салат. Ошол жактары өтө кыйын".

Кооптуулугу эмнеде?

Өкмөт абалды өзгөртүп, насыяларды өнүгүү долбоорлоруна бурууга далалат кылып келет, бирок азырынча андан майнап чыга элек.

Президент Садыр Жапаров жыл башында социалдык тармактагы баракчасы аркылуу элге кайрылып, насыя алууда өзүн актоо жагына маани берүүгө чакырган.

"Буга чейин насыя алгандан кийин аны максаттуу иштерге жумшабай койгон учурлар арбын. Жер айдоого алынган насыяга той бермей, үй оңдомой, машина сатып алмай жана башка адаттарыбыз болгонун эч ким танбастыр. Андыктан сиздерден сураныч, эми андай кылбай “бирди эки, экини үч кылып алганга” жетишсеңиздер жакшы болот эле. “Алмайдын бермейи бар” дегендей, алган насыяны сөзсүз төгүш керек экенин унутпасаңыздар!".

Талдоочу Арсланбек Кененбаев калктын финансылык сабаты өспөй жаткан маалда керектөө насыяларынын көп берилип жатышы кооптуу көрүнүш экенин белгиледи.

"Башында микронасыялоо уюмдары насыяны мал чарба куруу, соода сыяктуу бизнести өнүктүрүүгө берчү. Соңку жылдары көбүрөөк керектөө насыялары берилип жатат. Азыр тойго, техникага алышат. Бир үй-бүлөдө үч-төрт насыя болуп жатат. Негизи кедей кишилерге насыя болбойт, аларга жеке финансы менен иштөө үчүн билим керек. Насыя негизи байлар үчүн же кимдин финансылык билими жакшы болсо, ошолор үчүн жасалган инструмент. Эл эч нерсе билбейт, аларга болсо насыя берип жатат. Бул алар үчүн зыян да. Башында микронасыялык уюмдар бизнес-план кандай түзүлүшү керек, финансылык пландоо кандай болушу керек деген финансылык билим беришчү. Азыр эч кандай билим бербей туруп, керектөө насыяларын жөн эле таратып жатышат".

Эмне кылуу керек?

Керектөө насыясын берүүдө аны алуучунун келишимде көрсөтүлгөн мөөнөт жана шарттар боюнча өз милдеттемелерин аткарбай коюу тобокелдиктери бар.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматында, 2022-жылдын тогуз айында микронасыялардын кайтарымдуулугу 92,9% болуп, былтыр ушул мезгилге караганда 1,7% өскөнү белгиленет. Ошол эле маалда, Улуттук банк берилген насыялардын ичинен 2 млрд. 117,9 млн. сому мөөнөтүндө төлөнбөгөнүн кабарлайт. Ага таянсак, мөөнөтүндө кайтарылбаган насыялардын көрсөткүчү 2021-жылдын тогуз айына караганда 15,5% көп болду.

Алган насыяларын төлөөдө көйгөй жаралып калган кардарлар жеңилдик берүү талабын коюп маал-маалы менен митингдерди өткөрүп турат. Мындай акциялар 2020-жылдагы пандемиядан кийин көбөйүп келет. Алар пандемиядан улам экономика алсырап, жумушсуздук өсүп жатканы насыяны өз маалында төлөөгө жолтоо болгонун айтып, өкмөттү натыйжалуу чечим кабыл алууга чакырат.

Эксперттер керектөө насыясынын өсүшүнө негиз түзгөн калктын пандемиядан кийинки экономикалык жандануусу, банк системасынын кызмат көрсөтүүдөгү ийкемдүүлүгүнүн өсүшү өңдүү бир катар факторлорду белгилешет.

Экономист Элдар Абакиров ишкердикке берилген насыялардын азайып, керектөө насыяларынын көбөйүшү экономикада кризистик жагдайды жаратышы мүмкүн деп эсептейт.

"Биринчиден, адамдар үйлүү болуп, үйүнө көбүрөөк оокат алгысы келип, банктардын шарттары канчалык оор болсо деле, ошого барып жатышат. Үстүнө пайыз төлөп же кымбатыраак алып, ошого ыраазы болуп алышууда. Эл арасында керектөөчү маанай өсүп атат десек болот. Бул бир жагынан. Экинчи жагынан, банктарда дагы акча кенен болуп, аны таратыш үчүн элге ылайыктуураак шарттарды түзүп берип атышат. Эки жактан тең каалоо бар болгондуктан керектөө насыялары өсүүдө. Бир жагынан насыянын көлөмү өсүп атат. Бирок, анын ичинен ишкердикке алынган насыялар аз болуп атат. Бул көрсөткүч жакшы эмес. Негизи ишкердикке көбүрөөк алынса жакшы болмок. Керектөө насыялары "көбүккө" же чоң бир кризистик рецессияга алып келиши мүмкүн".

Коңшу Казакстан менен Орусияда да каржылоо уюмдары күндөлүк керектөө насыяларына олуттуу басым жасалат. Казакстандын улуттук банкынын маалыматына ылайык, Казакстанда январь-сентябрь айларында керектөө насыясынын көлөмү жалпы берилген насыялардын 53% түзгөн. Орусияда бийликтин катуу көзөмөлү астында 2022-жылдын тогуз айында берилген керектөө насыяларынын көлөмү былтыр ушул мезгилге караганда 41,3% азайган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG