Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:51

Банктарга нааразылар көп, бирок депозиттер рекорддук чекке жетти


Июнь айында Кыргызстандын банктарында жаңыдан кабыл алынган депозиттердин көлөмү 129,9 миллиард сомду түздү. Бул абсолюттук айлык рекорд. Экономикада туруксуздук өкүм сүрүп, банктарга болгон нааразылык күчөп бараткан чакта жарандар өз эсебине ушунчалык көп акча салганы таң калыштуу.

Буга бир кылка жооп жок. Азыркыдай тынымсыз өзгөрүүлөр болуп турган маалда каржылык жана экономикалык кубулуштарды даана түшүндүрүү кыйын.

“Өлкөбүздүн соңку тарыхында мындай нес кылар көрүнүш болгон эмес. Балким, 90-жылдардын башында ушуга окшош жагдай болсо болгондур, бирок 2000-жылдардан бери, азыркы банк системасы калыптангандан бери мындай кырдаал түзүлгөн эмес”, - дейт Улуттук банктын экономика бөлүмүнүн башчысы Азат Козубеков “Азаттыкка” берген маегинде.

Жаңы депозиттердин саны өсүп жатышында белгилүү мыйзам ченемдүүлүктөрдү байкоого болот. Маселен, декабрь айында жарандар жана компаниялар өз эсептерине эң көп акча салышат. Бирок январь айында банкка салым түшпөй калат. Адатта июнь айынан тартып кайра өсүш байкалат. Бирок быйылкы жыл өзгөчө болду: май айына салыштырмалуу жаңы депозиттердин көлөмү 24%, ал эми жыл башынан бери эки эсеге өстү.

Жаңы салымдардын кескин көбөйүшүнүн ыктымал себептеринин бири – экономикадагы жигердүүлүктүн жанданышы жана жайкы туристтик сезондун ийгиликтүү өтүшү деп чечмелейт Азат Козубеков.

Биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча ИДПнын реалдуу өсүшү 6,3% жетти. Экономиканын негизги тармактары — өнөр жай, айыл чарба, курулуш, кызмат көрсөтүү – баары текши өсүүдө.

“Компаниянын жүгүртүүсү канчалык чоң болсо, анын эсебинде ошончолук көп акча болот. Дал ошондуктан жаңы депозиттердин көбөйүшү экономикалык өсүштүн көрсөткүчү болуп калды”, - деп түшүндүрөт адис.

Экономика министри Данияр Амангелдиев быйылкы жылдагы антикризистик планды ишке ашырууга 126 миллиард сом бөлүнгөнүн белгилейт. Ал айткандай эле, мурда калктын аярлуу катмарына жана бюджеттик мекемелердин кызматкерлерине болуп көрбөгөндөй көп каражат бөлүнүп жатканы, ишкерлерге салыктын жеңилдетилиши, пайызы аз насыялар ички керектөөнүн өсүшүн камсыз кылды.

Экономист Илимбек Абдиев бул себептерден тышкары валюта курсунун тез өзгөрүп турганына жана айыл чарба өнүмдөрүнүн кыйла кымбаттап кеткенине көңүл бурду.

“Банк системасындагы депозиттердин өсүшүнө бир катар факторлор таасир этти: орус рублинин курсу көтөрүлдү да, анын бизге которулган агымы сомго көп алмаштырылып турду; айыл чарба азыктары кымбаттады; мугалимдердин айлыгын жогорулатылды”, - деп санап берди эксперт.

Ошол эле учурда банктарга болгон ишеним да белгилүү бир деңгээлде өстү деп эсептейт. Улуттук банк депозиттердин өсүшү акча-кредит саясатынын маанилүү натыйжасы деп ырастайт.

Акыркы айларда валюталык операцияларга коюлган ар кандай чектөөлөрдөн улам банктар каржы институттарынын ичинен эң көп сынга кабылууда. Жарандар акча которууларды кабыл алуу акысынын жогорулатылганына, накталай акча алуунун кыйындаганына жана накталай долларды сатып ала албай жатканына нааразы.

Банктар өз кезегинде Орусиянын Украинага басып киргенине байланыштуу акча жеткирүү мүмкүнчүлүгү начарлап калганын айтышат. Ал эми Улуттук банк өлкөнүн финансылык туруктуулугун сактап калуу үчүн көпчүлүккө жакпай турган чараларды көрүүгө аргасыз экенин билдирүүдө.

Картадагы акча да аманат

Калктын банк секторуна канчалык ишенери депозиттер боюнча маалыматтардан ачык көрүнүп турат.

Июнь айынын аягында банктардын депозиттик портфели 249,5 миллиард сомго же 3 миллиард долларга жеткен. Бирок бул кыргызстандыктар ушунча көп акчаны иштетпей же үнөмдөп жатат чечти дегенди билдирбейт.

Депозиттердин үчтөн бир бөлүгү – эсеп-кысаптагы сумма, башкача айтканда, депозит ачпастан эле банктык эсептерге салынган акча. Аларды каалаган убакта чыгарып кетсе боло берет. Мунун дээрлик баары юридикалык жактарга таандык, б.а. жеке компаниялардын жүгүртүү каражаттары болуп саналат. Буга жарандардын карталарындагы акча да толугу менен кирет – кызматкер өз картасына айлык алганда, бул сумма депозит катары эсептелет.

Дагы үчтөн бир бөлүгү талап кылганда төлөнүүчү депозиттер. Алар үстөк пайыз менен ачылат, бирок кардар депозиттин шарттарын көрсөтпөйт да, акчасын каалаган убакта кайра алып кете берет.

Ал эми белгилүү бир убакытка ачылган депозиттердин аз гана бөлүгү мөөнөттүү болуп саналат.

Демек, мөөнөттүү депозиттердин 33 % гана кардарлар банкта белгилүү бир мөөнөткө сактагысы келет экен. Бирок бул өтө кыска мөөнөт.

Көпчүлүк депозиттер бир жылга чейин ачык турат. Кыргызстандыктар маңдай тери менен тапкан акчасын көпкө чейин аманат калтырууга азырынча даяр эмес.

Улуттук банктын экономика бөлүмүнүн башчысы Азат Козубеков кыска мөөнөттүү депозиттер өнүгүп келе жаткан рынокторго мүнөздүү деп түшүндүрдү.

"Бул демейки эле көрүнүш. Банк секторундагы атаандаштык, экономикадагы күтүүлөр дал ушундай кырдаалды жаратты. Бул Кыргызстан үчүн да адаттан тыш жагдай эмес. Анткени өнүгүп келе жаткан мамлекеттерде пландоо мүмкүнчүлүгү ири экономикаларга караганда кыйла чектелүү”, - деп белгилейт ал.

Кыргызстандын каржы базарында акчаны сактоо жана көбөйтүү үчүн жолдорунун түркүмү анча бай эмес. Соңку жылдары корпоративдик салымдар өсүп жатса да, фондулук базар азырынча түйүлдүк абалында кала берүүдө.

Мамлекеттик баалуу кагаздар ири банктар менен каржы уюмдарын гана кызыктырат. Акциялар базарындагы жүгүртүүлөр өтө солгун. Ошол эле учурда дүйнөлүк биржалардагы соода кыйла кеңири таанылууда.

Үч жыл мурун Улуттук банк Германиянын “Шпаркасс” эл аралык кызматташуу фонду менен биргеликте үй чарбаларын иликтеген сурамжылоо жүргүзгөн эле. Ошондо калктын көпчүлүгү үнөмдөгөн акчасын үйүндө эле сактай тургандыгы белгилүү болгон.

Бош жаткан акчасын ишенимдүү кармаш үчүн кыргызстандыктар көбүнчө кыймылсыз мүлк, мал сатып алууга жумшай турганын жана банктан эсеп ачаарын айтышкан.

Акча алмаштыруу көмүскө базарга көчтү
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:06 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG