Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:36

Кыргызстанда банктарга нааразылык күчөдү


Кыргызстандын валютасы (сом) жана АКШ доллары. Иллюстрация.
Кыргызстандын валютасы (сом) жана АКШ доллары. Иллюстрация.

Кыргызстандагы коммерциялык банктардын кызмат көрсөтүүлөрүнө нааразылык күчөдү.

Кардарлар банктар накталай акча берүүдө комиссиянын өлчөмүн 5% чейин көтөрүп, которулган акчаны накталаштыруудан гана эмес, депозиттеги валютасын чыгарып алуудан дагы үстөк кармап калып жатканын билдиришүүдө. Улуттук банк мыйзам бузуулар бар экенин ырастап, ушундай операцияларды жүргүзгөн коммерциялык банктарга чара көрүлөрүн эскертти.

Фейсбук социалдык тармагында Кыргызстандагы коммерциялык банктардын кызмат көрсөтүүлөрүнө кардарлар нааразылыгын жаза башташты. Алар банктык кызмат көрсөтүүдө бир эле учурда үч операциянын түрүнөн үч ирет пайда көрүүнү ашкере сүткөрдук катары айыптап жатышат. Ошондой эле депозиттеги акчаны накталай алууда да көйгөйлөр чыгып жатканы айтылууда.

"Депозиттеги акчадан комиссия талап кылышты"

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Акбалык Жумалиева коммерциялык банктардын бири анын депозитте сакталган нак акчасын чыгаруудан комиссия талап кылганын Фейсбук баракчасына жазып чыкты:

"Эгерде мен эсебимдеги долларды "сом кылып бергиле, же тескерисинче сомду долларга алмаштырып бергиле" десем, анда акча алмаштыруу үчүн акы алынып жатканын түшүнөт элем. Бирок мен банк эсебимдеги мурда чогултуп, салып жүргөн сомду жана долларды өз-өзүнчө накталай алууну сурасам, ар бир эсептен өзүнчө 5% комиссия алынарын айтышты. Анан мен банк кызматкерине "эмнеге мен өзүм накталай салган акчадан кайра комиссия аласыңар" десем, анан кайра ары кирип кетип, бир аздан кийин чыгып, которуудан келип түшкөн 990 долларга комиссия төлөйт экенсиз деп, ошол кичинекей эле акчага 60 доллар кармап калышты. Бул кардарлардын жон терисин сыйрып алганга эле барабар".


Буга чейин Улуттук банк накталай валютанын таңкыстыгы бар экенин айтып, аларды сырттан ташып келүүдө көйгөйлөр менен байланыштырган. Ошондуктан банктар кетирген чыгымдарын жабуу үчүн накталай эмес которулган валютаны накталай берүүдө тарифтер жана комиссиялардын өлчөмү көтөрүлгөнүн жарыялаган.

"Мыйзамсыз комиссия алган банктарга чара көрүлөт"

Улуттук банктын төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиш депозиттеги накталай салынган валютаны чыгаруу үчүн комиссия талап кылган банктарга чара көрүлөрүн эскертти.

Нурбек Жеңиш.
Нурбек Жеңиш.

"Эгерде кардар мурда депозитке накталай түрдө доллар салса, анда коммерциялык банк анысын накталай түрдө кайтарып берүүгө милдеттүү. Кардар мындай учурда бул үчүн 5% комиссия төлөбөйт. Биз ушунун үстүндө иштеп жатабыз. Эгерде кайсы бир коммерциялык банк мурда накталай депозитке салынган валютадан комиссия талап кылып жаткан болсо, анда андай банкка чара көрүлөт. Бизге ушул сыяктуу маалыматтар келип жатат. Кардарлар мындай учурларда бизге арыз менен кайрылышса болот. Ал эми акча которууларда чет элдик валютаны накталай берүүдө 5% комиссияны банктар өз алдынча аныктап, жүргүзөт. Бул алардын кызмат көрсөтүүлөрүнө кирет".

Банктар сүткордуктан туйтунуп жатабы?

Финансылык аналитик Арсланбек Кенебаев валюта базарындагы олку-солкулуктан улам банктардын 2022-жылдын беш айындагы эле кирешеси 343% өскөнүн талдап чыккан. Ал муну кылмыштуу чийимдер аркылуу жасалган көрүнүш катары баалаган болчу.

"Бул жерде кандайдыр бир кылмыштуу жагдай жаралып жатат. Экспорттоочулар менен импорттоочуларга абдан кыйын болууда. Бардык ишкерлер конвертациядан ири каражатын жоготуп жатат. Конвертациялоо үчүн Казакстанга барууга туура келүүдө. Бул жердеги адекватсыз курстун айынан Казакстанга барып акча алмаштырып келип жатабыз. Теңгенин, доллардын жана евронун курсу ар дайым секирип тургандыктан ушундай түшүнүксүз кырдаал жаралууда. Ошондуктан, банктар маржаны көбөйтүштү. Доллардын, евронун, өзгөчө теңгенин сатуу-сатып алуу курсунан 10, 20, 30, 60% чейин маржа көрүп жатышат. Мындай жол менен алар өздөрүнүн тобокелдигин азайтып, бирок ири суммаларды иштетүүдө. Алар жоготкон жок, тескерисинче көп каражат иштеп алды. Бүт банктар мурунку жылдын беш айына караганда 20 млрд. сом ашыкча иштеп алды. Былтыр беш айда 6 млрд. сом операциялык киреше тапкан болсо, быйыл 26 млрд. сом тапкан. Бул 250 млн. доллар. Беш эле айда... Эгерде жыл аягына чейин эсептей турган болсок, ушундай жагдай улана берсе, анда банктар валюталык операциялардан жарым миллиард доллардан ашык пайда табышат".

Ошол эле кезде коммерциялык банктар кошуунунун төрагасы Анвар Абдраев мындай дооматты четке кагып, учурда Улуттук банктын тыкыр көзөмөлү бар экенин белгиледи.

"Ошонун баарын азыр Улуттук банк көзөмөлдөйт. Ал жакта көзөмөл жүргүзө турган тиешелүү кызматтар бар. Тиешелүү деңгээлде көзөмөл жүрүп жатат".

"Кара базардын" арааны ачылдыбы?

Мындан сырткары 8-августта өткөн маалымат жыйынында Улуттук банктын төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиш Кыргызстанда чет элдик валютага болгон таңкыстык бар экенин белгилеп, анын негизинде мыйзамсыз акча алмаштыруу ишкердиги пайда болгонун ырастады. Анын айтымында, 29 акча алмаштыруу бюросунун лицензиясы жокко чыгарылып, валюта алмаштыруунун "кара базарына" каршы чаралар жүрүп жатканын айтты.

"Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Улуттук банк тарабынан жазуу түрүндө буйруктар жана эскертүүлөр жөнөтүлгөн. Биздин негизги соода өнөктөштөр болгон өлкөлөрдөгү валюта рыногундагы олку-солкулуктун таасиринен улам учурда бизде түзүлгөн жагдайлар дагы валюта алмаштырууда жөнгө салынбаган ар кандай рыноктордун пайда болушуна шарт түзүп жатканын белгилеп кетүү зарыл".

Буга чейин Кыргызстанда Телеграмм-каналдар аркылуу доллар жана евро сыяктуу чет элдик валюталарды сатып, акча алмаштыруу операцияларын жүргүзгөн учурлар катталган.

Улуттук банк мына ошондой мыйзамсыз ишкердик менен алектенген 14 учур аныкталганын жарыялады.

Акча алмаштыруу көмүскө базарга көчтү
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:06 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG