Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:58

Жапаров: Валюта базарындагы абалды көзөмөлдөп жатабыз


Акылбек Жапаров. 8-апрель, 2022-жыл.
Акылбек Жапаров. 8-апрель, 2022-жыл.

Кыргызстанда валюта базарындагы абалды өкмөт көзөмөлдөөгө аракет кылууда. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Азаттыкка" берген маегинде билдирди. Анын айтымында, учурда бул жаатта дүрбөлөңгө түшчү кырдаал жок.

Жапаров маекте Ысык-Көлдөгү дыйкандар туш болгон көйгөй боюнча суроого дагы жооп берди.

- Акылбек мырза, соңку айларда Кыргызстандын валюталык рыногу олку-солку болуп турат. Жада калса "кара базар" жаралып, банк системасын пайдага туйтунууну каалаган топтор пайда болгонун бир катар адистер белгилешүүдө. Министрлер кабинети бул жаатта кошумча чаралар көрүлөрүн буга чейин убада кылган. Соңку мезгилдеги валюта базарындагы көйгөйлөргө көңүл буруп жатабы жана кандай чаралар көрүлөт?

- Банктар уставдык капиталынан башка каражатты пайда катары кардарлардан алуу, киреше табуу үчүн иштейт. Депозитке, башка жактардан насыяга алат. Ошол аркылуу акча таап, насыя берип, ошондон киреше табат. Азыркы тапта Орусия менен Украинанын ортосундагы атайын операциядан соң валюта рыногунда өйдө-төмөн, олку-солкулук орун алып жатат. Буга чейин жергиликтүү банктар чет элдик валютаны Орусиянын банктары аркылуу алып келсе, азыр айланып башка өлкөлөр аркылуу ташып жатат. Анын өз баасы бар экен. Банктар өз пайдасын көрүүгө аракет кылып жатат. Биз ага каршы деле эмеспиз. Ушул жерден бир нерсеге көңүл бурушубуз керек. Биз 30 жылдан ашык убакыттан бери капитализмдин шартында жашап жатабыз, бирок муну унутуп калып эле илгерки коммунисттердей талап коюп жатабыз.

- Ал түшүнүктүү. Бирок бул тармакта акча алмаштыруу жайларда доллар табылбай, ушундай кырдаалдан пайдаланып, айрым адамдар пайда табууга ашыгып жатканын, айрым аналиктер анын көлөмү эселеп көбөйгөнүн айтып жатышпайбы. Дал ушундай шартта өкмөт кырдаалга көңүл бурушу керекпи? Анын үстүнө буга чейин сиз өлкөдөн доллар мүшөктөп чыгарылып жатканын билдиргенсиздер..

- Банктардын маржасын карайлы деп жатабыз. Өлкөдө акча-кредиттик саясатка Улуттук банк жооп берет. Биз тапшырма бергенбиз. Алар банктар канчалык туура пайыздарды коюп жатканын карап, текшерип жатат. Банктар 1-4 пайызга чейин комиссия коюп жатат. Азыр анын үстүндө иштеп жатышат. Бирок суроо-талап сунушту жаратат экен. Жалпылап айтканда, андай чоң маселе жок.

- Анткен менен соңку учурда өлкөдө "валютанын кара базары" пайда болгону айтылып эле жатат. Бир катар маалымат каражаттары Телеграм сыяктуу тиркемелерде кадимкидей соода жүрүп жатканын жазышты. А түгүл алдангандар да бар экен. Ал эми акча алмаштыруу жайларда, банктарда доллар жок. Муну кантип түшүндүрсөк болот?

- Биздин өлкөдө эркин базар калыптанган. Ошондуктан эч ким алданбаш керек. Акчанын баарын банктардан алуу зарыл. Акча которууларды банктар аркылуу жүргүзүү абзел. Бизде доллар, алтын-валюталык запас жетиштүү. Өкмөт да аракеттерди көрүп жатат. Азыр дүрбөлөң түшүүгө негиз жок деп ойлойм. Башка өлкөлөрдөн валюта келип - кетип жүргөн, азыр деле келип-кетип жатат. Тек гана Орусия менен Казакстанга көбүрөөк кетип жатканына көңүл бурдук. Ал боюнча иш-аракеттер көрүлүүдө. Украинадагы окуялардан улам бизге кыйынчылык жаралып жатат. Мурда 2,5 миллиард доллар менен келчү, азыр рубль менен келе баштады. Ошондуктан Орусияда да, бизде да рублда бир-эки курс пайда болуп калды. Бирок биз рублга жооп бере албайбыз. Биз сомдун курсу үчүн жооп беребиз.

-Буга чейин Кыргызстандан чыгарылып жаткан долларды ооздуктоо боюнча өкмөт атайын механизмдерди иштеп чыгып жатканын билдиргенсиз. Ал кандай механизм жана иштелип чыктыбы?

-Ал механизмдер иштей баштады. Өкмөт өзүбүзгө киргизген жокпуз, бирок ар бир банкта иштей баштады. Башында биз накталай акча чыгаруудан 10 пайызга чейин салык алсакпы деген пландар болгон. Бирок бардык жерден эле салык алам дейсиңер деп шылдыңдагандар болууда. Ошондуктан бир аз ал пландан баш тартууга туура келди. Бирок Кыргызстанда рыноктук принциптер өз орду менен иштеп жатат деп эсептейбиз. Албетте, кыйынчылыктар болууда. Бул өзгөчө накталай төлөм жүргүзүүдө сезилүүдө. Бирок накталай эмес соода жүргүзүүдө эч кандай маселе жок. Ошондуктан мен далбастап жарандарга контролдук-кассалык машине колдонгула, банк аркылуу накталай эмес соода жүгүртүүгө өткүлө десем, аны укпагандар чыгып жатпайбы.

- Акылбек мырза, ошентсе да айрым адистер кесепети оор болот, банк системасындагы буга чейинки туруктуулук бузулду деп коңгуроо да кагып жатышат. Өкмөт бул маселеге көңүл бурабы?

- Бизде бир эле Моссоветтеги (Москва-Абдрахманов көчөлөрүндөгү) акча алмаштыруу жайлар басымдуулук кылат. Чоң деле өлкө эмеспиз. Эч кандай дүрбөлөң болбош керек. Фейсбук, Телеграмдагы айрым топторго акчасын алдаткандар түйшөлүп жатышы мүмкүн. Бирок биз бул жааттагы абалга тыкыр көз салып, көзөмөлгө алып жатабыз. Мындан ары да көзөмөл болот.

- Акылбек мырза, учурда талкууланып жаткан маселелердин бири Ысык-Көлдөгү өрүктүн баа болбой, багбандарды түйшүккө салып жатышы. Буга чейин фермерлер бир нече жолу өкмөткө кайрылышты. Ушул маселеге көңүл буруп, аракеттер көрүлүп жатабы?

- Айыл чарба тармагына быйыл өзгөчө көңүл бурулуп жатат. Өрүк климатка жараша өзгөрөт экен. Мен өзүм алма тиккен кишимин. Сортторун алмаштырып, жаңыча иштеш керек. Азыркы тапта Армениядан жаңы сортторду алып келүү боюнча эки питомник алып келели деп суранып жатам. Анткени Кыргызстанда аба ырайы өзгөрүп, өрүк жакшы түшүм бербей калып жатат. Түшүм болсо да эски бак. Ошондуктан бул жаатта иш алып барып, жаңы сортторун алып келүү боюнча аракеттер көрүлүп жатат.

- Сиз узак мөөнөттүү иштерди айтып жатасыз. Бирок өрүгү баа болбой, сыртка ташып кете албаган дыйкандар күн сайын кайрылып жатпайбы? Быйылкы маселени кантип чечесиздер?

- Биз аракет көрүп жатабыз. Жаңы эле Бакыт Төрөбаев менен сүйлөштүм, Балыкчадагы шарап заводун иштетели деп аракет кылуудабыз. Буюрса, кийинки жылы бир да өрүк жерде калбагандай болуш керек.

- Быйылчы? Быйыл түшүмү баа болбой, ыйлап жаткандар эмне болот?

-Ыйлап жаткандар өрүктү кайра иштетүүгө беришсе жакшы болмок. Ысык-Көлдүн Ананьево айылында 5,5 миң тонна өрүктү кайра иштетчү завод турат. Ал жакка эч ким алып барбай жатат. Келип үйдөн алып кеткиле дейт. 5,5 миң тонна кайра иштетүүчү завод өрүк, алма бергиле деп күтүп жатат.

- Бир эле завод жөнүндө айтып жатасыз. Бирок бул маселени системалуу чечип, жыл сайын кайталанбагандай болушу үчүн кандай аракеттер көрүлөт?

- Сөзсүз түрдө көңүл буруп, бул жаатта системалуу иштеп жатабыз. Быйыл айыл чарбага берилген насыянын 3,5 пайызын кайра иштетүүгө берип жатканбыз. Быйыл 12 пайызга көтөрдүк. Анда да чоң-чоң ишкерлерге насыя берип жатасыз деп сындагандар болду. Ошондуктан, Өнүктүрүү банкын түзүп, ал аркылуу кайра иштетүү, сактоочу, таңгактоочу жана Европага экспорттоочу ишканаларды өзүбүз түзөлү деп жатабыз. Мындан ары баарын рынокко таштап койбой, өкмөт ушуларды ишке ашырсын деп жатабыз.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG