Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:17

Айыл чарба: министрдин отчету, дыйкандын ыйы


Кыргызстандагы базарлардын бири.
Кыргызстандагы базарлардын бири.

Кыргыз өкмөтү 2022-жылдын алты айынын жыйынтыгын чыгарууда. Айыл чарба министрлиги өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жаатында аткарган ишмердиги тууралуу маалымат берди.

Расмий маалыматта белгиленген бир катар иш-аракеттерге карабай, тармактын өсүшү коомчулуктун көңүлүн жылытпай турат. Айыл чарбасына салынган рекорддук суммадагы каражаттын кайтарымы өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздай алабы?

Министр келтирген сандар, президент айткан сын

Министрлер кабинетинин биринчи жарым жылдыкты жыйынтыктаган жыйынында айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков өлкөнүн агрардык тармагын өнүктүрүү жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн казынадан 26,6 млрд. сом бөлүнгөнүн, бул мурдагы жылдарга караганда төрт эсе көп экенин белгиледи.

Аталган каражаттын айыл чарбасынын кайсы артыкчылыктуу тармактарына кандай иретте берилгенин санап келип, министр айыл чарбасынын дүң өндүрүмү биринчи жарым жылдыкта 2,1% өскөнүнө токтолду.

Айыл чарба министри журналисттерге маалымат берүүдө, Бишкек. 19-июль, 2022-жыл.
Айыл чарба министри журналисттерге маалымат берүүдө, Бишкек. 19-июль, 2022-жыл.

"Республиканын агроөнөржай тармагына көрсөтүлүп жаткан мамлекеттик колдоолор өз натыйжасын бере баштады десем жаңылышпайм. Анткени мамлекеттик колдоонун натыйжасында үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында айыл чарба продукцияларын дүң өндүрүү 92,7 млрд. сомду түзүп, былтыркы жылдын биринчи жарым жылдыгына караганда 13 млрд. сомго көп болду. Алдын ала эсептөөлөрдүн натыйжасында быйыл биз 366,6 млрд. сомго же болбосо былтыркы жылга салыштырмалуу 2,1% көбүрөөк продукция өндүрөбүз".

Арийне, бул көрсөткүч өкмөт жыйынына төрагалык кылган президент Садыр Жапаровду канааттандырган жок. Ал сарпталган ири каражатка карабай аткарылган иштин натыйжалары көңүл жылытпай турганын айтып, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо багытында ишти жандандырууну талап кылды.

"Ушунча каражат бөлүнсө да айыл чарбасында 2% өсүш деген – бул таптакыр төмөн көрсөткүч. Сиз мунун үстүндө кардиналдуу чечимдерге барып, катуу иштешиңиз керек. Азык-түлүк коопсуздугу биринчи орундан эч качан түшпөйт. Дайыма биздин көңүл чордонунда болуп турушу керек. Азык-түлүк коопсуздугу боюнча планды иштеп чыгып, бекитиңиз. Азык-түлүктүн тогуз түрү боюнча кластерди өнүктүрүүдө өзүңүздөр белгилеп өткөн алты түрүн эки жылдын ичинде толугу менен ишке ашыргыдай болуңуз".

Анткен менен Аскарбек Жаныбеков биринчи жарым жылдыктагы көрсөткүч жупуну көрүнгөнү менен кийинки жарым жылдыкта олуттуу өсүш болот деп ишендирүүдө.

"Биз, Кыргызстан былтыркыга караганда азыктык буудай менен дээрлик эки эсе көбүрөөк камсыз кылабыз. Былтыр 123,9 миң гектар жерге күздүк дан эгиндери эгилген. Быйыл 234 миң гектар жерге эгилди. Болжолдуу 630-650 миң тонна түшүм алабыз. Кант кызылчасы былтыр 10 300 гектар жерге эгилген, быйыл 9 миң гектар. Бирок былтыр жыйнаган түшүмүбүз 389 миң тонна болгон. Быйыл буюрса, 550-570 миң тонна кант кызылчасын өндүрүп, 65 миң тоннага жакын кумшекер чыгарабыз. Былтыр 45 миң тонна иштелип чыккан болчу".

Дыйкандарды сапаттуу үрөн менен камсыздоо үчүн 2022-жылдын бюджетинен 1,5 млрд. сом акча каралып, анын 1 млрд. сомуна 24 250 тонна үрөн сатып алынган. Министрдин маалыматында, Орусия Федерациясынан 8100 тонна, Казакстан менен Өзбекстандан 2000 тонна жогорку репродукциядагы буудай, арпа, май өсүмдүгү, эспарцет үрөндөрү алынып келинип, дыйкандарга эки жылдык мөөнөткө, 4,5% жылдык үстөгү менен насыяга берилген.

Мындан тышкары, материалдык резервдер фондунун кампасында 2023-жылдын жазгы себүүсүнө 6300 тонна жаздык арпа, буудай үрөнү сакталып турат. Дагы 6000 тонна 2022-жылдын күзгү себүүсүнө кылкандуу дан эгиндеринин күздүк үрөндөрү сатылып алынган, алар өлкө аймагына эми келет.

Аскарбек Жаныбеков жаңы үрөн быйылкы түшүмдүүлүктү жогорулатып жатканын белгиледи.

"Айыл чарба эгиндерин, анын ичинде дан эгиндерин жыйнап жаткан облус-райондордо алдыңкы чарбаларда 80 центнерге чейин түшүм алып жатат. Жалпысынан республика боюнча түшүмдүүлүк 30-35 центнерден айланууда. Биз жалпысынан быйылкы жылды гектарынан 29-30 центнерден дан эгиндерин жыйноо менен жыйынтыктоону болжоп турабыз. Бул былтыркы жылга караганда эки эсеге көп болмокчу".

Министр Аскарбек Жаныбековдун маалыматы боюнча, 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында эт өндүрүү былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,6%, сүт өндүрүү 1,9%, жумуртка өндүрүү 4,3% өскөн.

Анткен менен Кыргызстандын сүт палатасынын төрагасы Нурбек Жыргалбаев өсүш болуп жатат деген маалыматка кошулбайт.

"Сүт былтыркыга караганда аз. Былтыр тоют кымбат болуп, саан уйлар сатылып кетпедиби. Тоют кымбат болгондон кийин союла баштайт да. Ошол бойдон дагы эле баягы көлөмгө чыга элекпиз. Аны мындай эле билсе болот, заводдордун көбү азыр максималдуу кубаттуулукта эмес, 30% менен иштеп атпайбы. Бир эле "Үмүт" иштеп жатат, ага дагы сүт тартыш болуп жетпей калды. "Бишкексүт" 30 тонна, "Шинлайн" 30 тоннанын тегерегинде иштеп жатат. Мурун суткасына 60-70 тонна менен иштечү. "Кантсүт" 250 тонна менен иштечү, быйыл 70-80 тонна менен эле иштеп жатат. Ошону салыштырганда эле сүт аз экендиги билинип калат да".

Каржы министрлиги азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн 2022-жылдын аягына чейин бюджеттен 8,5 млрд. сом каражат бөлүүнү пландап жатканын билдирди. Министр Алмаз Бакетаев бул жааттагы кырдаалды татаал деп эсептейт. Анын айтымында, башында бул багытка 400 млн. сом бөлүнгөн, бирок тышкы жана ички азык-түлүк рынокторундагы кырдаал ал планга түзөтүүлөрдү киргизип, чыгымды көбөйтүүгө мажбур кылган.

Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасынын орун басары Рустам Каракулов керектүү азык-түлүктөрдү сатып алуу иштери жүрүп жатканын билдирди.

Рустам Каракулов
Рустам Каракулов

"Негизинен буудай, кумшекер, май сатып алабыз. Быйыл сырттан 60 миң тонна буудай алабыз. Кумшекер, май алып атабыз. Кумшекерге, майга, буудайга келишимдер түзүлүп, баарына акча кеткен. Биз көбүнчө завод-фабрикалардан түз алабыз. Буудай Орусиядан алынат, Казакстанга караганда ал жакта арзан болуп жатат. Индиядан кумшекер, майды Орусиядан алып жатабыз. Биздин милдет керектүү товардык баалуулуктарды алып келүү, сатып алуу, сактоо жана керек болгон кырдаалда чыгаруу болуп эсептелет".

Ал эми экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев азык-түлүк коопсуздугун көзөмөлдөө үчүн социалдык маанилүү азыктарды экспорттоого салынган тыюунун мөөнөтү узарышы мүмкүндүгүн билдирди.

"Биринчи ирет социалдык жактан маанилүү тогуз азыктын коопсуздугун камсыздоо. Ошолорго сентябрдын аягына чейин чектөө киргизилген. Ошол мөөнөткө импортко дагы жеңилдиктер берилген. Эгерде абал турукташпаса, анда бул чектөөлөр жыл аягына чейин узартылат. Токтом даяр, министрликтер менен макулдашылып, Министрлер кабинетине киргизилген".

"Фермерлер өзү менен өзү"

Айыл чарбасы боюнча эксперт Манас Саматов болсо өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугу туңгуюкка баратат деген пикирде. Анын көз карашында тармакка бөлүнгөн ири каражатты иштетүү мурдагыдай эле коррупциялык жол менен ишке ашып, миңдеген дыйкан-фермерлер дагы деле көңүл сыртында калууда.

"Эгер кандайдыр бир жетишкендик болгон болсо, буга Айыл чарба министрлигинин эч кандай тиешеси жок. 500 миңге жакын фермерлер өзү менен өзү эле жашап жатат, Айыл чарба министрлиги менен эч кандай байланышы жок. Эч кандай таяныч да, жардам да жок. Жанагы ооз көптүрүп айткан 26 млрд. сомдун 10 млрд. сомун өздөрү бөлүп алышты, калган 16 млрд. каякта, канчасы бөлүндү? Мен азыр Ысык-Көлдө талааларды кыдырып келдим, "насыя алдым" же "министрликтен жардам алдым" деген бирөөнү дагы учураткан жокмун. Алар өз алдынча жашап атат, бийликтин өкүлдөрү, өкмөт өз алдынча жашап жатат. Бизге анын эч кандай ысык-суугу таасир берген жок".

Бул арада дыйкандар үрөн, жер семирткич, күйүүчү май, дары-дармек, суу жана кызмат акы өңдүү чыгымдардын кымбаттыгынан улам мээнетинин акыбети кайтпай жатканын айтып даттанууда.

Сузак районунун Жыгач-Коргон айылынын тургуну Баймурат Болотов быйыл 1,7 га үлүш жерине эккен буудай өз чыгымын да жаппай жатканын айтат.

"Азап болду. Ордурганыбыз кымбат, базарга саталы десек 16 сом дейт. Мындайда биздин чыгым акталбайт. Мамлекет сезон маалында комбайндан, техника жагынан жардам берсин. Мен ушул жерге 70 миң сом чыгым кылдым".

Ал эми Аскат Нурматов 1,4 га жерге арпа эккен. Ал да дыйканчылыгынын чыгымы менен пайдасынын айырмасын таба албай турганын кеп салды.

"Арпанын мөөнөтү өтүп, башы сына баштады. Быйыл дары-дармек кымбат болгонуна байланыштуу өз чыгымын актаган жок. Мисалы, мен ушул жерге 10 миң сомго үрөн алдым, 10 миң сомго айдаттым, аркы-беркиси болуп эккенге эле 25 миң сом акча кетти. Карбамиддин өзүнө 20 миң сом акча кетет экен, бардыгы болуп чыгым 45 миң сом болду. Азыр эми бул жерди ордурсам 3 тоннадай чыгат. Килограммы он алты сомдон болсо, 3 тоннанын акчасы 50 миңге жетпейт. Өзү менен өзү, пайда жок".

Айрым дыйкандар базар баасынын арзандыгынан улам арпа-буудайын сата албай, кампада сактап отурат. Көңүлү калып, кийинки жылы дан эгиндерин экпей турганын айтышууда.

Сузак: пайдасынан чыгымы көп дыйканчылык
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:19 0:00

Экономист Элдар Абакиров айыл-чарбасындагы түшүмдүүлүктүн жылдагыдан жакшыраак көрсөткүчүн бул тармакка сарпталган миллиарддаган каражатка караганда быйылкы аба ырайынын жагымдуу болушуна байланыштырды.

"Айыл чарбада, дыйкандар деле көрүп жатат , быйыл жаанчыл болду. Өз айылымда деле көрүнгөн нерселер, былтыр 80-100 түк алгандар быйыл 250-300 түк алды. Жайыл районунан жаңылык чыкты, "биз былтыр 10-15 центнерден алсак, быйыл 40-50 центнерге чейин алып атабыз" дейт. Мында эми климаттын чоң салымы бар го дейм".

Айыл чарбасын колдоо үчүн 2022-жылга мамлекеттик бюджеттен 26,6 млрд. сом каралган. Анын ичинен "Айыл чарбасын каржылоо-10" долбооруна 6,2 млрд. сом каралып, иш жүзүндө анын 4 млрд. сому берилди. "Агроөнөржай комплексин насыялоо" долбооруна 10 млрд. сом каралып, ишкерлердин колуна анын 817 млн. сому жеткен. Суу чарба тармагын каржылоого 1,1 млрд. сом карлган болсо, анын 724 млн. сому иштетилген. Өзбекстандан 975 млн. сомго сатып келинген жер семирткич базар баасынан кымбат болуп калгандыктан, кампада сакталып турат.

Орусиядан алып келинген үрөндүн бир бөлүгү жазгы айдап-себүү иштеринен кечигип келгендиктен, кампада сакталууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG