Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:48

Улуттук тамак-аштын курамы тууралуу биринчи маалымат топтому жарык көрдү


"Кыргызстандын тамак-аш азыктарынын курамынын таблицасы" китеби.
"Кыргызстандын тамак-аш азыктарынын курамынын таблицасы" китеби.

Кыргызстанда алгачкы жолу улуттук тамак-аштын жана өлкөдө өскөн жапайы жер-жемиштердин химиялык курамы тууралуу маалымат топтому жарык көрдү.

"Кыргызстандын тамак-аш азыктарынын курамынын таблицасы" деген колдонмодо 41 жапайы жер-жемиш жана бышырылган 11 улуттук даам тууралуу кыргыз, англис тилиндеги маалыматтар камтылган.

Китептин ички көрүнүшү.
Китептин ички көрүнүшү.

Китепти Исхак Раззаков атындагы КМТУнун жана Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин илимпоздору Жамила Сманалиева, Мукарам Мусулманова, Жаңыл Искакова, Анна Гиртлова биргеликте жазган.

Илимий эмгекти басып чыгарууга Словакиянын Улуттук айыл чарба жана тамак-аш борбору колдоо көрсөткөн.

Тамак-аштын курамы боюнча маалыматтарды чогултуу эл аралык EuroFIR Excellence Network уюмунун стандарттарына ылайык жүргүзүлгөн. Андан тышкары Кыргызстанда жасалган тамак-ашты изилдөө боюнча илимий макалалар, диссертациялар жана лабораториялык отчеттор колдонулган.

Авторлор Кыргызстандын тамак-аш курамынын таблицасы келечекте бул жаатта кеңири изилдөө жүргүзүү, азык-түлүктү чет өлкөгө экспорттоо жана калктын туура тамактанышын камтыган эмгектерди жаратууга жардам берерин айтышууда.

Китептин ичиндеги тамак-аш курамынын таблицасы.
Китептин ичиндеги тамак-аш курамынын таблицасы.

Эмгекте Кыргызстанда тамак-аштын курамында витаминдер, аминокислоталар, май кислоталары жана алардын саламаттыкка таасири тууралуу изилдөөлөр жетишсиз экени белгиленген.

Колдонмо 200 даана нускада басылып чыкты. Авторлордун айтымында, ал сатыкка чыгарылбайт, илимий чөйрөдө колдонууга сунушталат.

Соңку жылдары Кыргызстанда туура эмес тамактануудан улам калктын саламаттыгы жабыркап жатканы айтыла баштады. 2021-жылы БУУнун изилдөөсүндө өлкөдө ашыкча салмактагы же толук адамдардын саны калктын 20% жакынын түзө турганы маалым болгон.

Айрыкча 2020-жылдагы коронавирус пандемиясында тургундар көп түрдүү тамак-аш сатып албай калганын, башкача айтканда, үй-бүлөлөр жашылча-жемиш сыяктуу витаминге бай азыктарды эмес, нан жана кумшекер баштаган калориялуу азыктарга басым жасап калышканы маалым болгон. (ST)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG