Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:26

Вакцина сатып алуудагы жемкорлукка шектүү дагы бир кызматкер үй камагына чыкты


Улук-Бек Бектурганов.
Улук-Бек Бектурганов.

COVID-19га каршы вакцина сатып алуудагы жемкорлукка шектүү катары кармалган дагы бир мурдагы жетекчи үй камагына чыгарылды. Шаардык соттун 17-июндагы чечими менен саламаттык сактоо министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов үйүнө бошотулганын мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

2-июнда Бектурганов менен кошо Иммунопрофилактика боюнча республикалык борбордун директору Гүлбара Ишенапысова, министрликтин дары-дармек жана медициналык буюмдар бөлүмүнүн башчысы Султан Сатарбеков кармалып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына отургузулушкан.

4-июнда Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечими менен Бектурганов 2-августка чейин, Ишенапысова 2-июлга чейин камакка алынып, Сатарбеков үй камагына алынган. Ошол эле күнү Бектурганов иштен алынган.

2-июнда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев да кармалган. Башкы прокуратура ага “коррупция”, “опузалап пара алуу”, “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана билип туруп пайдасыз келишим түзүү” деген беренелердин негизинде жалпысынан жети кылмыш иши козголгонун билдирген. Президент Садыр Жапаров аны кызматынан убактылуу четтеткен.

16-июнда Бейшеналиев үй камагына чыкты. Буга анын ден соолугу себеп болгону айтылды. Бейшеналиев менен кошо башкы прокурор Курманкул Зулушев да ишинен убактылуу четтетилген. Буга экөөнүн ортосундагы жеке мамиле да себеп экени белгиленген. Зулушев ишине 16-июнда кайрадан киришти. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG