Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:47

АКШ Сириядан кыргыз жарандарын алып келгенге колдоо көрсөтөт


АКШнын Борбордук командачылыгынын башчысы, генерал Майкл Курилла Кыргызстандын коргоо министри, генерал Бактыбек Бекболотов менен Бишкекте жолугууда. 14-июнь, 2022-жыл.
АКШнын Борбордук командачылыгынын башчысы, генерал Майкл Курилла Кыргызстандын коргоо министри, генерал Бактыбек Бекболотов менен Бишкекте жолугууда. 14-июнь, 2022-жыл.

Апта башында АКШнын Борбордук командачылыгынын башчысы, генерал Майкл Курилла Бишкекке иш сапары менен келип, Кыргызстандын аскердик жана дипломатиялык жетекчилиги менен жолукту.

Америкалык генерал "Азаттыктын" суроолоруна да жооп берди.

- Сиз Кыргызстанга Борбор Азияда гана эмес, жалпы эле дүйнөдө кырдаал бир топ оор маалда келдиңиз. Бир жагынан чөлкөм Орусиянын Украинага басып киргенинин кесепеттерин азыртадан эле сезе баштады. Экинчи жагынан Борбор Азия өлкөлөрү Ооганстандагы коопсуздукка тынчсыздануу менен назар салып турган маал. Сөздү Кыргызстанга келгениңиздин башкы максаты эмне экенинен баштасак.

- Оболу айтаарым, мен АКШ өкмөтүнүн Кыргызстандын коопсуздугун, эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн колдогон, узактан бери уланып келаткан салтын бышыктоо үчүн келдим. Өзүңүздөр билгендей, АКШ Кыргызстандын эгемендүүлүгүн биринчилерден болуп тааныган. Биздин алака-катыш 30 жылдан бери өзгөрүүсүз бойдон калууда.

Апрель айында мен АКШнын Борбордук командачылыгынын (CENTCOM) башчысынын милдетин аткарууга кириштим. Бул сапарда кыргызстандык кесиптештерим менен биринчи жолу жолугуп, Борбор Азиянын коопсуздугун чыңдоодо өз ара кызыкчылыктарыбызга төп келген мамилелерди өркүндөтүүнү сүйлөштүм.

Бул жолку Борбордук командачылык менен кызматашкан өлкөлөргө сапарым "таанышуу" иретинде болмокчу. Ар бир өлкөнүн жетекчилигинен алар туш болгон коркунучтар, өз ара алакалардагы көңүл сыртында калган маселелер, эң негизгиси биздин өнөктөштүктү бекемдөө үчүн алдыдагы мүмкүнчүлүктөр тууралуу ой-пикир уккум келет. Бул сапардын аягында АКШнын жетекчилигине 90 күндүк байкоолорумду серептеп, жазып тапшырам. Бул чөлкөм тууралуу алгачкы талдоо болмокчу. Мен жеке өзүмдүн көрүп-билгенимди гана эмес, биздин кыргыз өнөктөштөрүбүздүн жана дипломаттарыбыздын пикирин камтыганга аракет кылам. Ошентип, мен алыстан эле байкоо салбай, бетме-бет отуруп баарлашууга келдим.

- АКШнын Борбор Азияда кубаттуу аскер базалары болгон. 2014-жылы “Манас” эл аралык аэропортундагы Транзиттик борбор жабылгандан кийин Вашингтондун чөлкөм, өзгөчө Кыргызстан менен аскердик кызматташтыгы солгундап калгандай болду. АКШ менен Кыргызстандын, ошондой эле Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнүн ортосундагы аскердик кызматташтыктын азыркы деңгээлин кандай баалайт элеңиз?

- АКШ менен Кыргызстандын коопсуздук тармагындагы алакасынын узак тарыхы бар, муну Монтана штатынын Улуттук гвардиясы менен Кыргызстандын ортосундагы 25 жылдан ашуун өнөктөштүгү айгинелеп турат. Өзгөчө кырдаалдарга даярдык көрүү, гуманитардык жардам жана коопсуздук тармагындагы кызматташууда пайдубалы бекемделип калган алаканы улантайын деген ниетим бар.

Ал эми алдыда дагы көп иштер бар. Мисалы, былтыр 2018-жылдан бери толук кандуу иштебей турган Бишкектеги элчиликтин аскердик кызматташтык бөлүмүн кайрадан жандандырдык.

Аймактык коопсуздукка келгенде, Кыргызстан - АКШ кызматташтыгынын потенциалы чоң. Биздин мамилебиз өтө жакын болуп турганда Кошмо Штаттары окууга, жабдууларга жана башка тармактарда колдоо көрсөтүү үчүн Кыргызстанга жыл сайын беш миллион доллардан ашуун берип турган.

1999-жылдан бери АКШнын Эл аралык аскердик билим берүү жана окутуу долбоору 500дөн ашык кыргыз армиясынын, коопсуздук кызматынын жана министрликтин кызматкерлерин кесиптик даярдыктан өткөрдү.

- Коңшу Өзбекстан менен Тажикстанга Ооганстан тараптан ракета атылганы тууралуу маалыматтар Борбор Азияда коопсуздук маселеси канчалык олуттуу экенин дагы бир ирет көрсөттү. Чөлкөмгө ооган жергесин байырлаган радикал жана экстремисттик топтордон канчалык коркунуч бар? Мындай коркунучтун алдын алуу үчүн АКШ кандай чара көрө алат?

- Акыркы жыйырма жылда Ооганстандын кошуналары жана башка коалициялык өнөктөштөрү аймактык коопсуздукту чыңдоо үчүн АКШ менен тыгыз кызматташып келди. "Талибан" кыймылы бийликти басып алгандан кийин жана ооган-тажик, ооган-өзбек чек арасында болгон соңку окуяларды эске алганда, Борбор Азиядагы чек араларды жана коопсуздукту коргоо боюнча аймактык кызматташуунун мааниси мурункудан да артмакчы.

Белгилей кетчү дагы бир маанилүү жагдай - АКШнын чек арадагы коопсуздукту камсыздоого көрсөткөн жардамы Ооганстандан келчү потенциалдуу коркунучтардын алдын алууга жардам берет. Биз ошондой эле Борбор Азия мамлекеттеринин аймактык кызматташтыгын бекемдөө, өз ара байланыштарын чыңдоо аракеттерин колдоого умтулабыз.

Мамлекеттик департаменттин антитеррордук жардам көрсөтүү долбоору Кыргызстанда маанилүү тренингдерди өткөрөт, бир катар укук коргоо органдары менен алардын америкалык кызматташтарынын ортосундагы өнөктөштүктү бекемдейт. Мындай окуулар террордук коркунучтарды аныктоо, иликтөө жана жооп кайтаруу потенциалын бекемдөөгө өбөлгө болот.

Келечекте биз укук коргоо органдарынын ортосундагы мындай пайдалуу кызматташтыкты бекемдөөгө жана эки өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн өз ара алакасын кеңейтүүгө умтулабыз.

Сиз сураган экстремисттик топтордун аймакка тийгизген коркунучу - биз тынымсыз көз салып турчу маселе. Бул топтор жана алардын кооптуу идеологиясы бир гана Ооганстан үчүн коркунуч жараптайт. Биз аймактагы жалпы эле ушундай идеологияны жактаган топтордун бардыгына такай тынчсызданабыз.

Маселен, мен апрель айында Сириянын түндүк-чыгышындагы "ал-Хол" лагерине барганымда да тынчсыздануумду айттым. Бул кырдаал өтө опурталдуу – лагерде 60тан ашуун өлкөдөн чыккан болжол менен 57 миңдей киши жашайт. Алардын көбү "Ислам мамлекети" террордук тобунун мүчөлөрүнүн балдары жана жубайлары. Лагерде шарт өтө начар. Анда отургандардын көбү менен эл аралык коомчулуктун иши жоктой. Мындай мамиле аларды кайра экстремисттик топторго гана түртөт.

Лагер кеңейип эле баратат, кош бойлуу аялдар арбын. Чынында, "ал-Холдо" ай сайын 100дөй аял көз жарат, бул келечекте кооптуу бир нерсенин очогуна айланышы мүмкүн.

Бул көйгөйдү аскердик жол менен чечүү мүмкүн эмес. "ал-Холдогу" көйгөйдү чечүүнүн бир туура жолу - андагы ар бир адам өз өлкөсүнө, эл-жерине кайтарылып, реабилитациядан өтүп, өз коомуна кошулганы. Биз ушул багытта жардам берүүнү каалайбыз.

Биз Кыргызстандын жетекчилигине жана аскер кызматкерлерине кыргыз жарандарын "ал-Холдон" кайтаруу иштеринде жалпы эле чөлкөмдө алгылыктуу иш жасаганы үчүн ыраазычылык билдиребиз. Биз бул багытта Кыргызстанга мындан ары дагы колдоо көрсөтүүбүз керек.

- Былтыр АКШ аскерлери Ооганстандан чыга баштаганда кээ бир чет элдик маалымат каражаттары "Пентаган аскерлеринин бир бөлүгүн Борбор Азияда жайгаштырууга же аскердик база ачууга аракет кылышы ыктымал" деп жазышкан. Мындай сценарийдин келечеги канчалык?

- Терроризмге каршы өнөктөштүктүн тарыхы көрсөткөндөй, бул "балээ" менен күрөшүү глобалдык аракет болуп саналат. Биз дүйнө жүзүндөгү өнөктөштөр, союздаштар жана негизги мамлекеттер, анын ичинде Кыргызстан менен зордук-зомбулуктун үрөөнүн сепкен идеологияга, андан келип чыккан коркунучка каршы туруу үчүн ишти улантмакчыбыз.

Менин бул жолку сапарымдын максаты - Борбор Азиянын коопсуздугун камсыздоодо, чөлкөм жана жалпы эле дүйнө туш келип жаткан потенциалдуу коркунучтарга каршы туруу үчүн АКШ кандай көмөк көрсөтө аларын талкуулоо. Бул сапарда ар кандай форматта жетишилген алакалар аймактагы коопсуздукту камсыздоого өз пайдасын тигизет.

- Орусия Борбор Азия чөлкөмүндө коопсуздуктун кепили катары көрсөтүп келет. Соңку жылдары Кытайдын аймактагы таасири артып баратканы байкалат. Былтыр Тажикстан Ооганстан менен чек арасына чукул жерде Бээжин каржылаган аскердик база курууга макулдук бергени кабарланган. Аймактагы мындай жагдайды эске алганда, Пентагон Борбор Азия менен аскердик кызматташтыгын кандай элестетет?

- Борбор Азия менен коопсуздук багытындагы өнөктөштүгүбүз глобалдык алкакта жайылган баалуулуктарга негизделген. Жарандарыбыздын коопсуздугун камсыздоону жакшыртууда жалпы кызыкчылыкка төп келген аскердик, өкмөт аралык жана жарандык коомдун өкүлдөрү менен эркин жана ачык диалогго жетишүү маанилүү.

Кытай чакан мамлекеттерди өз кызыкчылыгына пайдаланып, алардын көбү Бээжинге карызын төлөй албай калса, улуттук активдерин өткөрүп берүүгө мажбур болот. Кытай насыя тараткан өлкө. Ал эми Америка Кошмо Штаттар адамдын өнүгүүсүнө инвестиция салат, биз непадам кризис болсо эки эл тең бутуна бекем турган узак мөөнөттүк, өз ара пайдалуу, туруктуу мамиле курууга умтулабыз. Кытайдын кардарлары менен карызкорлору болсо, АКШнын өнөктөштөрү жана союздаштары бар.

АКШнын коргоо министри Остин ушул аптада Сингапурдагы "Шангри-Ла" диалогунда сөз сүйлөдү. Ал Кошмо Штаттар өз өнөктөштөрүнө эч нерсени мажбурлабай турганын ачык айтты. Биз Борбор Азия менен өз ара пайдалуу кызматташууга ачыкпыз жана менин бул иш сапарым биздин чөлкөмгө көрсөткөн колдообузду айгинелейт.

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG