Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:21

Чынара Жакыпова УКМКга “Сорос Кыргызстан” фондунун имараты боюнча чакырылганын билдирди


Чынара Жакыпова. Сүрөт https://kaktus.media/ сайтынан алынды.
Чынара Жакыпова. Сүрөт https://kaktus.media/ сайтынан алынды.

Кыргызстандын мурдагы билим берүү министри Чынара Жакыпова Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен (УКМК) чакыруу кагазын алганын, маселе “Сорос Кыргызстан” фонду жайгашкан имаратты сатып алууга байланыштуу экенин бүгүн 17-июнда билдирди. Бул тууралуу ал “Фейсбуктагы” баракчасына жарыялап, имарат 1999-жылы сатылып алынганын, ал өзү фонддон 1998-жылы кеткенин жазды.

Ал чакырууну коронавируска каршы беткап тагынган эки киши алып барганын, алар өзүлөрүн Айдаралиев Кубанычбек жана Муратов деп тааныштырганын айтып, “Чакыруу кагазын тапшырышты. Тергөөчү – Н.Р. Ибраимов. “Сорос Кыргызстан” фондунун имаратын сатып алуу боюнча. Күбө катары» деп билдирди.

Жакыпова атайын кызматтын өкүлдөрү менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө алар “бир эки купуя сыр суроолору бар” деп айтышканын билдирип, “Эч ким тууралуу сөз ташыбайм. Баса, Шамил Ибрагимов да ал учурда ал жерде жок болчу. Өспүрүм бала болчу» деп жазды.

Жакыпова УКМКга оозеки чакыруу алганын “Фейсбуктагы” баракчасына 16-июнда жазып чыккан.

Коомдук ишмер, мурдагы билим берүү министри Чынара Жакыпова "Сорос Кыргызстан" фондунун алгачкы жетекчиси болгон.

2-июнда "Сорос Кыргызстан" фондунун учурдагы директору Шамил Ибрагимов да УКМКнын тергөөчүсүнө чакыртылган. Ал "Биздин фонд жайгашкан имарат боюнча маалыматтык жолугушуу болду. Кошумча маалыматтарды билгилери келиптир. Мен бардык маалыматты айттым. Башка маселе жок деп ойлоп турам. Имарат кантип алынган деген сыяктуу суроолор берилди. 24 жылдан бери бир дагы мындай маселе көтөрүлгөн эмес. Эмнеге азыр суроо болуп жатат, түшүнүксүз" деп билдирген.

УКМКнын басма сөз кызматы бул тууралуу маалымат берген эмес.

"Сорос Кыргызстан" фонду Кыргызстанда 1993-жылдан бери иштеп келе жатат. Фонд жети тематикалык тармакта гранттарды берет. Алар - коомдук саламаттыкты сактоо, билим берүү, укук, жарандык катышуу, массалык маалымат каражаттарын өнүктүрүү, санариптешүү, изилдөө багыты.

1993-2018-жылдар аралыгында аталган багыттарда ар түрдүү жергиликтүү уюмдарга жалпы 98 миллион 800 миң доллар грант берген. Бөлүнгөн гранттардын 39% саламаттык тармагына берилүүдө. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG