Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:55

Жыл башынан бери мамлекеттик ипотека насыясы 640 адамга берилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик ипотека компаниясына 2022-жылы бөлүнгөн 1 млрд. 800 млн. сомдун 1 млрд. 594 млн. сомуна 640 адамга ипотекалык насыя берилди. Бул тууралуу компаниянын төрайымы Аида Төлөгөнова 17-июнда парламенттеги "Ата Журт Кыргызстан" фракциясынын отурумунда билдирди.

Ипотекалык компания иш жүргүзө баштаган 2016-жылдан 2021-жылдын аягына чейин 6800 үй-бүлө үйлүү болгон.

Мамлекеттик ипотека компаниясынын төрайымы учурда 39 миң адам ипотекалык насыя алуу үчүн катталганын, анын 12 миңден ашууну жактырылганын, 3700 адам банкта кезегин күтүп, 640 адам насыя алып жатканын айтты.

Ушул жылдын 21-февралдан тартып "Менин үйүм — 2021-2026" турак жай программасынын алкагында өнөктөш банктар аркылуу “Жеңилдетилген ипотека” (бюджеттик тармактарда иштегендерге 4%) жана “Арзан ипотека” (бардык категориядагы жарандар 8% менен) багыттары боюнча насыяларды каржылоону жанданткан. Жарандар ипотекалык насыя алуу үчүн алгач онлайн арыз жазып, аны Мамлекеттик ипотека компаниясынын адистери жактырышы керек. Бул ирет программанын катышуучулары РСК, "Айыл банк" жана "Бакай банк".

Буга чейин Министрлер кабинети Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондундагы каражаттан ипотекалык төлөм үчүн колдонууга уруксат берген. Ага ылайык, учурда ипотекалык насыясы бар жарандар, алардын жубайлары карыздын негизги суммасын же насыя боюнча пайыздарды төлөө үчүн пенсиялык топтоо каражаттарын пайдалана алат. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG