Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:28

Литва кыргызстандык айдоочуларды окутуп, жумуш берүүгө даярдыгын билдирди


Вильнюс.
Вильнюс.

Литва кыргызстандык айдоочуларга жумуш берүүгө даяр экени 16-июнда Бишкекте өткөн Литва-Кыргызстан бизнес форумунда айтылды. Бул өлкөнүн Автомобилдик жүк ташуучулар ассоциациясынын инновациялар жана транспорттук саясат боюнча катчысы Андрюс Бурбанын айтымында, литвалык тарап кыргызстандык айдоочуларды жумуш менен камсыз кылуу үчүн окутууга да даяр.

«Литвада айдоочулар 2-3 миң евро айлык алат. Бул Европанын бир катар өлкөлөрү үчүн кадыресе жакшы маяна», - деди ал.

Андрюс Бурба белгилегендей, Европада бүгүнкү күндө 500 миңдей, ал эми жалпы дүйнөдө 22 миллион айдоочу жетишпейт.

Бишкекте өткөн бизнес форумга бир нече тармактын өкүлдөрү катышып, кызматташтыкты талкуулашты. Жыйынтыгында айрым ишканалар ортосунда келишимдерге кол коюлду.

Кыргызстанда соңку жылдары эмгек миграциясы боюнча атайын өкмөттүк долбоорлор ишке ашырылып, расмий келишимдин негизинде кепилдик менен Англияга, Түштүк Кореяга жумушчулар жөнөтүлүүдө. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG