Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:57

Сузакта дыйкандар орук акысынын кымбаттыгына нааразылык билдирүүдө


Дыйкандар жазда жер айдоонун акысы, жер семирткичтер, комбайн акысы кымбат болуп, чыгашаны жаппай жатканына нааразылык билдирип жатышат. Алар бир гектар буудай айдаган дыйкан күзгө чейин болжолдуу керектеген 35 миң сомдон ашып, жыйнап алган түшүмдүн акчасынан ашып кетип жатканын айтышууда. Дыйкандар 10 күндөп кезекте туруп буудай ордуруп жатканын социалдык тармактарда да жарыялап жатышты.

"Дыйкандар жылдап кылкандуу дан эгиндерди эгүүнү кыскартып жаткан учурда өкмөт айыл чарбага көңүл бурбай сыртта карап турганы жакшы эмес. Мындай болсо акыркы беш жылда буудай айдоо кыскарып, азык-түлүктүң баасы көтөрүлүп кетет деп кооптонуп жатабыз. Мен 50 сотых жерге эккен буудайыма 20 миң сомдун тегерегинде акча короткон элем. Эми бир тонна түшүм алдым. Буудайдын базар баасы 19-20 сомдон болуп жатат",- деди дыйкандардын Нурсултан Абдулаев.

Ал эми айыл чарба кызматкерлери элге комбайндар жетиштүү экенин жана акысы да болжолдуу 4 миң сомдун тегерегинде оруп жатышканын айтууда.

Жалал-Абад облусунда буудай аянты 18 миң 347 гектар болсо анын 9 миң гектары жыйналып бүттү. Түшүмдүүлүк гектарына үч тоннанын тегерегинде. (ТВ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG