Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:39

Зыяратчылардын алгачкы тобу Кыргызстанга кайтып келди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы (муфтият) зыяратчылардын алгачкы тобу бүгүн, 20-июлда Бишкекке учуп келгенин кабарлады. Кыргызстандыктар мусулманчылык парзын аткаруу үчүн Мекке шаарына 16-июндан тарта барган.

Бул Кыргызстандык зыяратчылардын пандемиядан берки алгачкы ажылык сапары. Быйыл юелгиленген жобого ылайык мурда ажылыктын базасына кирбеген 65 жаштан төмөнкү курактагыларга барышты.

Ажылыкка барууга 2766 квота бөлүнгөн. Коронавирус пандемиясына байланыштуу Сауд Арабиясы 2020-жылы ажылык зыяратты убактылуу токтоткондон бери кыргызстандыктар ага бара элек болчу. Ал жылы Кыргызстанга 6110 квота бөлүнгөн, сапардын баасы 3350 доллар эле. Быйыл ажылык сапардын акысы 4500 доллар болду.

Муфтият Кыргызстандан ажылыкка барам дегендерден эки жыл мурда топтолгон 636 миң доллардын дайыны чыкпай жатканын билдирген.

Кыргызстанда буга чейин ажылык сапарды уюштуруп өткөрүү жана топтолгон каражатка байланыштуу чуулуу окуялар катталган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG