Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:01

ККМ: президенттин жарлыгы, соодагерлердин нааразылыгы 


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров 28-июлда көзөмөл-кассалык аппараттарды колдонууга байланыштуу "Чакан жана орто ишкердик субъекттерди колдоо тууралуу" жарлыкка кол койду. Ага ылайык, өкмөткө көзөмөл-кассалык аппараттар (ККМ) боюнча айыппул өлчөмүн жана бирдиктүү салык ставкасын төмөндөтүү чараларын көрүүнү тапшырды. Учурда айрыкча соодагерлер арасында кассалык аппаратты киргизүүгө каршылар азая элек.

Майрам Султанова Токмок шаарындагы базарда соода кылат. Ал эгер соодагерлерди жапырт көзөмөл-кассалык аппарат колдонууну талап кылса, товарларды баасы кымбаттай турганын, элге оор болорун айтып жатат. Ал Бишкекте ККМдин киргизилишине каршы митингге дагы чыккан.

"Азыр бизге эч ким тие элек, кассалык аппарат колдонгула деп кыйнаган жок, биз деле унчукпай патент менен эле иштеп жатабыз. Эгер кассалык аппарат деп башташса чынында эле эмне кыларыбызды билбейбиз, мен эч нерсеге деле ишенбей калдым. Биз киргизилишине каршыбыз, анткени азыр ансыз деле соода жок. Элде акча жок, бардык эле базарларга барып сурагылачы, соода жок. Элестеткиле, азыркыдай кымбатчылыкта дагы кассалык аппаратты киргизишсе, биз дагы товарларга олчойгон бааны койгонго аргасыз болобуз, чыгымдын баары кардарларга тиет, ошондо соода кандай болот, мен билбейм. Кассалык аппараттарды киргизип, колдонбогондорго айып пул салып, салыкчыларды жөнөтө башташса албетте элдер кайра дүрбөйт. Азыр баарыбыз эле "өлбө жаным, өлбө" деп эле жүрөбүз. Баары эле күнүмдүк жашоо менен жашап калды, үйгө, машинага деп акча чогулткан эч ким жок. Күнүмдүк эле керектөөгө иштеп жатабыз. Тапканыбыз чай-нандан артпай калды. Мен буга чейин айлык кайсы күнү берилет, пенсия кайсы күнү берилет, билчү деле эмесмин. Азыр пенсия, маяна берет деген күндү аңдып калдык".

Жаңы Салык кодекси, көзөмөл-кассалык аппаратка каршы болуп аткан ишкерлер алардын сунуштары толук кабыл алынбай калганын айтып, дагы деле нааразылыгын билдирип жатат. Алар өкмөт патент же ККМ менен иштөөгө байланыштуу ишкерлерге тандоо бериши керек деп эсептешет.

Президент Садыр Жапаров 28-июлда чакан жана орто ишкерликти колдоо тууралуу жарлыкка кол коюп, өкмөткө көзөмөл-кассалык аппараттар (ККМ) боюнча айыппул өлчөмүн жана бирдиктүү салык ставкасын төмөндөтүү чараларын көрүүнү тапшырды. Министрлер кабинетине тийиштүү мыйзам долбоорлорун иштеп чыгып, Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүүнү милдеттендирди. Ал эми Улуттук банкка коммерциялык банктардын көзөмөл-кассалык функциясы бар POS-терминалдарды милдеттүү түрдө колдонуусун камсыздоо талабы коюлду.

Буга чейин Бишкекте жана бир катар аймактарда ККМдин киргизилишине каршы нааразылык акция өткөн. Борбор калаада өкмөт үйүнүн алдына митингге чыккандар менен Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров жолуккан. Нааразы болгондордун арасынан 10 адам тандалып алып, жагдайды карап чыгуу үчүн жумушчу топ түзгөн. Бул жумушчу топтун курамына кирген ишкер Марат Карбозов соодагерлер үчүн пайдалуу чечимдер кабыл алынганын айтып жатат

"Биздин башкы талап - ККМди киргизбөө талабы аткарылган жок. Бирок бизди ынандырган, көңүлүбүзгө туура келген жакшы нерселер болду да. Мисалы жаңы салыкка ылайык, жылдык жүгүртүүң 8 миллион сомдон ашса андан 4% салык төлөш керек болчу да. Мисалы 100 сомубуздун төрт сомун салык катары төгүшүбүз керек болчу. Анан ошону ары тартышып, бери тартышып атып 0,5% түшүрдүк. Ошондо биз 100 сомдон 4 сом эмес, 50 тыйын гана беребиз. Эгер 8 миллионго жетпесе бул салык таптакыр эле жоюлду. Товар жүгүртүүсү 30 миллиондон ашкандар болсо 1% салык төлөйт. Ошондуктан биз кассалык аппараттарды коюуга макулдук бердик".

Ушул айдын айдын башында Акылбек Жапаров жумушчу топтун акыркы жыйынын өткөргөн. Өкмөт тараткан маалыматта анын жыйынтыгында бардык ишкерлерге ККМ жана эсеп-фактураларды колдонуу милдеттүү бойдон калганы айтылган. Ишкерлерди ККМ менен камыздоодо айына 300 сомдон бөлүп төлөө шарттары каралганы белгиленген.

Андан көп өтпөй президент Садыр Жапаров өкмөттүн жыйынында ККМ колдонууга өткөрүү иштерин күчөтүүнү тапшырган. Ал Акылбек Жапаровго кайрылып, эгер ишкерлерге оорчулук туудурган жагдайлар болсо аны жеңилдетүү жактарын караштырууну тапшырган. Президент жергиликтүү бийлик өкүлдөрү дагы ККМди киргизүүгө кол кабыш кылышы керектигин эскерткен.

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

"Силер дагы баарын тактап, Салык кызматына кайрылып жагдайды түшүнүп алып аны элге жеткирип турушуңуздар керек. Дүйнө эбак өткөн электрондоштуруу системасына Кыргызстан дагы өтүшү зарыл. ККМ аппараттарын киргизүү бул бир гана салык үчүн керек эмес. Бул товарлардын сапатына карата элдик көзөмөл. Сертификат албай, салыктан качкан, өз пайдасы үчүн жанталашып жүргөн "кара ниет" ишкерлерди финансылык тартипке чакыруу. Ошондуктан бул аппараттарды бардык жерге киргизишибиз керек. Биз контрабанда, коррупция жана бюрократия менен дагы аёосуз күрөшөбүз", - деген президент.

Салык кызматынын басма сөз өкүлү Эркин Сазыковдун "Азаттыкка" билдиришинче, учурда ККМ колдонгон субъекттердин саны учурда 50 миңден ашты.

Эркин Сазыков.
Эркин Сазыков.

"Азыр 52 миңден ашык ККМ колдонулуп жатат. Бизде былтыр сентябрда болгону 21 миң аппарат колдонулуп жаткан болчу. Мунун натыйжасында салык чогултуу дагы көбөйдү. Бнш айдын жыйынтыгын ала турган болсок, 73 миллиард 600 миллион сом чогулттук, бул былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу 26 миллиард сомго көп дегенди билдирет".

Өкмөттүн эсебинде, Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) мүчө башка мамлекеттердин ичинен көзөмөл-кассалык аппаратты (ККМ) колдонууда бир канча эсе артта калды. Маселен Казакстанда, Беларуста, Арменияда 30 адамга бир ККМ туура келсе, Кыргызстанда бир кишиге 134 ККМ деп эсептелди.

Жаңы Салык кодексине ылайык, өлкө аймагындагы соода-сатык, жумуш аткаруу, тейлөө субъектилери накталай жана накталай эмес эсептешүүдө милдеттүү түрдө ККМ колдонушу керек. Мындай талап 1-августтан тартып коюла баштайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG