Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:56

ККМ: күчөгөн талап, токтобогон нааразылык


Өкмөт үйүнүн имаратынын алдындагы нааразылык акциясы, Бишкек. 13-июнь, 2022-жыл.
Өкмөт үйүнүн имаратынын алдындагы нааразылык акциясы, Бишкек. 13-июнь, 2022-жыл.

Өкмөт үйүнүн имаратынын алдына 13-июнда соодагерлер кайрадан нааразылык акцияга чыгышты. Алар ККМ (көзөмөл-кассалык машиналарды ) жана эсеп-фактуранын киргизилишине каршы экенин айтып, патент системасы калсын деген талаптарын коюп жатышат. Мунун алдында Министрлер кабинети 1-августтан тарта ККМ колдонуу талабы күчөтүлөрүн эскерткен.

Акциянын катышуучуларына Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров чыгып, чакан дүкөндөргө ККМди коюу убактылуу токтотуларын билдирди.

“Текшерүүлөрдөн улам дүкөнүм жабык”

Өкмөт үйүнүн алдына чогулган 500дөн ашык соодагер ККМге ар кандай себептерден улам каршы болууда. Бири көзөмөл-кассалык аппаратын колдонсо товарын кымбаттатууга мажбур болорун билдирсе, экинчиси жөн гана кантип иштетишти билбей турганын айтууда.

Кара-Балта шаарынан келген соодагер Рустам Дүйшөмбиев текшерүүлөрдөн улам "дүкөнүм 4-5 күндөн бери жабык турат" дейт.

“Мыйзамдын чийкилигин жашырбай айтып койгум келет. Эгер бир «чупа-чупсту» баспай кала турган болсоңуз, 13 миң сом айып. Экинчисинде 23 миң, анан 70 миң сом айып салынат. Беш күндөн бери менин дүкөнүм жабык. Ушул мыйзам менен кетсек, анда мен чыгашага иштеп калам”.

Акциянын катышуучуларына Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров чыгып, жооп берди.
Акциянын катышуучуларына Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров чыгып, жооп берди.

Жаңы Салык кодексине ылайык, Бишкек жана Ош шаарындагы ишкерлер 2021-жылдын 1-июлунан тартып ККМ орнотууга милдеттендирилген. Ал эми 20 чарчы метрге чейинки аянтты ээлеген соода түйүндөрү 2022-жылдын 1-апрелине чейин кассалык машиналар менен иштеп калышы керек эле. Андан кийин аймактарга жайылтуу аракети башталмак. Бирок өкмөттүн салык саясатына нааразылык көп болууда.

“Азыркы учурда 47 миңден ашык ККМ иштеп жатат. Эгер график менен кете турган болсок, анда 100 миңден ашык ККМ иштеши керек. Биз азыр электрондук эсеп-фактурага көзөмөл күчөттүк. Анткени дүкөндөргө товар алып келген ири компаниялар толук колдонбой жүргөн. Бирок алар чакан бизнеске караганда көп салык төлөйт. Дүкөндөр эсеп-фактураны колдонбойт. Болгону товар алып жатканда эсеп-фактураны алгыла деген талап болуп жатат”,-дейт Салык кызматынын төрагасынын орун басары Нурлан Умтулов.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров митингге чыккандардын арасынан он чакты өкүлдү кошуп алып маселени чечүүнүн жолун караштырып чыгарын айтты. Ал ККМ менен эсеп-фактура чоң ишканалар үчүн жокко чыгарылбай турганын кошумчалады.

“Мен эсеп-фактураны өндүрүүчүлөрдөн сурап жатам. Эгерде арак завод 12 машина арак чыгарып, мага бир фураныкын көрсөтүп койсо, мен эмне кылам? Мага силер жардам бергиле. Азыр “Кока-Коласын” да “Шоросун” да иреттейбиз. Эсеп-фактура ошолордо. Товар таза, туура экенин ошолор далилдеп бериши керек. Эсеп-фактура өзүнчө – бул байлардыкы. Арак, тамеки, дары-дармек, нефти саткандар ККМди да, эсеп-фактураны да колдонот. Ал эми тамак-аш, ун, шекер саткандарды ККМден керек болсо бошотуп койгонго да даярмын. Мага он кишини бергиле. Биз иштейли. Ага чейин ККМди коюуну, айып пулду салууну да токтото турабыз. Анан ар бир аймакка карата патенттин баасын карап чыгабыз”,-деди Акылбек Жапаров.

Патент жана ККМ менен иштей турган соода түйүндөрү кандай негизде бөлүнө турганы, патенттин баасы канча сомго чейин көтөрүлөрү так айтылган жок. Аны 10 кишиден турган соодагерлердин өкүлдөрү менен чогуу аныктай турган болушту. Азыркы тапта соодагерлер иш алып барган патенттин орточо баасы 4-6 миң сомду түзөт.

Өкмөт үйүнүн алдына чогулгандар Акылбек Жапаровдун сөзүнөн кийин тарап кетишти. Бирок ККМ баштапты оюнан кайтпай турганын айтып жатышат.

“Толук ынана элекпиз. Өкмөт башчы бизге жооп берди. Он кишиден турган жумушчу топ түзүлүп, мындай кийинки салык боюнча иш алып барабыз. Биз эч бир фирманын кызыкчылыгын коргоп келген жокпуз. Өзүбүз үчүн гана чыктык. Мурдагы эле пикирди карманып турабыз. Бул жерге келгендер толугу менен ККМге каршы",-деди акцияга келгендердин бири Марат Карбозов.

Көзөмөл-кассалык аппаратына (ККМ) каршы нааразылык акциясы 13-июнда Талас облусунда да өтүп. ага болжол менен 80ге жакын адам катышты.

"Патент системасы эбак эскирген". ККМге талап күчөтүлөт

Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 1-августтан тарта көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) колдонуу талабы күчөтүлөрүн эскерткен. Бул тууралуу Бишкектеги “Дордой Фуд” азык-түлүк базарында эмгектенген ишкерлер менен жолугушууда сөз кылган эле.

Жолугушууга келген айрым ишкерлер ККМге өтүү товарлардын кымбаттоосуна алып келерин айтып, айрымдары патент системасын калтырып, анын баасын ишкерлердин тапкан пайдасына карата көтөрүүнү сунуштаган.

"Арабызда патент албагандар жок эмес, бар. Аларга көзөмөлдү күчөтүп, баарын алууга милдеттендирүүгө неге болбосун. Бизге патент системасын эле калтырып бериңиздер. ККМге деле каршы эмеспиз, бирок бир аз убакыт бериңиздер, көпчүлүк ишкерлер даяр эмеспиз",-деди жолугушууга келген ишкерлердин бири.

Жапаров ишкерлерди аткезчиликке каршы турууга, мыйзамсыз соода алектенгендерди аныктоого жардам берүүгө чакырып, маселе эсеп-фактура жүргүзүү менен гана жөнгө салынарын белгиледи.

"Аткезчилик менен келип жаткан товарларды кимдер алып келип жатат? Ошолорду айткылачы. Алар түнү менен эле алып келип, таратып салып атышат. Мына азыр эле Алматыдан кездеме алып келе жаткан жүк ташуучу унаа кармалды. Толгон-токой таңгак кездеменин ар бирин бир сомдон деп каттатып коюптур. Биз мунун баарын иреттейли деп жатабыз. Мунун баары иреттелет".

18-январда кабыл алынган жаңы Салык кодексине ылайык, Кыргызстанда ишкердик субъектилер жапырт көзөмөл-кассалык аппараттар менен иштөөгө милдеттендирилген. Бирок мыйзам кабыл алынардан мурун да, андан кийин да ири базарлардагы соодагерлердин, ишкердик ассоциацияларда нааразылыктарын жаратты. Өлкөнүн бир катар шаарларында жеке ишкерлер ККМ колдонуу кымбатчылыкка алып келерин айтып, каршылык акцияларын өткөрдү.

6-июнда Ош шаарында кассалык-контролдук аппараттын (ККМ) коюлушуна каршы болгон отуздай соодагер мэриянын астына акцияга чыкты. 30-майда ККМге каршы акция Бишкекте жана Таласта да өттү. Бүгүн, 13-июнда дагы Бишкек менен Таласта болду.

Ошол эле маалда ишкерлер арасында Кыргызстанда көзөмөл-сактык кассаны киргизүү зарылчылыгы эбак эле бышып жетилгенин айткандар көп. Түркияда жана Кыргызстанда ишкерлик кылган Айбек Сарыгулов ККМ системасы экономиканы гана эмес, ишкерликти да өнүктүрүүгө өбөлгө болот деп эсептейт.

"Патент системасы эчак эле эскирген. 2010-жылы эле бул системадан кетүүгө тийиш болчубуз. Бул система капитал аз убакта гана керек. Бирок капитал көбөйгөндө андан кетип, өнүгүү керек. Ишкерлер белгилүү бир капитал топтогон соң, фирма куруп, жоопкерчилиги чектелген же жогорулатылган ишканаларга өтүүсү керек. Антпесе ишкерлик өнүкпөйт".

Айбек Сарыгуловдун пикиринде ККМ системасы экономиканын өсүүгө эң зарыл болгон кадамдардын бири.

"ККМ системасы - замандын талабы. Биз кечигип жатабыз. Үч жолу төңкөрүш кылабыз деп ансыз деле бир кыйла артта калдык. Ошондуктан, өтүшүбүз керек".

Соодагерлердин көзөмөл-кассалык жабдыгына каршы чыгышын айрым расмийлер ири ишканалардын көкүтүүсү менен болуп жатат деген таризде сынга алган учурлары болду. Бирок нааразы болгондор ККМге каршылык - системаны киргизүүнүн шарттарынын татаалдыгынан болуп жатканын айтууда.

Өкмөт алгач накталай эмес төлөмдү ишке ашырууга тийиштүү инфратүзүм түзүп бериши керек дейт ишкер, экономист Азамат Акелеев.

"Айландырган акчасы көп ишкерлер деле аз акча иштетип, аз пайда тапкандар сыяктуу эле патентке төлөп коюп отурушат. Мындай болбошу керек. Бирок кептин баары - ККМ системасын киргизүү, иштетүүнү жөнөкөйлөтүүдө. Көзөмөл кассалык аппараттын жаңысын талап кылуудан мурун аны менен ишкерлерди камсыз кылуу керек. Мисалы, биз алалы десек, кымбат, тартыш болуп жатат. Айла кеткенде биз электрондук түрүнө өтүп, телефонго тиркемесин жүктөп алдык да, ага чекти басып чыгаруучу принтерди байлап койдук. Мындан тышкары ККМ менен иштөөнү ишкерлерге оңойлотуп, салык кызматтарында сааттап кезекке тургузбай, оңой жолу менен ага туташууга жана салыкты оңой төлөөгө шарт түзүп берүү керек".

Салык кызматынын маалыматына ылайык, учурда өлкө боюнча кассалык жабдыкты колдонуп жаткан ишкер субъекттердин саны 45 миңден ашты.

Көзөмөл-кассалык жабдыкты жайылтуунун жолу катары Салык кызматы 10-майда чек талап кылгандар үчүн кызыктыруучу лотереялык оюнду баштаган. Лотереяга кардарлар сатып алуудан алган кассалык чектери менен катыша алат. Өкмөт бул акция соода жайларында кассалык чекти талап кылууга түрткү берет деп эсептейт. Бирок көзөмөл-кассалык жабдыкты ишке киргизүү жол-жоболору азырынча ишкерлерди толук ынандыра албай жатат.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG