Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:55

Ош: ККМдин коюлушуна каршы болгон соодагерлер акцияга чыгышты


Акцияга чыккандар. 6-июнь. 2022-жыл
Акцияга чыккандар. 6-июнь. 2022-жыл

Бүгүн, 6-июнда Ош шаарында кассалык-контролдук аппараттын (ККМ) коюлушуна каршы болгон отуздай соодагер мэриянын астына акцияга чыкты.

Алар ККМ менен иштөө талабы коюлгандан кийин эсеп-фактурасы менен иштөө татаалдашканын айтып, президент Садыр Жапаровго патент системасын калтырууну өтүнгөн кайрылуу жолдошту.

Чогулгандар менен Ош шаардык салык кызматынын жетекчисинин орун басары Жолборс Бакиров жолукту. Ал ишкерлерди кабыл алынган мыйзамга баш ийүүгө чакырып, салыкчылар чечимди аткарууга милдеттүү экенин белгиледи.

Салык боюнча жаңы мыйзамга ылайык, өлкө аймагындагы соода-сатык, жумуш аткаруу, тейлөө субъектилери накталай жана накталай эмес эсептешүүдө милдеттүү түрдө ККМ колдонушу керек. Мындай талап 1-августтан тартып коюла баштайт. Бир катар ири базарларда иштеген соодагерлер буга карата нааразылыгын билдирип, митинг-пикет өткөрүшкөн. Алар ККМ колдонсо, товарын кымбаттатууга мажбур болорун айтышкан. Президент Садыр Жапаров 8-февралда Бишкектеги “Дордой” жана “Ош" базарларына барып, ишкерлерге ККМди ишке киргизүү максатын түшүндүргөн. Ал Кыргызстанда экономиканын 40% көмүскөдө калганын, ошону алып чыгуу аракети көрүлүп жатканын, кичи жана орто бизнес жабыркабасын деген аракет көрүлөрүн айткан. Экономика жана коммерция министрлиги базарда ККМ колдонбоого уруксат берүү маселесин атайын түзүлгөн жумуш тобу талкуулап жатканын, алар үчүн салыктын өзүнчө түрүн киргизүү маселеси караларын, чечим кабыл алына электигин 18-майда билдирген. (AAb/JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG