Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:32

Улуттук банк: Валюта базарындагы абал салыштырмалуу туруктуу


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук банк Кыргызстандын валюта рыногундагы азыркы абалды салыштырмалуу туруктуу деп баалап жатканын мекеменин басма сөз кызматы “Азаттык” радиосуна 22-ноябрда билдирди.

Мекеме акыркы мезгилде өлкөдө долларга суроо-талап маал-маалы менен жогорулашы байкалып жатканын белгилеп, Кыргызстандагы өзгөрүлмө алмашуу курсу саясатына ылайык, доллардын кыргыз сомуна карата курсу ички валюта рыногундагы чет өлкө валютасына болгон суроо-талапка жана сунушка жараша эркин түзүлөрүн, андыктан кайсы бир күндөрдө курс жогорулашы да, төмөндөшү да мүмкүн экенин эскертти.

“Улуттук банк ички валюта рыногунда да, тышкы финансы рыногундагы жагдайга да туруктуу негизде талдоо жүргүзүп турат жана зарыл болгон учурда жүргүзүлүп жаткан акча-кредит саясатына ылайык тиешелүү чараларды көрөт” деп айтылат Улуттук банктын басма сөз кызматынын маалыматында.

Соңку күндөрү Кыргызстанда, айрыкча Бишкектеги акча алмаштыруучу жайларда да, коммерциялык банктарда да доллар тартыш болуп жатат. Кардарлар долларды накталай да, онлайн аркылуу да сатып ала албай жатканын айтып, даттанууда.

16-ноябрда доллардын курсун турукташтыруу үчүн Улуттук банк быйыл алтынчы жолу интервенция жүргүзүп, сатыкка 55,2 миллион доллар чыгарган. Ага чейин сатыкка коюлган сумма жалпысынан 339,5 миллион долларды түзгөн. Мындан тышкары быйыл Улуттук банк алгачкы жолу кайтарма интервенция да жүргүзүп, жети ирет сатып алуунун жалпы суммасы 190 миллион доллар болду. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG