Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:17

Уруксатсыз курулушу бар 28,9 миң гектар жер трансформация болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда жер мунапысы алкагында бүгүнкү күнгө карата дээрлик 29 миң гектар трансформация болгонун бүгүн 23-ноябрда Бишкекте өткөн пресс-конференцияда айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди. Анын айтымында, бул жараянды келерки жылдын башына же быйылкы жылдын соңуна чейин жыйынтыктоо пландалууда:

“28 миң 900 гектар жер трансформация болуп, 146 миң кыргызстандык үй-бүлөгө “кызыл китеп” жазып берүү процесси жүрүп жатат. Бул иш бардык райондордо бекитилген графикке ылайык жүрүүдө. Кийинки жылдын башында маселе жабылат деп ойлойм. Балким, быйыл жыл соңуна чейин. Мынча көп документти толтуруу оңой эмес”.

Уруксатсыз курулган үйлөрдүн жерин мыйзамдаштырууга багытталган «Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» мыйзамы быйыл апрель айында кабыл алынган. Анын максаты жер участокторуна мунапыс берүүнүн укуктук негиздерин, шарттарын жана тартибин аныктоо экени белгиленген.

Жер мунапысы бир жолку гана өнөктүк болорун, анын алкагында 29 872 гектар трансформация болуп, ал жерлердеги мыйзамсыз, өз алдынча курулган 142 миң үй жана пайдубал мыйзамдаштырыларын, алардын 127 миңден ашыгы үй, 15 миңдейи пайдубал экенин 3-июнда айыл чарба министринин ошол кездеги орун басары Нурлан Шерипов билдирген. Жер мунапысын 40 райондо, 20 шаарда уюшулуп жаткан 60ка жакын комиссия ишке ашырууда. Өнөктүккө эки жылдык мөөнөт берилген. Шерипов чоң электр зымдары же газ түтүктөрү өткөн жердин жана көрүстөн, санитардык полигондун жанында жайгашкан үй-пайдубалдарга мунапыс берилбей турганын айткан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG