Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:33

Түркиянын Дүзже аймагындагы жер титирөөдө 35 киши жараат алды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

23-ноябрда Түркиянын Дүзже аймагында күчү алты баллга жеткен жер титирөө катталды. Силкинүүнүн күчү баш калаа Анкара, Стамбул, Бурса жана Измир шаарларында да сезилди.

Ички иштер министри Сулайман Сойлу аймакта жер титирөөдөн жабыркаган жарандардын абалы такталып жатканын Твиттерге жазды.

Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги 35 киши жараат алганын кабарлады.

Түркиялык маалымат каражаттары дубалдары кулаган үйлөр жана имараттар бар экенин жазып жатышат.

Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги жабыр тарткандардын арасында кыргызстандыктар жок экенин билдирди.

Түркияда эң күчтүү жер титирөө 1999-жылы 17-августта да ушул Дүзже аймагында болгон. Кырсыктан 18 миңден ашык киши каза таап, 25 миңге жакыны жабыркаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG