Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:13

Баткен: Жолдо каза болгон сегиз адамдын бешөө бир үй-бүлөдөн экени кабарланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Баткенде жол кырсыгынан сегиз адамдын өмүрү кыйылды. Кырсык 22-ноябрдын кечинде Ош–Раззаков автожолунун 212-чакырымында болгонун “Азаттыкка” облустук Жол коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынан билдиришти.

Баткен тарапты көздөй бараткан кичи автобус менен Ошко бараткан жеңил машине сүзүшүп, беш адам ошол жерден, үчөө ооруканага жеткирилип жаткан учурда үзүлгөн. Дагы бир адам облустук биргелешкен ооруканада оор абалда жатат.

Милиция окуянын чоо-жайын териштирип жатат.

Айрым маалыматтарга караганда, каза болгондордун бешөө бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү.

Үч күн мурда Бишкек-Ош жолунун Каракөл шаарындагы бөлүгүндө жол кырсыгынан алты адам каза болгон.

Быйылкы жылдын сегиз айында Кыргызстанда жол кырсыгынан 379 адамдын өмүрү кыйылганын ички иштер министри Улан Ниязбеков өкмөттө жол коопсуздугуна байланыштуу жыйында билдирген. Министрдин айтымында, жалпысынан бул убакыт аралыгында өлкөдө 4284 жол кырсыгы катталып, 6651 адам жараат алды. Былтыр январдан августка чейинки мезгилде 552 адам каза болуп, дагы 7215 адам жараат алган. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG