Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2022 ишемби, Бишкек убактысы 03:59

ЖККУнун Ереван саммити эмне үчүн маанилүү?


ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн аскерлери

Ереванда Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө өлкөлөрдүн лидерлеринин саммити башталууда. Уюмдун катчылыгы, саммитте эл аралык жана аймактык коопсуздук көйгөйлөрү менен кошо Арменияга жардам берүү маселеси талкууланат.

Аймактагы абал, Арменияга жардам талкууланат

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Еревандагы кезектеги жолугушуусу дүйнөдө коопсуздук маселеси курчуп, анын салмактуу мүчөсү болгон Орусия Украина менен согушуп жаткан учурда өтүп жатат.

Ага уюмга мүчө мамлекеттердин лидерлери катышары күтүлүүдө. ЖККУнун катчылыгы жыйында эл аралык жана аймактык коопсуздук көйгөйлөр, уюмдун кризистик кырдаалда чара көрүүнү жакшыртуу жолдору талкууланарын кабарлады. Мындан сырткары Арменияга жардам көрсөтүү боюнча талкуу жүрөрү белгилүү болду. Бирок кандай жардам жөнүндө сөз болуп жатканы беймаалым.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бул саммитке катышуу үчүн учуп кеткени кабарланды.

Президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Арзымбаев жыйында эл аралык коопсуздук маселелери талкууланарын билдирди.

"Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясынын алкагында ЖККУ өлкөлөрүнүн лидерлери Армения Республикасынын уюмга төрагалык кылуусунун жыйынтыгын чыгарышат жана Беларус Республикасынын төрагалыгы маалындагы ишмердүүлүктүн артыкчылыктуу багыттары жөнүндө маалыматты угушат.Мындан тышкары, ЖККУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы шериктештикти бекемдөөгө, ошондой эле уюмдун ишмердүүлүгүн жөнгө салууга багытталган бир катар документтерге кол коюу пландалууда”, - деди Арзымбакиев.

Бул сапардын жүрүшүндө президент Жапаровдун кайсы бир өлкө жетекчилери менен эки тараптуу жолугушуусу болобу же жокпу расмий тактала элек.

Президенттер жолукканга чейин ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жолугушуусу өттү. Анда аймактагы абал талкууланып, саммит учурунда жыйырма жакын документке кол коюлары белгилүү болгон.

ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин Еревандагы жолугушуусу. 22-ноябрь, 2022-жыл
ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин Еревандагы жолугушуусу. 22-ноябрь, 2022-жыл

Мындан сырткары уюмга мүчө өлкөлдөрдүн Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын жолугушуусу болору айтылды.

Уюм катчылыгы жолугушуу жыйынтыгында нацизм, неонацизм, экстремизм жана ксенофобиянын ар түрдүү формаларын даңктоону айыптаган билдирүү таратарын алдын ала эле кабарлады.

Ереван Путинди нааразылык акция менен тосуп алды

Саммиттин алдында Ереванда орус президенти Владимир Путиндин сапарына каршы акция өттү. "Азаттыктын" армян кызматы жазгандай, акцияны "Улуттук-демократиялык полюс" деп аталган оппозициячыл партиянын тарапташтары өткөргөн. Алар орус президентинин келишине каршы ураандарды чакырып, ЖККУну Карабак согушунда жардам көрсөтпөгөнү үчүн сындашкан. Оппозиция 23-ноябрда да акция өткөрүүгө камынып жатканын жарыялады.

Бул 2020-жылдагы Тоолуу Карабактагы 44 күндүк согуштан кийинки Путиндин Ереванга келиши болот.

Негизи ЖККУдагы орчундуу көйгөйлөрдүн бири Тоолуу Карабактагы абал болуп келет.

Уюмдун мүчөсү Армения талаштуу аймакта позициясы начарлап, 2020-жылдагы алты жумалык согушта бир катар райондор Азербайжандын ээлигине өткөндөн бери аскерий бирикмедеги өз өнөктөштөрүнөн көмөк сурап келет.

Акыркы жолу быйыл сентябрда Тоолуу Карабакта чыңалуу башталганда Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян ЖККУга кайрылып, жардам сураган. Андан кийин уюм кырдаалга жеринен байкоо салуу үчүн атайын миссия жөнөтүү чечимин кабыл алган.

Акыркы мезгилде Арменияда бул уюмга мүчө болушуна ичи чыкпаган маанай күчөгөндөй. Быйыл күзгө тарта Ереванда Армениянын ЖККУдан чыгышын талап кылган бир катар митингдер өткөн. Анда Тоолуу Карабактагы соңку куралдуу кагылышууда уюм жетиштүү жардам көрсөтө алган жок деген пикирлер айтылган. Айрыкча, быйыл күздө уюмдун атайын миссия жиберүү менен гана чектелген кадамы армяндардын нааразылыгын жараткан.

ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн арасында Тоолуу Карабак маселесинде эске ала турган дагы бир жагдай бар. Бул уюмга мүчө болгон Кыргызстан, Казакстан сыяктуу өлкөлөр Карабак маселесинде жаатташкан экинчи тарап болгон Азербайжан менен Түрк мамлекеттер уюмунда өнөктөш.

Мындан эки апта мурда түрк тилдүү мамлекеттердин саммити Самаркандда өткөн учурда Азербайжан жана Түркия Тоолуу Карабак маселесин көтөргөн.

Кыргызстанга мааниси кандай?

Кыргызстанда деле Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна карата пикир бир кылка эмес. Бул айрыкча эки жыл катары менен орун алган кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал учурунда сезилди. Ал мезгилде өлкөдөгү бир катар саясатчылар ЖККУнун бул жаңжалдагы кайдыгер позициясын сынга алып, коопсуздук жаатында реалдуу уюмга айлана алган жок деген пикирлер айтылган.

Расмий Бишкек быйыл октябрда Балыкчада өтө турган ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн “Бузулбас боордоштук” командалык-штабдык машыгууларын уюштуруудан баш тарткан. Муну Кыргызстандын расмий өкүлдөрү 14-17-сентябрдагы Тажикстандын Кыргызстанга болгон "куралдуу кол салуусуна байланыштуу" деп түшүндүргөн.

Анткен менен кыргыз-тажик чек арасындагы абал менен Тоолуу Карабактын принципиалдуу өзгөчөлүктөрү бар. Экинчи жагдайда жаатташкан тараптардын бири Азербайжан уюмга мүчө болбосо, Кыргызстан жана Тажикстан ЖККУнун мүчөлөрү.

Буга байланыштуу кыргыз бийлиги Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) уставдык документтерине толуктоо киргизүүнү сунуштаган. Анда мындан ары куралдуу кол салууга жол бербөө жана бардык келишпестиктерди ортодогу келишимдин жана уставдын негизинде тынчтык жолу менен чечүү үчүн уюм ичинде механизмдерди тез арада ишке киргизүү каралган.

Анын үстүнө кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча муз ордунан жыла баштаганын өткөн аптада президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кыйытты.

Кыргыз-өзбек чек арасын караган парламент жыйынында Садыр Жапаров Тажикстан менен чек араны жыл аягына чейин тактоого аракет кыларын шардана кылды.

"Эми Кудай буюрса, Тажикстан менен чек ара тилкелерибизди бүтүрөбүз. Тоскоолдуктар болбосо жаңы жылга чейин бүтүрүп алып келебиз деп жатабыз. Бүгүн айтылып өттү, 199 миң чарчы чакырым болсо, эми 210 миңден ашыгыраак чарчы чакырым болуп биздин картабыз чоңоюп жатат. Тажикстан менен да бүтүрөбүз”.

Бул план ишке ашса, ЖККУнун ичиндеги талуу көйгөйлөрдүн бири чечилгендей болот.

Бул жолку саммит жыл башынан бери уланып жаткан Орусия менен Украинанын согушу курчуп турган маалга туш келди. Соңку айда орусиялык күчтөр Украинадагы позициясын жоготуп, Херсонду таштап кетүүгө аргасыз болду. Согушту баштаганы үчүн Батыштын санкцияларынын бутасында калган орус бийлиги акыркы апталарда "Чоң жыйырманын" жыйынында дүйнөлүк коомчулуктун изолоциясын өзгөчө сезди. Бул согуш башталгандан тарта аскерий уюмдагы өнөктөштөрү жардамга келеби деген маселени орус медиасы утур-утур көтөрүп келет.

Бирок ЖККУнун курамындагы Казакстан уюмдун катарында Украинадагы жаңжалга аскер жөнөтпөй турганын ачык айткан.

1992-жылы негизделген ЖККУнун курамында алты өлкө бар – Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан. Тиешелүү документтерде уюмдун негизги максаты - ага кирген өлкөлөрдүн аймагын армиянын күчү менен тышкы согуштук агрессорлордон, эл аралык террористтерден, чоң масштабдагы жаратылыш кырсыктарынан коргоо деп белгиленген.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG