Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:39

Садыр Жапаров айрым аймактык уюмдардын кайдыгерлигине нааразы


Президент Садыр Жапаров Азиядагы Кеңешмесине мүчө мамлекеттердин VI саммитинде. Астана. 13-октябрь, 2022-жыл.
Президент Садыр Жапаров Азиядагы Кеңешмесине мүчө мамлекеттердин VI саммитинде. Астана. 13-октябрь, 2022-жыл.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров айрым абройлуу аймактык уюмдардын кайдыгерлигине нааразы экенин билдирип, аймактагы туруктуулукка таасир этүүчү чыр-чатактарды болтурбоо үчүн колдо болгон мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланбайт деп сындады.

Мамлекет башчы бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда Астана шаарында өтүп жаткан Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге (Азия Кеңешмеси) мүчө мамлекеттердин VI саммитинде сүйлөп жатып айтты.

"Бүгүнкү күндө биздин форматтын мейкиндигинде жаңы гибриддик формаларда көрүнгөн салттуу коопсуздук чакырыктары жана коркунучтары калууда. Коронавирус пандемиясынын таасиринен толук чыга элек глобалдык экономика азыр эл аралык чыңалуудан улам жаңы соккуларга кабылды. Тилекке каршы, иштеп жаткан абройлуу регионалдык уюмдар аймактагы стабилдүүлүккө түздөн-түз таасир этүүчү чыр-чатактарды болтурбоо үчүн колдо болгон мүмкүнчүлүктөрдү жана механизмдерди ишке ашырууга толук аракет кылбайт", -деди Садыр Жапаров.

Президент жалпы дүйнөдөгү коопсуздук маселесинен улам аймактагы мамлекеттер көп тараптуу коопсуздуктун жана туруктуулуктун комплекстүү, бекем системасын камсыз кылууда ишенимге негизделген кызматташтыкты түзүүгө жана тереңдетүүгө тийиш экенин белгиледи.

Садыр Жапаров аймакта коопсуздукту камсыз кылуу, Ооганстанды кайра курууга көмөктөшүү маселелери, аймактык ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу Азия Кеңешмесинин алкагында приоритеттүү милдеттер бойдон калууга тийиш деп эсептейт.

Мындан тышкары президент Жапаров кеңешмеде кыргыз тараптын экономикалык өлчөмдүн "соода жана инвестиция" тармагындагы тең-координатору болуу чечимин белгиледи. Мамлекет башчы учурда Азия дүйнөлүк экономиканын локомотиви экенин эске алуу менен Кыргызстан экономикалык багытта жемиштүү кызматташтыкты күтөрүн айтты.

Бүгүн, 13-октябрда Астана шаарында Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге мүчө мамлекеттердин VI саммити өтүп жатат.

Иш-чара Казакстандын Эгемендүүлүк сарайында өтүп жатат. Жыйынга кеңешмеге мүчө-мамлекеттердин, байкоочу-мамлекеттердин, байкоочу уюмдардын, өнөктөш уюмдардын делегациялары катышууда. Саммитке Казакстан жетекчилик кылууда.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров аталган саммиттен тышкары Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына жана "Борбор Азия + Орусия" мамлекет башчыларынын саммитине катышат. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG