Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:48

УКМК "Байрактар" боюнча түшүндүрмө бере элек


Камчыбек Ташиев Bayraktar Akinci менен. Октябрь 12, 2022. (Сүрөт Ташиевдин "Фейсбук" баракчасынан алынды).
Камчыбек Ташиев Bayraktar Akinci менен. Октябрь 12, 2022. (Сүрөт Ташиевдин "Фейсбук" баракчасынан алынды).

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев "Фейсбуктагы" баракчасына "Байрактар" учкучсуз учуучу аппараттарынын "Акынжы" деп аталган түрүнүн жанына түшкөн сүрөтүн жарыялады.

Сүрөттүн алдына: "Акынжы" биздики! Боордош элибизге ыраазычылык! 12.10.22", -деп жазган Ташиев.

Азырынча учкучсуз учуучу аппарат Кыргызстанга кандай жол менен таандык болуп жатканы тууралуу түшүндүрмө бериле элек.

12-октябрда Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Түркиянын Анкара шаарына жумуш сапары менен барган. Аны менен чогуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, транспорт жана байланыш министринин орун басары Табылды Тиллаев, өкмөт башчынын кеңешчиси Нурлан Сулайманов барганы белгилүү болду.

Иш сапар учурунда Акылбек Жапаров Түркиянын вице-премьер-министри Фуат Октай менен жолукканы, эки тараптуу кызматташтыкты талкуулаганы расмий кабарланды.

13-сентябрда УКМКга караштуу Чек ара кызматынын учкучсуз аппараттар базасы ачылган. Былтыр декабрда Чек ара кызматына Түркияда өндүрүлгөн "Байрактар" учкучсуз аппараттары тапшырылган.

Президент Садыр Жапаров былтыр күзүндө Кыргызстан бир жылда аскердик техникасын жаңыртууга жана оңдоого баш-аягы 100 миллион доллар бөлгөнүн, Орусия менен Түркиядан дрондор алынып жатканын билдирген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG