Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:06

Байден: Путин Украинага кол салуу менен “толук жаңылыштык” кетирди


Жо Байден
Жо Байден

АКШнын президенти Жо Байден Орусиянын президенти Владимир Путин чечимдерди иррационалдуу кабыл алып жатат деп эсептебейт, бирок ал Украинага кол салуу менен катуу жаңылышты деп билдирди. Бул тууралуу пикирин ал CNN телеканалына курган эксклюзивдик интервьюсунда айтты.

Байден Путин украин элинин каршылык көрсөтүүсүн баалай албай калганын, бул кол салуунун мотиви таптакыр акылга сыйгыс болгонун белгиледи.

“Ал Киев – орус шаарларынын энеси жана анда аны кучак жайып тосуп алат, колдойт деп ойлогон. Менин оюмча, ал толук жаңылыштык кетирди”, – деди Байден.

Кошмо Штаттардын лидери Орусиянын мындай жаңылыштыктары Украинага каршы өзөктүк курал колдонууга алып келиши ыктымалдыгын кайталап, анын арты “өзөктүк Армагеддон” менен аякташы мүмкүндүгүн дагы эскертти. Ошол эле маалда ал мындай учурда АКШ кандай реакция кыларын тактаган жок.

Журналисттин “Индонезияда өтө турган “Чоң жыйырманын” (G20) жыйынында Путин менен жолугасызбы?” деген суроосуна Байден "аскердик кылмыш кылган кишилер менен сүйлөшкүсү келбей турганын" айтты. Муну менен катар ал эгер Орусияда кармалган америкалык баскетболчу Бриттни Грайнер тууралуу гана болсо кездешерин кошумчалады.

Мурдараак АКШ президенти Жо Байден украин күчтөрүнүн контрчабуулдары ийгиликтүү болуп, оккупацияланган аймактарда орус армиясын сүрүп чыкса, Москва өзөктүк курал колдонушу мүмкүн экенин эскерткен.

“Чоң жыйырмага” (G20) кирген өлкөлөрдүн саммити 15-16-ноябрда Индонезиянын Бали аралында өтөт. Индонезиянын президенти Жоко Видодо жыйынга Орусиянын президенти Владимир Путин келет деп күтүлүп жатканын кабарлаган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG