Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:48

Ирандагы нааразылык акцияларында өлгөндөрдүн саны 200дөн ашты


Ирандагы нааразылык акциялары. Иллюстрациялык сүрөт.
Ирандагы нааразылык акциялары. Иллюстрациялык сүрөт.

Норвегиянын борбору Осло шаарында жайгашкан “Ирандагы адам укуктары” (IHR) уюму Иран Ислам Республикасындагы нааразылык акцияларында күч кызматкерлеринин колунан кеминде 201 адам өлгөнүн маалымдады. Бул тууралуу мекеме 12-октябрда билдирди.

Мерт болгондордун 23ү балдар. Жалпы курмандыктардын 93ү Систан жана Белужистан провинциясынын Захедан шаарында өлтүрүлгөнү айтылды. Каза болгондордун көбү Ирандын батыш тарабындагы Күрдистан аймагына туура келет. Акцияларда жүздөгөн адам жараат алып, миңдегени камалды.

13-сентябрда Тегеранда адеп-ахлак полициясы көчөдө хижабсыз жүргөн деген негизде 22 жаштагы студент кыз Махса Аминини кармап кеткен. Анын абакта каза болгону 16-сентябрда кабарланган. Полиция ал жүрөгү кармап каза болгонун маалымдаган, бирок күбөлөр полиция аны катуу сабаганын айтып берген.

Буга байланыштуу нааразылыктар өлкөнүн 80 шаарында тутанып, полиция менен кагылышуулар катталды. Демонстранттар курал кампаларын басып алып, өкмөттүк күчтөр менен атышып жатканы кабарланууда. Коопсуздук кызматкерлери да демонстранттарга каршы курал колдонуп жатат.

Акцияларда аялдар жоолуктарын чечип ыргытып, чачтарын кесүүдө. Демонстранттар арасында өлкө лидери, аятолла Али Хаменеинин атына каршы “Хаменеи кулатылат!” жана “Диктаторго өлүм!” деп ураан чакыргандар да болуп жатат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG