Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:18

Зомбулукту актоо артындагы коркунуч


Алмаз Кулматов.
Алмаз Кулматов.

Коомдук ишмер, тарыхчы Алмаз Кулматовдун блогу.

  • Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Соңку он жылдыкта өзүн "исламчыл" атаган топтор радикалдашып баратканын байкоого болот. Күнүгө жана ар бир окуяда алардын деми сезилип турат. Коомдук, маданий, саясий турмушта, албетте, экономикалык маселелерде динге жамынган радикал күчтөрдүн таасири барган сайын артууда.

Коом кайда баратканын аңдай элек, беймаалым. Терең изилдөө биздин өлкөдө жокко эсе. Аналитиктердин пикири сейрек жарыяланат, адатта андай окумуштуулар диний маселе сезимтал экенин билет, диний кастыкты козутуп албайын же козутууга айыпталып калбайын деп тартынат. Андай пикирлерди жарыялоого медиагенттиктер да оңой менен даабайт. Чочулайт. Анткени динге жамынган үгүтчүлөрдүн саны арбын, салмагы басымдуу, үнү өктөм, аракеттери ары активдүү, ары агрессивдүү. Күнүмдүк, тиричилик кырдаалда да диний үгүттүн кулачы жайылууда. Эң жөнөкөй мисал, Кыргызстанда зөөкүрлөрдүн кыздарга жасаган зомбулугуна карата коомдун, айрым бийлик адамдарынын реакциясы ойго салат. Эгер ашынган радикалдар пропаганданы ачык жүргүзүп жатса, экстремизмден алыс кай бирлери тынымсыз жүрүп жаткан тымызын үгүткө байкоосуздан, билбестиктен кошулууда.

Бир гана шариятка негизделген ислам мамлекетин түзүү экстремисттик жана терорристтик уюмдардын, күчтөрдүн, топтордун негизги идеясы, саясий программасынын өзөгү.

"Момун мусулмандар бөөдө кыйналды, азап чегүүдө, алланын жолунан адашты, эзүүгө тушугуп кор болду, абийири кетти, ушунун баарынын түпкү себеби - каапыр системалардын ("демократия - куфр система") үстөмдүгү.

Исламдын бүткүл дүйнөдөгү үстөмдүгүн орнотуу керек, шарият менен жашаган мамлекет куруу зарыл. Бул жараткандын буйругу, каалоосу жана эрки, пайгамбардын осуяты, мусулман баласынын ыйык парзы. Халифалык сөзсүз орнойт, анткени ал адамзат көксөгөн эң адилеттүү, акыйкат, калыс, таза, жаратканга жаккан жападан жалгыз система. Баарыбыз даават, үгүт, саясий күрөш жана эӊ башкысы, куралдуу жихад аркылуу бирге күрөшүүгө тийишпиз". Өзүн исламчыл атаган, адамзат цивилизациясына эң кымбат баалуулуктарды тартуулаган прогрессивдүү ислам динине такыр тиешеси жок, ыйык динди жаманатты кылган экстремисттик уюмдардын кыскача идеологиялык концепиясы ушундай.

Ушул жөнөкөй жана түшүнүктүү идеяны бекемдөө, аудиторияга жеткирүү, элди ынандыруу үчүн түрдүү жолдорду, заманбап пропагандалык каражаттарды жана ыкмаларды (интернет-мемдерди, постторду, креолдошкон тексттерди, иллюстрациялуу кыска тексттерди, видеосюжеттерди ж.б.) кеңири колдонот. Ошентип өз идеяларын жайылтат, таӊуулайт. Бардык терс көрүнүштөрдү (коррупция, паракорчулук), социалдык, экономикалык кыйынчылыктарды (жакырчылык, жумушсуздук, кымбатчылык ж.б.) экологиялык жана табигый кырсыктарды, ал тургай пандемияны да колдонуп, халифаттан башка мамлекеттик түзүмдөрдү, саясий-укуктук системаларды дискредитациялоо эң кеӊири тараган ыкмалардын бири.

Тигил же бул проблеманы мисал келтирип, исламга негизделбеген коомдук, саясий, укуктук, маданий системаларды "бузук", "куфр", "жараксыз", "чирик", "зулум", "каргыш тийген" саясий түзүмдөр катары жек көрсөтүү жана исламга негизделген мамлекетти орнотууга үгүттөө аракети күч.

Сексуалдык зордук менен исламчыл атанган радикалчыл топтордун кандай байланышы бар? Бир караганда эч кандай катышы жоктой сезилет. Зөөкүрчүлүк боюнча пикир билдирген инсандардын да экстремизмге эч тиешеси жок. Жоопкерчиликтүү, такыба, мыйзам сыйлаган, сыйлуу инсандар. Бирок ар бир нерсени диний ишенимге такоо тенденциясын, радикалчыл идеологиянын ыкмаларын эске алып, зөөкүрлүккө карата айрым пикирлерге абай салалы.

Коргоо министри Бактыбек Бекболотов 13-сентябрда парламенттин тармактык комитеттеринин биргелешкен жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, зордуктоого шек саналгандар Улуттук гвардиянын жоокерлери экенин ырастап, зөөкүрлөрдүн ыплас жоругун минтип түшүндүрдү: “Маалымат боюнча алар отурганда кыз өтүп баратып, чагым болгонбу, иш болуп кетиптир” . Тигилер жөн эле отурган экен, кыз ошол офицерлердин жанынан өтүшү менен аларды сексуалдык зордуккка провокация кылыптыр. Демек, кыз өзү айыптуу.

Депутат Акбөкөн Таштанбеков парламенттеги талкууда мектептерде өспүрүм кыздар "кыска юбка кийет, зөөкүрлөрдү провокация кылат, педофилдердин делебесин козгойт" деди.

Анжелика Кайратова аттуу ырчы айым “Аялдын жылаңач денесин көргөндө эркектин ою албетте бузулат. Ар бир динде зордукка аял өзү гана айыптуу экени айтылат” деп жаңы диний канон жаратты.

Имам Садыбакас Доолов аялдардын денесин базардагы эттин баасына салыштырды. Балким, беймаксат, байкоосуз пикир чыгар, ал автордун сөз байлыгына жараша жана эркиндеги иш, балким биз түшүнбөй калышыбыз ыктымал, анда ак чөп башта.

“Зордук-зомбулукка аялзаты өзү, тагыраагы алардын кийими күнөөлүү”. Биз мисал келтирген пикирлердин түпкү мааниси ушундай. Кудум тамсилдегидей. Орус жазуучусу И.В. Крыловдун “Карышкыр менен козу” аттуу тамсилиндеги карышкырдын “Мен ачмын, ошол сенин айыбың” деген фразасы эрксизден эске түшөт.

Мындай аныктамалар акыр түбү хижаб, чадра кийип, паранжа жамынуу зарыл деген тыянакка такалат. Конкреттүү окуяны (кыз-келинди кордоону) пайдаланып, белгилүү бир идеалды астыртадан пропагандалоонун мүнөздүү мисалына күбө болуудабыз. Идеал – чүмкөнгөн аялзаты. Мусулман өлкөлөрүнүн баарында хижаб, паранжа жападан жалгыз кийимби, расмий талаппы, универсал көрүнүшпү. Жок, албетте. Теократиялык (дин башкарган) айрым саналуу өлкөлөрдү эске албаганда, кара жамынган, чүмбөттөлгөн кийим эреже эмес.

Кыргыздарга караганда алда канча эрте жана көбүрөөк исламдашкан, турмушу, тиричилиги, климаттык, географиялык шарттары чүмкөнүүгө, жүздү жабууга мажбурлаган өлкөлөрдө биздегидей аша чапкандык жок. Бизге келгенде эле чүмбөттү идеалга, паранжаны айныксыз эрежеге, хижабды жана башка атрибуттарды, кийим-кечек формаларын мыйзамга айлантуу аракети байкалат. Салыштырмакка ислам расмий дин болуп эсептелген же ислам идеологиясы үстөмдүк кылган өлкөлөрдүн айрымдарынан иллюстративдүү мисалдарды келтирели:

Сүрөттө: Сауд Арабиясынын ханышасы Дина Абдулазиз аль-Сауд. 2017-жыл.
Сүрөттө: Сауд Арабиясынын ханышасы Дина Абдулазиз аль-Сауд. 2017-жыл.
Сүрөттө: Дубайдын эмири, шейх Мохаммед ибн Рашид ал-Мактум мурдагы жубайы Хайя бинт ал-Хусейн. 2004-жыл.
Сүрөттө: Дубайдын эмири, шейх Мохаммед ибн Рашид ал-Мактум мурдагы жубайы Хайя бинт ал-Хусейн. 2004-жыл.

Фактылар өтө арбын, атайы бийликке эгедер катмардын өкүлдөрүн мисал келтирдик, анткени алар мамлекеттеги расмий кааданы, коомдук эрежелерди сактоого аракет кылат, баскан-турганы дайыма элдин көз алдында. Жогоруда айткандардын логикасына жетеленсек, мусулмандар басымдуу жашаган, ислам расмий идеология болуп эсептелген араб мамлекеттеринде айымдардын кийими азгырык, зордуктоого чакырык, зөөкүрлөргө түрткү экен да демек. Биздин “канониктердин” жана аалымдардын “непадам зордукталса, өзүнөн көрсүн” деген аныктамасын мусулман дүйнөсүндөгү айымдар кандай кабыл алаар эле.

Зордук-зомбулукка аялзаты күнөөлүү деген аныктаманы бекемдөө үчүн “кунаажын көзүн сүзбөсө, бука мурунтугун үзбөйт эле” деген элдик ылакапты бетке кармашат кээде. Ушул фразеологизмди кызыл кулактык менен бурмалоо аркылуу зөөкүрлүктү актоого ниеттенгендер жок эмес. Фактыны, окуяны, маданий же традициялык көрүнүштү спекулятивдик интерпретация – коомдук пикир жаратуунун, манипуляциянын жана аудиториянын башын айландыруунун эң кеңири тараган, ийгиликтүү формасы.

“Атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер”. Бул сүйлөмдү Толстойдун оң бетке чапса, сол бетиңди тос деген чыдамкайлыгына салыштырат. Ал тургай кыргыз тарыхын жана маданиятын, көчмөн журттун салттуу укугун, мыйзамдарын жакшы билбегендер кечиримдүүлүктүн эталону, айкөлдүк деп түшүндүрөт. Каяктагы айкөлдүк? Түпкүлүгүндө какшык иретиндеги мотивация, чыныгы маанисинде аёосуз жеме. Какайганга какайгын, пайгамбардын уулу эмес, эңкейгенге эңкейгин, атаңдан калган кул эмес. Сага кол салса, элиңе бүлүк салып, жериңди, мүлкүңдү тартып алса, ал аз келгенсип атандын канына забын болсо, татыктуу жооп берип, найза сунганга жарабасаң, анда анча болду баскынчыга эненди алып бер деген ачуу жеме, аргасыздыктан улам чыккан чакырык.

Демек кыз-келиндин жарашыктуу кийимин зөөкүрлүктүн түпкү себеби деген көз караш адамга карата зордук-зомбулукту актоо аракетинин эле бир көрүнүшү. Ата-бабабыз андай керээз бизге калтырган эмес, эч бир динде зөөкүрлүк даңазаланбайт.

Экинчиден, зордук-зомбулукка аялзатынын кийимин күнөөлөгөн аныктама жарандардын эркиндиги менен укугун чектөөгө багытталган идеологиянын кайрыгына айлантууну каалаган күчтөр жок эмес. Кыз-келиндерди чүмбөттөө идеясына үндөш пикирлердин ээлери молдокелер айткандай, билип-билбей туруп радикалчыл үгүтчүлөрдүн чырагына май тамызып алуусу мүмкүн.

Үчүнчүдөн, зөөкүрлүк үчүн айымдарды айыптоо жынысына карабастан адамдын тең укуктуулугуна шек келтирген же кыз-келиндерди басынткан аракеттерди актоого шылтоо болбойт деп айтуу кыйын. Жогорудагы биз мисал кылган, зордукка кыз-келиндердин кийимин айыптаган пикирлерди исламды жаманатты кылган радикалчыл топтор өзүнө керектүү пропаганда үчүн колдонбой турганына кепилдик бере албайбыз.

Мындай кайрыктар улам күчөп баратканы бизди ойлонтууга тийиш.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG