Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:33

Диний караңгылык же кайдыгерликтин кесепети


Элмурат Кочкор уулy.
Элмурат Кочкор уулy.

Дин таануучу, Түркиядагы Эржиес университетинин докторанты Элмурат Кочкор уулyнун кезектеги макаласы.

  • Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Коомдук реакция

Өткөндө бир молдо эттин баасын кымбатташын "аялдардын кыска көйнөгүнө" байланыштыра коюп, коомчулуктун жемесине кабылды. "Бул туура кадам" деп колдогондор бир тарап, "ажыкеге тийбегиле" деп жактагандар экинчи тарап болуп социалдык медианы кызыттык.

Бул кадам чындап эле "диний караңгылыкка" карата элдин табигый реакциясыбы? Буга жетиштүү реакция болдубу? Жеке баамымда, бул суроолордун жообу гана биздин кыргыз коомчулугунун "реакциябыздын" салмагын, чын ниеттүүлүгүн баалай алат.

Анкарада окуп жүргөндө бир окуяга күбө болгом. Мен окуган факультеттин профессору бир телепрограммага чыгып сүйлөп жатып:

"...Дүйнөнүн эң чоң зоопарктарынан бирин айланып чыгып төмөндөгүдөй ой келди, бир гана адам бешенени жерге тийгизип сажда кылганга эргономикалуу жаратылган. Мисалы, бул жерде жан-жаныбардын өтө көп түрү бар, бирок бирөө да сажда кылганга жөндөмдүү эмес. Демек, (Аллага шүгүр келтирүү үчүн) намазды айбандар гана окубайт, намаз окубаган адам - айбан", - деп жиберген эле.

Ошол түз эфирден кайтып окуу жайга келгиче соцтармакта өтө чоң реакцияга кабылып, керек болсо иш козголгон. Факультеттин жетекчилиги дароо:

"Айтылган пикир айтылуу окутуучубуздун жеке көз карашын гана чагылдырат! Бул пикири биздин окуу жайдын пикири катары кабыл алынбашы керек", - деген мааниде расмий билдирүү тараткан.

Соттук иштер бир жылдан ашуун убакка созулуп, байма-бай сурак берип аябай жүдөгөн. Кээде эшигине: "Сендей мугалимди бул окуу жайда көргүбүз келбейт" деп жазып кеткендер болгон.

Жалганын чыгарган жарандык коом...

Түркияда жамаатташуу бизге караганда кыйла "өнүккөн". Муну мен жакшы, оң мааниде айткан жокмун. Жеке кызыкчылык үчүн акылга, илим-билимге, логикага каарманча каршы келген нерселерди диндин, исламдын атынан пропаганда кылууда бети кызарбаган "аалымдар" бар. Бул абал, жамааттык кызыкчылык эбак эле исламдын кызыкчылыгынан алдыга чыгып кеткенин так көрсөтүп турат. Бирок мындай караңгы көз караштарга дароо реакция кылып турган катмар да барын айта кетели. Эми бул жерден да бир окуяга токтоло кетели.

Бул жактагы диний жамааттардын биринин көрүнүктүү лидери, бир учурларда көрдө сурак-жоопту жеңилдете турган "кепин" тууралуу кеп кылып, өзгөчө "тапичке" саткысы келип, аны диний сукбаттарында жарнамалаган.

Кыскасы, бул киши ал саткан "кепинге" оролгон маркумга периштелер жеңилирээк суроо берсе, "өзгөчө тапичкеси" тирүүлөрдү бир катар оорулардан сактап, үйүнө береке алып келип, кийип жатса түшүндө пайгамбарды көрөт имиш...

Бул киши дагы бир китебинде Курандагы бир аятты окуп дем салса, эркектин жыныстык кубаты артарын жазган экен. Кыскасы, тийиштүү аятта (Адият сүрөөсү, 9-аят) "кыямат күнү өлгөндөр кайрадан тирилери" тууралуу айтылган.

Бул киши китебинде аяттагы "тирилүү" деген жерди эркектин жыныстык мүчөсүнүн кубат алуусу, жандануусу катары жоромолдосо болот деп жоруп алган экен.

Айтылуу шейхтин бул кылыгы диний сезимдерди жеке кызыкчылыкка колдонуп, диний баалуулуктардын беделин түшүргөнү үчүн катуу сынга кабылган. Соңунда бурчка такаган журналистке жооп бере албай "...ал китепти мен жазган эмесмин, которгом" деп кутулган.

Кайдыгер "айдыңдар"

Эми макаланын башындагы суроого кайтсак. Абал биздин өлкөдө кандай? Б.а. ушундай караңгылыкка белчесинен баткан диний сукбаттарды, айтымдарды, ойлорду XXI кылымдын светтик өлкөсүндө көз көрүнө, уялбай пропаганда кылуу эмнеден кабар берет? Бул биздин коомдо ушунчалык деңгээлдеги абсурд ойду даанышмандык деп эсептеген, андан жакшылык күткөн катмар барынан жана да коомдо бул караңгылыкка каршы жетиштүү "тизгин" жок экендигинен кабар берет.

Айтайын дегеним, коомдо акылы сергек жана эрктүү адамдар мындай абсурддар айтылганда керектүү реакцияны көрсөтүп турса, айтылуу "жомокчулар" фантазиясын тизгиндегенге мажбур болот.

Анда биздин маселебиз эмнеде болуп жатат бул жерде? Бизде сергек акыл-парасат ээси, алардын караңгы айтымдарын байкап кала турган киши азбы? Же аны байкаган менен өлкөнүн келечеги үчүн эрктүүлүк кылып, ачык түрдө каршы пикир билдиргиси келбегендер басымдуубу? Менимче экенчиси...

"Ар бир киши кылган нерсеси үчүн жооп берет!" деген сөз бар эмеспи? Жеке пикиримде адамдар кээде кылбаган нерсеси үчүн да жооп берет, күнөөкөр деп эсептелет... Мисалы, коомдук гармонияга балта чапкан, адамдарга зыян тийгизип жаткан кандайдыр бир иш-аракетке, көрүнүшкө, түшүнүккө каршы турбоо, жок дегенде ага каршы пикир билдирбөө - күнөө. Анткени жамандыкты колдоо менен (колдон келип турса да) ага каршы күрөшпөй коюунун арасында айырма аз деп ойлойм.

Жеке баамымда биздин өлкөдө билимдүү, акылы тунук, парасаты булганбаган кишилердин басымдуу бөлүгүнүн орток бир өзгөчөлүгү бар. Ал - кайдыгерлик. Дал ушундай диний маңыздагы абсурд пикирлердин коомдук прогресске балта чаап жатканын байкаган миңдеген интеллектуалдар, окумуштуулар, жогорку билимдүүлөр, агартуучулар, маданият адамдары, мамлекеттик кызматкерлер, БӨУ мүчөлөрү, активисттер бар экени анык. Бирок алардын өтө азы гана билек түрүп, караңгылыктын жайылышына ачык каршы турушары чындык экен.

Саясатчысы добуш, маданият кызматкери күйөрман, соодагери кардар жоготуп коюудан чочулап "караңгы түшүнүктөргө" каршы чыга албай келе берет тура. Жогото турган олуттуу нерсеси жок туруп деле унчукпай коюуну тандаган көп эле билимдүү адамдарды тааныганымды кошо кетпесем болбос...

Эгер биздин өлкөдө саясатчылар "Мени шайласаңар беш жылда Швейцария кылып ийем" деп оозу-мурду кыйшайбай айтса же диний атамандары чыгып акыл-парасаттан болушунча узак пикирин аруу Кудайга шылтап, маскарапоз болгондон уялбай жатса, мында дал ошол айдыңдардын да салымы аз эмес экенин унутпаш керек.

Биздин коомдук өнүгүүгө, анын ичинде дин маданиятынын өнүгүшүнө карата реакциянын маңызы мына ушундай сыңары.

Ливандык жазуучу Амин Малуф Жакынкы Чыгыштын жашоочуларын "Бардык нерсеге кайгырган, бирок эч качан реалдуу кадам таштабаган адамдар" деп сыпаттаган экен.

Чамамда урматтуу Малуф өзү паркына барбаса да айтылуу сөзү менен биздин өлкөдөгү "айдыңдардын" коомдук жараянга болгон мамилесине да мүнөздөмө берип кеткен го чиркин...

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG