Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:05

Карындашын коргойм деген кишинин окуясы - коомдун жарасы


Жолдош Турдубаев.
Жолдош Турдубаев.
Жолдош Турдубаев - "Азаттыктын" блогери. Тажикстандын Жерге-Тал районунда туулган. 1990-жылы Орусиянын Самара шаарындагы Пединституттун орус тили жана адабияты факультетин артыкчылыктуу диплом менен аяктаган. Адабиятчы, публицист, журналисттер арасында өткөрүлгөн республикалык конкурстарда бир нече ирет баш байгелерди жеңип алган, 2007-жылы Voice of Freedom Central Asia долбоорунун алкагындагы адам укуктары боюнча макалалардын Борбордук Азия журналисттеринин арасында жарыяланган конкурстун экинчи байгесине ээ болгон.
  • Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Карындашын коргойм деп зөөкүрдү өлтүрүп алган кишинин окуясы баарыбызды катуу чочутту. “Ырас гана кылды!” – деп табасы канган көпчүлүк бул көрүнүштүн себептерин ойлонбой эле карандай сезимдин эпкини менен кыйкырып жаткан жокпу?..

Милиция жок жерде

Бир топ жыл мурун шаар четиндеги айылда турган бир кесиптешибиздин үйүнө барып калдык. Мен көпчүлүктөн эртерээк кайттым. Маршруткада келатканда, желке жагымда, төрдө отурган эңгезердей эки жигит бир кызга улам тийишип келатышты. Калжыңдап, уят сөздөрдү улам агыта беришти.

– Жигиттер, койгула. Силердин деле эже, карындашыӊар бар, өзүңөр да кыздуу болосуңар. Аларга кимдир бирөөлөр ушундай мамиле кылса жакшы болобу? – дедим.

Саамга тынчып калышты эле, анан бирөө кайра баштады. Бул ирет менин ийиниме чапты. Кылчайып карасам:

– Эй, каяктан болосуң?! – дейт кекете.

– Тажикстандыкмын.

– Анда мобул моралыңды тажиктериӊе барып айт, түшүндүңбү! Биздин башыбызды оорутпа!

Маршруткада салабаттуу карылар, галстук тагынып, папка кармаган байкелер, жарашыктуу кийинген аялдар, мага караганда күч-кубаттуу дагы башка кишилер отурган. Бирок бири да көңүл бурбады. Шляпачан аксакал тескери карап алды. Калпакчаны эчтекени укпагандай баратты. Ошондо бул кырдаалдан өзүм гана жол таап чыгышым керектигин ойлонуп, тике карадым:

– Сен өзүң каяктансың?

– Сокулуктан.

– Анда Токтосун агайды, Памирбек байкени тааныйсыңбы? (Балдар акыны Т. Самудинов менен Алыкул музейин негиздеген П. Казыбаевди атадым).

– Жок, мен Шопоковдонмун.

– Аа, Керимбүбү апанын балдарынчы?

– ...

Аракка чала кызып алган неме саал жоошуй калды эле, жанындагы жигит менден кечирим сурап, шеригин жетелеп түшүп кетти. Ал болбосо, беркиси мени сабап салышы да ыктымал эле.

Ууруну ур!

90-жылдардын башында Оштогу кыргыз-өзбек кагылышуусунан кийин Өзбекстандан Жерге-Талга кайра көчүп баргандар көп болду. Ошолордун бири документ ж.б. иштери менен кошуна республикага эки-үч ирет каттады.
Кийинкисинде өзүн таң калтырган бир өзгөрүш жөнүндө айтып келди.

– Былтыр Фаргананын көчөлөрүндө, автобус, троллейбустарында эл жүрө албай калган эле. Чөнтөкчүлөр көбөйүп, айрымдары кадимкидей карактап кетчү. Бирөөнүн баштыгына же чөнтөгүнө колун салып жатканын байкасаң, көрмөксөн болушуң керек – тонолуп жаткан адамга айтчу болсоң, каракчылар бетиңди устаранын мизи менен шылып кетишет. Милициянын алы жетпей же өзү да аралашып жүргөн окшойт.

Кечээки барышымда шаар тыптынч болуп калганын көрүп, оозум ачылды. Баягы бейбаштардын бири жок! Чоңдор эмес, жашы жете электер деле ээн-эркин жүрөт шаарда, эч бир элеӊдебей.

Көрсө, зөөкүрлөр ашынып кеткенде, эл өзүнчө эле уюшуп, “ууруну сок!” деген сөздү угар замат андайларды тегеректеп, топтой тепкилей турган болушуптур. Колу-бутун кайыра таӊып, милицияга сүйрөп барып, ал жердегилерге да катуу талап коюп, жалпы эл тартипти ушундайча жөнгө салууга жетишкен экен.

Өзүнчө жазалоо жакшыбы?

Ырас, адилетсиздиктен күйгөн адам жаны көзүнө көрүнгөндө кылмышкерди уруп-сабап, атүгүл өлтүрүп коюшу да мүмкүн. 90-жылдары Таласта рэкетмин деп элге күн көрсөтпөй койгон бирөөнү эл ташбараңга алып, тындым кылып салган соң башка зөөкүрлөр жоошуп калган эле дешет. Мына, кечээ эле Токмокто бир киши карындашына кол салган бирөөнү жаракаттоочу тапанча менен мойнуна атып, ал өлүп калыптыр. Ошол конкреттүү жаңжал эмнеден башталганын тергөө аныктап чыгаар дейли, бирок мындай ары да ушундай окуялар кайталанбастыгына ким кепилдик берет?

(Айтмакчы, Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова фейсбуктагы өздүк барагынан Токмоктогу окуя боюнча үн катып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин “Зарыл коргонуу” деп аталган 46– жана “Аргасыз зарылдык” деп аталган 47-беренелерине шилтеме жасады.
Аларда инсандын өмүрүн, башка укуктарын сактоо максатында кылмышкерге каршы жасалган аракет кылмыш болуп эсептелбей тургандыгы белгиленген).

47-берене. Аргасыз зарылдык

1. Аргасыз зарылдык абалында, башкача айтканда ушул адамдын же башка адамдардын инсандыгына жана укуктарына, коомдун, мамлекеттин же адамзаттын кызыкчылыктарына келтирилген коркунучту жоюу үчүн, эгерде бул жагдайларда коркунучту башка каражаттар менен жоюуга мүмкүн болбосо, укук менен корголуучу кызыкчылыктарга адамдын залал келтирүүсү кылмыш болуп саналбайт.

Ырас, өзүн коргоо максатында курал колдонууга чейин уруксат берген мамлекеттер да бар. Мисалы, АКШнын айрым штаттарында ок атуучу куралдарга да уруксат берилген. Бирок мунун опурталдуу жактары бар – курал-жарак кылмышкерлердин, каны бузук пенделердин колуна тийип калышы толук ыктымал. Ошондо сөз менен чечиле турган чатактын көбү бөөдө өлүмгө алып келе турган болуп калат...

Мамлекетибизди сактайлы

Орустардын “Күчүң батпай турганда, акылдын кереги не?” деген какшык кеби бар. Кыргыздын “Сөз билбеген муштуму менен коркутат” деген макалы да ушул “аптарыйкаттарга” арналган...

Коомдо үстөмдүк кылган же бийлик жүргүзгөн катмар өз кызыкчылыгын карандай күч менен коргоп, каяша айткандарга каршы мыйзамдарды, сотторду, күч түзүмдөрүн колдонуп калган абалга жеткирбешибиз керек. Мунун кесепети жалпы элге, бүтүндөй мамлекетке тиет.

“Зордун түбү – кор” деген эзелки чындыкты түшүнбөгөн, түшүнгүсү келбеген адамдар өздөрү, укум-тукуму да каргышка калат – карөзгөйлүктүн кесепети эртеби-кечпи кайра өз башына, балдарына, небере-чөбөрөлөрүнө келет. Эл дагы бетпактарды каргап-шилеп эле отуруп кала бербейт – эртеби, кечпи, акыры шиши толгондорду катуу жазалайт. Өзүн кудайдай сезген далай желмогуздар сынды го!

Ошондуктан мамлекеттүүлүктүн өзөгү болгон сот адилеттигин калыбына келтирүү, укук тартибин орнотуу үчүн баарыбыз, ар бирибиз күрөшүүбүз, салым кошуубуз керек. Эгер сот бийлигин башка бийлик бутактарына, байларга көз каранды кылбай, анын бир гана мыйзамдуулукту сактоо жоопкерчилигин күчөтө алсак, эгемен өлкөбүздүн аман калышына өбөлгө түзүлөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG