Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2022 жекшемби, Бишкек убактысы 19:52

Бөтөн жерде бөөдө согушта жүргөндөр - азыр трагедия, эртең көйгөй


Алмаз Кулматов
Коомдук ишмер, тарыхчы Алмаз Кулматовдун блогу. Автор макалада Украинадагы согушка аралашкан чет элдиктер, анын ичинде кыргыз жарандары тууралуу, мунун кесепети жөнүндө сөз кылат.

  • Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Азыр трагедия, эртең көйгөй

Украинада "атайы операция" аталган согуш уланууда. Ала кушту атынан атаган оң. Университетке окууга жаңы өтүп, эки жакты байкай элек кезим эле. Валя аттуу кыз староста болуп калды. Курсташтарымдын баары “Валя” дечү, аларды туурап, эси жоктук кылып, мен да Валя деп кайрылдым. Көрсө, жашы менден бир аз улуурак экен ал курсташымдын. Чычалаганбы, же башка бир чекилик кетирдимби, айтор кураторбуз Өмүрбеков Токторбек агайга даттанган окшобойбу.

“Ой, Кулматов, бери кара, сен эмне Валяны Валя деп атайсың, бешигин терметтиң беле, эже дебейсиңби” деп жемеледи. Эстүү агайыбыз мени да каарып, даттанган эжебизди да какшыктаганын кайран агайыбыздын лекцияларын уга баштаган кезде гана араң барып түшүндүм. Анын сыңары дүйнөнүн басымдуу бөлүгү Украинадагы окуяларды согуш деп атап, ошондой баалаган соң согуш деп атай берейин. Адеп башталганда эле бу жаңжал далайыбызды азапка салып, кесепети баарыбызга тиери түшүнүктүү болчу.

Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки Европадагы эң ири согуштун, бир кезде СССРдин курамындагы эки республиканын, тектеш, бир тууган эки элдин ортосундагы кармаштын социалдык, саясий, экономикалык залакасы далай убайга салды, нечен сыноого кептеди. Албетте, ар кандай согуш - бул азап-тозок, чыгым, курмандык, жоготуу, зордук-зомбулук, трагедия. Согуш башталгандан бери улам суук кабар келип, ар кайсы аймакка жигиттерибиздин сөөгү келип жатат.

Билингени, дайыны чыкканы. Билинбегени канча, эч ким так айта албайт. Белгисиздик тууралуу бейчеки кеп кылганым жок. Анткени Жакынкы Чыгыштагы конфликттерге, Сирияда согушка кеткендердин айрымдарынын дайыны алигиче белгисиз. Апта башында АКШнын Борбордук командачылыгынын башчысы, генерал Майкл Курилла Бишкекке иш сапары учурунда Сириянын түндүк-чыгышындагы "ал-Хол" лагеринде 60тан ашуун өлкөдөн чыккан болжол менен 57 миңдей киши жашайт. Алардын көбү "Ислам мамлекети" террордук тобунун мүчөлөрүнүн балдары жана жубайлары. Лагерде күнүгө 100дөн ашык бала төрөлөт” деп маалымдады.

Сириядагы согушка Борбордук Азиядан "тиги дүйнөгө бейиш издеп же бул дүйнөнүн жыргалчылыгын көксөп" жүздөгөн жигиттер, "аллах жолундагы моджахеддерге" аялдыкка кыздар кеткени эми билинип отурат го. Түрдүү айла-амал менен азгырылып, мажбурланып жөнөтүлүп турган. Алардын Сирияга кеткени кечээ жакында эле четинен билине баштады да, болбосо жакындары уулум же кызым чет жерде иштеп жүрөт деген үмүт менен жүрүшкөн жана жүрүшөт азыр да. Кашайгыр көр оокат, "эмне кылса да эптеп акча таап, ашканын бизге салып, аман жүрсө болду" деген көз караш биротоло бекемделе баштаган зар заманда, туш-тушка чачыраган кыз-жигиттерибиздин анык дайынын билген киши аз. Билгендердин чамасы чукак же ниети беймаалым.

Орус-украин согушунда жалгыз кыргыз жарандары катышып, жалгыз кыргыз жигиттер курман болгон жок. Дүйнөнүн чар тарабынан согушка катышып жатканы анык. Түркүн өлкөдөн баргандар, түрдүү улуттун өкүлдөрү. Арасында ыктыярчылары бар, жалдангандары бар, азгырылганы, алданганы андан көп, эңсеп барганы, эрксизден барганы бир топ. Жалданма аскерлердин тарыхы согуштун тарыхы менен жашташ. Тээ байыркы доорлордон бери чет өлкөлүк легионерлер, жалданма жоокерлер ар кай жерде, ар кайсы мезгилде түрдүү согушка катышып келгени анык. “Солдаты удачи”, “дикие гуси” деген ат менен белгилүү. Эл аралык укуктун тилинде “жалданма жоокер”.

Айрым мамлекеттерде булар мыйзамдаштырылган. Ал тургай согушкерлерди жалдап, даярдап, тигил же бул өлкөдө аскерий операцияларды аткаруу боюнча кызмат көрсөткөн, ошо менен киреше тапкан жеке менчик фирмалар бар. Маселен, ошол эле Орусияда “Вагнер” жеке менчик аскерий компаниясынын жалданмалары аалам кезип, түрдүү операцияларга катышып жүрөт. Франциянын чет өлкөлүк легиону эки кылым мурда түзүлгөн, француз армиясынын курамындагы аскерий бөлүк. Дүйнөнүн ондогон аймагында ар кандай согуштарга катышкан атактуу легион. 50дөн ашык улуттун өкүлдөрүнөн куралган, жалданма жоокерлердин куралдуу, согушкер отряды. Мындай мисалдар арбын, тилекке каршы.

Согушуна катышкан Борбор Азия жарандарынын укуктук статусу кандай?

Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандары орус-украин кан майданына ар түрдүү жол менен барууда. Алардын кантип барып калганы узун-сабак кеп. Соңку мезгилде Орусиянын медиа мейкиндигинде "атайын аскерий операция" учурунда каза тапкан “ыктыярчылар” жөнүндө маалыматтар айтыла баштады. Айтылчу эмес. Расмий бийлиги курман болгон “ыктыярчылар” жөнүндө орус журналисттеринин маалыматтарын четке каккан жок. Май айынын аягына чейин эле 81 “ыктыярчынын” курман болгонун Би-би-си орус медиа булактарына таянып, талдап чыккан. Аскерибиздин жоготууга учураганы минималдуу, күч-кубатыбыз жетиштүү дегени менен жоготуу арбын, муктаждык чоң окшобойбу, болбосо ыктыярчыларга күнү түшпөйт эле орус аскер жетекчилигинин.

Андан тышкары, Орусияда жашы 40тан ашкан адамдарды келишим менен аскердик кызматка алууга тыюу салган мыйзам жобосу жокко чыгарылды. Илгери жумгалдык пенсия жашына жакындап калган бир аксакалды жаңылыштык менен аскерге чакыртса “Кайран Стакемдин (Иосиф Сталин) иши мага түшсө, чыны эле шайы ооп калган окшобойбу” деп түкшүмөлдөгөн экен.

Орусияда ыктыярчыларды аскерге үгүттөп, кызыктырган сайттардын саны арбын имиш айтымда. Ал эми Коргоо министрлигинин сайтындагы ваканттык орундарга чакырган кулактандыруулар да арбыптыр.

CABAR.asia агенттиги Борбордук Азиянын жарандары Украинадагы согушка көбүрөөк тартыла баштады деп эсептейт. Айрыкча мигранттарды зордоп келишим түздүрүү аркылуу согушка жибере баштады дейт агенттик. Интервьюларга таянып, мигранттар орус жараны болгону үчүн же жеңилдетилген шартта жарандык алуу үчүн аскерге айдалып жатышы ыктымал деп эсептейт.

Ошентип Борбордук Азия өлкөлөрүнүн, анын ичинен биздин мамлекеттин жарандары орус-украин согушуна катышууда. Тилекке каршы. Мыйзамга каршы. Биздин мүдөөгө каршы. Согушкан эки тараптын туусу астында согушка катышууда. Асты курман боло баштады. Бул кейиштүү факт, кооптуу жагдай, келечектеги татаал проблема. Жеке трагедия жана коомдук көйгөй.

Биринчиден, алардын ошол согуштагы укуктук статусу талаштуу, күмөн, тагдыры кооптуу. Анткени Орусиянын аскерий бийлиги Украина тарабында согушам деген чет өлкөлүк жарандарды “катуу ойлонгула, силер комбатант эмессиңер. Демек, жалданма согушкер катары жазалансыңар, аскер туткуну деген статус силерге жарашпайт, кокус аман калып, колго түшсөңөр абакка отургузабыз, бул бери жагы. Аябайбыз” деп эскертти. Эскертүүсүн дароо иш менен бекемдешти.

Аз күн мурда "Донецк Эл Республикасы" аталган жикчил аймактын жогорку соту британдык эки жаранды, Марокконун бир жаранын өлүм жазасына кести. Орус мыйзамдарына ылайык жалданма аскерлер 15 жыл эркинен ажыратылат. Ошол эле учурда, орусия тарап жалдаган жалданмаларга карата ошол эле мыйзам иштебейт экенин демонстрациялашты. Бир эле мыйзам жобосу эки башка мааниге ээ болушу ыктымал турбайбы көрсө.

Экинчиден, Эл аралык укуктун нормалары боюнча жалданма жоокерлердин укуктук статусу эки анжы. Согуштардын жана куралдуу жаңжалдарын юридикалык жагдайларын аныктаган Эл аралык гуманитардык укукка ылайык, “жалданма жоокер” кылмышкер болуп эсептелбейт. Бирок комбатант да эмес (комбатант согуштук аракеттерге ыктыярдуу катышкан, эл аралык укуктун алкагындагы аскер адамы). Демек, аскер туткуну статусу жалданма жоокерге келгенде иштебейт. Согушуп жаткан тараптардын кимисинин колуна түшсө, ошол жактын мыйзамына ылайык жазаланат, эл аралык коргоого алынбайт.

Ал эми Эл аралык коомдук укуктун жоболорунда жалданма жоокер катары согуштук аракеттерге катышуу кылмыш экендиги белгиленген. Согуш аракеттерине катышкан адамдарга карата анын кылган кылмышына жараша ырйымдуу мамиле зарылдыгын аныктаган Женева конвенциясы сыяктуу эл аралык документтер жалданма аскерге колдонулбайт. Ал – кылмышка айыптуу адам катары өз өлкөсүнүн же колго түшкөн мамлекеттин мыйзамдарына ылайык жазаланат.

Үчүнчүдөн, Борбор Азия өлкөлөрүнүн, анын ичинде Кыргызстандын мыйзамы өз жарандарына башка мамлекеттердеги согуштарга катышууга (эл аралык келишимдерге ылайык мамлекеттин чечими менен анын атынан катышкан учурлардан тышкары) тыюу салат жана жазаланат. Кыргыз мыйзамдарына ылайык, чет мамлекеттин аймагында куралдуу кагылыштарга жана аскердик аракеттерге катышкан кыргыз жарандары беш жылдан сегиз жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Демек, алар чет жердеги согушттук аракеттерге мыйзамсыз катышкан адам, тирүү болсо потенциалдуу кылмышка шектүү. Айрым чет мамлекеттердин жарандарына башка мамлекеттердеги согуштарга катышууга тыюу салган мыйзам жок.

А бирок жараныбыз кайтып келгенде анын ахыбалы не болот? Мамлекет анын согушка мыйзамсыз катышкандыгы үчүн жазалайбы же анын кай тарапта, кайсыл туунун алдында курал кармаганын эске алабы? Анда бир эле мыйзамды эки башка колдонуу прецеденти түзүлөт. Мыйзам мыйзам болуу күчүнөн ажырайт. Бул ички коомдук-саясий проблема. А каршылаш тараптар не дейт? Карабайсыңбы мунун кылганын, тигил тарапта ок атып жүрсө баатыр көрдү, биз тарапта жүргөнү үчүн жоопко тартылды. Демек бейтарапмын, калысмын, ниетим экөөңө тең ак дегени жалган тура, эки жүздүүлүгү үчүн айып тартсын деп коколосо канттик? Бул тышкы саясий проблема.

Төртүнчүдөн, орус лидери Путин чет өлкөлүк жарандарды "атайы аскерий операцияга" тартпайбыз деп расмий билдирген. Борбор Азия мамлекеттери Орусия тарапта Украина жергесинде согушуп, курман болгон жарандары үчүн кимдир бирөөгө жоопкерчиликти эскерткенге жарадыбы? Расмий бийликтегилердин орус бийлигине кайрылып, “коош, бул силердин атайын операция болсо, анда биздин жаран орус аскерлеринин арасында не кылып жүрөт, силер биздин жарандарды катыштырганга акыңар жок болчу, биздин мыйзамда тыюу салынганын билип туруп, биздин жаранды неге аскер операциясына курал карматып, урушка салдың, мына сөөгү келди, не кылганың бу, ыя” деп собол таштаганы бизге белгисиз.

“Мындан ары катыштырба, биздин жаран биздин гана иштерге катыша алат, биздин чектен тыш жердеги ар кандай куралдуу операцияга мамлекеттин чечими менен гана катыша алаарын эскертебиз, жоопкерчиликти эстен чыгарбагыла” деген мааниде билдирүү жасаганы угула элек. Балким дипломатиялык же башка жабык каналдар аркылуу камтамасын билдирип, эскертип жатса керек, анда ак чөп башта. Бирок коомчулукка андай аракеттер, билдирүүлөр, эскертүүлөр беймаалым.

Ошентип Борбор Азия өлкөлөрүнөн, анын ичинен Кыргызстандын жарандары орус-украин согушуна катышып, найза сунуп, кылыч шилтеп жүрүшү учурда реалдуу көйгөйгө айланууда, трагедияга алып келди. Укуктук жана саясий проблемаларды жаратты. Келечектеги көйгөйлөргө шарт түзүүдө. Бизден миңдеген чакырым алыстагы аймакта насили славян бир тууган эки элдин согушу биздин жарандардын да канына забын болду. Бөөдө курмандык дебеске чара жок. Бөлөк жерде, башка элдер ортосунда, бөтөн согушта, чоочун туу алдында жигиттерибиз окко учту, ажал тапты. Ата-журту жиберсе – ыйык милдет, мекен үчүн кармашта өлгөн – салтанат. Кокус адашып барып калса, анын жөнү башка. Согушканы аттанып барса, мунун жөнү такыр башка.

Алданганы, мажбурланганы, балким, кашайып акчага азгырылганы, муктаждыктын айынан аргасыз барганы, ишенимге жетеленгени, кыскасы кимиси болбосун эртеби-кечпи оор тагдырга тушугуп, жакындарын зарлатып, эл-журтун убайга салганы турат.

Не мурат? Кай максатты көздөдү? Кандай мүдөө? Кайсыл милдетти аркалады? Кимдин туусу астында урушуп жүрөт? Урааны эмне, умтулганы не? Неге барды, эмне тапты? Эмне кылуубуз керек? Бул татаал суроолорго дароо жооп табыш кыйын, биротоло, так кесе жооп бериш андан бетер оор.

Бирок баарыбыз санаага батып, терең ойлонууга, жооп издөөгө, жоопко жараша аракеттенүүгө тийишпиз. Ойлонбой койгондон маселе чечилбейт, биз көрмөксөнгө салган менен проблема өзүнөн өзү жоюлбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG