Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:11

Балдарды таяктап, тилдөө тарбия эмес...


Аскер Сакыбаева.
Аскер Сакыбаева.
Аскер Сакыбаева - журналист. Бир катар басылмаларда эмгектенген. Соңку кезде эркин медиалар менен кызматташып келет.

  • Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт!

Жакында белгилүү ишкер, меценат Эмил Үмөталиевдин бир интервьюсун көрдүм. Ошондо анын балдар тууралуу айткан пикири мен үчүн ачылыш болду. “Баланы кабыл алуу, түшүнүү, колдоо, кубаттоо зарыл. Тарбия деген түшүнүктүн ордуна ушул түшүнүктөрдү колдонууга убакыт жетти. Кандай маселе болбосун, чоңдор бала тарапта болгонду билсек, балдар бизге ишенет, жакшы жолго түшөт”.

Ушул пикир мени чындап ойлонтту. Чын эле, азыр үйдө, мектепте, көчөдө балдарга байланыштуу ызы-чуулардын баары эмнеден чыгып жатат? Баары балдар менен чоңдордун ортосундагы ишенимдин жоктугунан, ата-энелер өз көйгөйлөрүн мектепке, мугалимдерге артып салгандыктан чыгып жатпайбы. Тарбия деген сөздү канчалык катуу кыйкырып айткан менен андан балдар тарбиялуу болуп кеткенин көрө элекпиз.

Дегеле бизде түшүнүү, кабыл алуу деген нерсе жокко эсе экендигине көз жетип баратат. Себеби бардык нерсеге кескин чечим чыгарып, жакшы же жаманга бөлүп салганга гана көнүп калганбыз. Муну жакында эле болуп өткөн мугалим менен окуучунун социалдык тармактарга тарап кеткен кармашынан көрсөк болот. Коомчулук дароо окуучу менен мугалимдин жактоочусуна айланып, эки жаатка бөлүндү, башкача пикир айткандар эмнегедир байкалбады.

Биздин коомдо балага тарбия берүү десе жалаң алдоону, мажбурлоону, тыюуну анан ур-токмокту гана түшүнгөндөр арбын экендигин көп көрүп жатабыз. Баланы уга билүү, ал сүйлөп жатканда гана эмес, баскан-турганынан, маанайынан, үнүнөн, тамак ичкенинен анын абалын туя билүү жокко эсе. Ал эми балдар менен сүйлөшүү десе эле курсактын токтугун, кийими бүтүн экендигин билүү, анан калса антпе-минтпе деген чектөөлөр менен гана сөз бүтөрүнө бөркүмдөй ишенем.

Психологдордун белгилөөсү боюнча, бала менен күнүгө курсактын токтугу менен башка кем-карчын билүүдөн башка да жарым сааттан кем эмес баланы ойго салган нерселер тууралуу кеңири сүйлөшө билүү абдан маанилүү. Мындай сукбатташуу үчүн ата-эне менен баланын ортосунда ынак мамиле, ишеним бекем болушу шарт.

Азыркы балдарды түшүнүү, колдоо, кубаттоо тууралуу ойлонуп жатып, өз балалыгың менен салыштырган учурлар болот экен. Ар бир адамдын балалыгында болгон окуялар кийинки өмүр жолуна да таасир тийгизерине азыр көз жетип жатат. Балалык кезди эстегенде, курсактын токтугу менен кийимдин бүтүн экендиги биз үчүн биринчи орунда эле. Эстен кеткис айтарлык жакшы үлгү, жасалган иш деле такыр эсте жок. Ошондон уламбы, айрым терс окуялар өмүр өткүчө коштоп жүрөт окшобойбу.

Орто жашка келип, балдарымдын алды 25 жашка чыгып калса да, балалуу болуу, эрезеге жеткирүү, туура багыт берүү боюнча билгеним абдан аз, көп нерседен дагы эле артта калганымды азыр түшүнүп келе жатам. Ушул жашка келсем да бала кезде туш болгон окуялар мени кое бербей келет. Тилекке каршы, алар жакшы окуялар эмес. Эң эле жүрөктөн кетпей калганы – жети жаштагы кезимде атамдын мени башка катуу чапканы...

Үйдүн ички эшиктерин агыш көк сыр менен жаңы эле сырдап бүтүшкөн атам менен апам сүйлөшүп турганда, мен сырттан кирип келгем. Сырды байкабай, колум менен эшикти кармадым эле, колум сырга жабышып, эшикке колумдун тагы түшүп калды. Атам дароо жинденип мени чоң колу менен башка катуу чапты. Кулап түштүм, такыр үн чыгарганым жок. Атам жаңы сырдаган эшикке так салганымды айтып, катуу тилдеп жатты. Апам мага болушмак түгүл, унчукпай ишин жасай берди. Азыр ойлоп көрсөм, бала кезде мени колдогон, мен тараптык болгон жакын адамдар болбоптур. Эчен жыл өтсө деле ушул ички өксүктү, өзүмдүн ошол кездеги абалымды такыр унута албай келем.

Кийин өзүм балалуу болгондо аларга туура мамиле жасап, көңүлүн калтырбаганга абдан аракет кылып келдим. Бирок көңүл калып, таарынган учурлар бар экен. Улуу кызым чет өлкөдө студент, магистратуранын биринчи курсун аяктап жатат. Кыштын узун түндөрүнүн биринде алыстагы кызым мага жекече кат жазыптыр, ичи толо таарыныч, нааразылык... Окуп алып аябай жаман болдум, өз бөлмөмдө көмкөрөмөн түшүп бүлкүлдөп, бир топко ыйладым. Катты кайра-кайра окуп, көзүмдөн жаш токтобой жатты... Себеби кызымдын жазгандарынын баары чындык эле. Көрсө, чоңдор убагында маани бербеген нерселер балдардын жүрөгүнөн кетпей калат экен. Ошол түнү кызым экөөбүз таң аппак аткыча кат жазыштык, мен бир кезде туура эмес жасаган мамилем, билбестигим, жасабай койгон иштер үчүн кызымдан аябай кечирим сурадым.

Кызым болсо көптөн бери жүрөгүн өйүп жүргөн өксүктөрүн ачык айтып, жеңилденип калганын айтты. Дегеле ата-эне менен баланын ортосунда кандайдыр нааразылык, түшүнбөстүк болсо, мейли жаш кезде, мейли карып калган кезде болсо да бири-бирине ачык айтып, жеңилденип алган жакшы болот тура. Кызым экөөбүз бири-бирибизге айтышып жеңилденип алдык, бирок өзүмдүн ата-энеме айткым келген нерселер айтылбай кала берди...

Ошон үчүн убагында баланы түшүнүү, колдоп коюу абдан чоң иш болоруна эми гана көзүм жетип жатат. Жакшы же жаман иш кылганына баа берүүдөн мурда, адегенде бала тарапта болуп ага түшүнүүгө аракет кылганда гана коомдо агрессия азаят беле...

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG